Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:13

Парижде коопсуздук маселеси боюнча эл аралык конференция ачылды. Ага европалык жана борборазиялык өлкөлөрдүн, ошондой эле Россиянын, Кытайдын жана Япониянын өкүлдөрү катышууда. Форумга Ооганстан байкоочу катары чакырылды.

Париждеги жыйынды ырасмий түрдө Евросоюз менен Борборазиянын коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтык форуму деп аташты. Мындай жыйын биринчи ирет өткөрүлүп жатат. Анын күн тартибинде терроризмге, маң заттары менен адам соодасына каршы күрөш, энергетикалык жана экологиялык коопсуздук маселелери киргизилген.

Еврокомиссиянын тышкы мамилелер боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер келтирген маалыматтарга ылайык, Ооганстанда өндүрүлгөн героиндин бештен бир бөлүгү Борборазия аркылуу Европага ташылат. Ооган апийими региондогу өлкөлөр үчүн да социалдык чоң проблемага айланды. Жыйындын катышуучулары муну биргелешип чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Евросоюз энергетика тармагында Борборазия өлкөлөрү менен кызматташууну өз саясатынын башкы багыты деп эсептейт. Ушул аңытта региондогу мунай жана газ ресурстарын Европага “түштүк корридору” деп аталган куурлар аркылуу ташып чыгууну көздөйт жана бул максатта ноябрда Бакуда боло турган саммитте Транскавказ багытындагы долбоорлордун курулушуна жаңы дем берүүгө үмүт кылууда.

Коопсуздук чөйрөсүндөгү проблемалардан,асыресе,терроризмге каршы күрөш алдыңкы планда аталды. Европалык чиновниктер экстремизмдин түпкү башатын барып-келип эле региондогу жакырчылыктан көрүшөт. Ошону менен бирге аны репрессивдүү саясат да шарттап жатат деп эсептешет. Ферреро-Валднер айым, мисалы, ушул эки жагдайды өзгөчө бөлүп көрсөтүп, жакырчылыкты жоюуну жана адам укуктарын сактоону,демократиялык процесстерди өркүндөтүүнү Борборазия менен Евросоюздун кызматташтыгындагы чечүүчү элемент деп атады.

Еврокомиссардын бул оюн бышыктагандай форум ачылар күнү Парижде жыйырмадай активист-демонстрант Түркмөнстандын элчилигине кирип келишип, жыйынга катышканы келген түркмөн тышкы иштер министри менен жолуктурууну талап кылышты. Акцияны “Чек арасыз кабарчылар” уюму уюштурду. Укук коргоочулар Евросоюзду борборазиялык өлкөлөрдөгү адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы тууралуу форумда атайын сөз кылууга чакырышты. Өзгөчө Түркмөнстан менен Өзбекстанда басма сөздүн иши абдан чектелгендигине алар жыйындын көңүлүн бурганга аракет кылышты.

“Азыр Түркмөнстанда бир да эркин басма сөз жок,- деп айтты уюмдун өкүлү Элза Видал.- Ушу тушта укук коргоочу активисттер Түркмөнстан менен Өзбекстанда түрмөлөрдө көз жумуп жатышат. Ошондуктан биз өзбек жана түркмөн өкүлдөрүнө эгер алар демократияга умтулгусу келсе,анын үзүрүн көргүсү келсе, анда алар өздөрүнүн саясатын өзгөртүп, азыркыдан башкача жолду тандап алуугу тийиш экенин Евросоюз түшүндүрүп коюшун каалайбыз”.
XS
SM
MD
LG