Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

АКШнын турак жай секторундагы кризис глобалдуу финансылык системаны дүрбөлөңгө салды. Пирамида схемасынын кыйрашына буга чейин 1990-жылдары Россия менен Албанияда күбө болдук эле.

Пирамиданын жаралышын карап көрсөк. Көп эле жолу гезиттерден ири киреше алууну каалагандар үчүн жарнамаларды окуса болот. Андай бизнеске инвестиция салууга үгүттөлгөнү менен, иш жүзүндө эч кандай бизнес жок. Бирок силер ал жөнүндө билбейсиңер жана акча саласыңар. Анан бул иштин эң жагымдуу мүнөтү келет – бизнестин ээси силерге акчаңардан тышкары үстөгүн да жиберет. Силер болсо жакындарыңарга кирешелүү инвестиция жөнүндө айтып берип, аларды да көндүрө баштайсыңар. Алар өз кезегинде убада кылынган киреше алгандан кийин бул кабарды айланасындагыларга таратып, бизнеске тартылган адамдардын саны өскөндөн өсө берет.

Анан бир күнү пирамида кыйрайт...

Адатта бул оюндагылардын көбү бардык инвестицияларынан куру жалак калат. Пирамиданын башатында тургандар гана акча жасай алышат.

АКШдагы турак жай кризисин жөнөкөйлөштүрүп ушундай жол менен түшүндүрсө болот. Бир гана айырма – ал жерде реалдуу бизнес, кыймылсыз мүлк бизнеси кыйроого учурады.

7 жылдай илгери америкалыктар жабыла жаңы үйлөрдү сатып ала башташкан. Кийин ошол турак жайлар сатылып, бул бизнес киреше алуунун жакшы жолуна айланган. Ал кезде америкалыктардын акча салуунун эң жакшы көргөн жери - фондулук биржалардын абалы начар болчу.

Анын үстүнө кредит алуу оңой болуп калган. Кээде жаңы үйдүн баасынын 5 же 10 проценти гана төлөнчү. Атүгүл 100 проценттик ипотека алуу да көпчүлүк учурда кыйын эмес эле.

Ошентип, үй сатып алгандардын саны көбөйгөн сайын турак жай рыногундагы баалар өсө баштады.

Бир мезгилде сатыкка коюлган үйлөрдүн бардыгына кардарлар табылбай калды. Башкача айтканда сунуш талаптан ашып кетти. Андан кийинки баалардын арзандашы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Натыйжада киреше алабыз деп үмүтөнгөн элдин көбү карызга батып отуруп калды.

Эмне үчүн элдин көбү акча табуунун дал ушундай ыкмасына кызыкты? Себептердин бири катары адистер банктардын ишмердүүлүгүн аташат. Алар кээде кирешеси төмөн адамдарга да билип туруп эле турак жай алууга жардамдашып келишкен.

Банктар өздөрү да пирамида схемасына кириптер болуп калган. Үй сатып алууга ссуда берген банк ипотекалык кредитти башка банкка сатып, киреше табат. Анан ошол банк аны башка банкка сата алат. Ошентип, туташ реакция пайда болот.

Ал эми рынок кулаганда кредитке ээлик кылган акыркы банк жапа чегет. АКШнын турак жай рыногундагы операцияларга чет өлкөлүк банктар да тартылган. Андыктан ал жердеги окуялар азыр дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү адамдарды да кызыктырбай койбойт.

Кыскасы, Америкадагы ипотекалык кризис биз сүрөттөгөндөн алда канча татаал.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG