Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

10:53 Кыргызстанда эпизоотиялык кырдаал кескин курчуп баратат


Өкмөт проблеманын курчуп баратканын аныктап, 23-сентябрга атайын жыйын өткөрүүнү чечти. Маалыматка караганда, быйылкы жылдын сентябрь айына карай күйдүргү дарты адамга жуккан (сибирь жарасы) 42 учур катталды. Эпизоотиялык кырдаалдын курчушу боюнча чукул жыйын вице-премьер-министр Элмира Ибраимованын жетекчилиги астында өтмөкчү. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG