Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

11:58 Кыргызстан аркылуу жыл сайын 5 тоннанын тегерегинде баңгизат өтөт


Бул тууралуу баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин башчысы Болотбек Ногойбаев билдирди. Ал ошондой эле агенттикти Ош, Баткенге которуу туура эмес болоорун, анткени баңгизаттарын ташыгандар менен ага каршы күрөшкөндөр өң тааныш болуп кетип жатканын белгиледи. Депутат Исхак Масалиев Кыргызстан аркылуу 5 тонна баңгизат өтөрү тууралуу маалымат азайтылган маалымат экенин белгиледи. Депутаттын баасы боюнча 5 тонна баңгизаттын баасы 45-50 миллион доллар келет. Мына ушундай талкуулар соңунда Жогорку Кеңеш Азербайжан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан ортосунда баңгизаттарын мыйзамсыз соодалоого каршы күрөшүү боюнча Борбор Азия регионалдык координациялык борбор түзүү боюнча келишимди ратификациялады.(AiT)

XS
SM
MD
LG