Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

15:17 Эднан Карабаев Европа мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугушту


Парижде болгон “Европа Биримдиги-Борбор Азия: коопсуздук маселелери” аттуу форумдун алкагында Кыргызстан тышкы иштер министри 18-сентябрда Венгриянын тышкы иштер министри К.Генц айым, Грекиянын тышкы иштер министри Д.Бакояннис, Улуубританиянын Европа иштери боюнча министри Д.Мерфи, Түркиянын тышкы иштер министри А.Бабажан, Туркмөнстан тышкы иштер министри Р.Мередов менен жолугушту. Бул жолугушууларда эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү маселеси талкууланды. Венгрия тышкы иштер министри менен жолугушууда жогорку деңгээлде визиттерди уюштуруу, соода-экономикалык кызматташууларды өнүктүрүү маселеси көтөрүлгөн. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG