Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

О.МОЛДАЛИЕВ: БОРБОР АЗИЯДА ӨЗӨКТҮК КУРАЛ ЖАСООЧУ ЧИЙКИ ЗАТТАР БАР


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кечээ (18-сентябрда) Парижде Европа биримдиги - Борбор Азия форуму өттү. Анда эки региондун коопсуздук тармагындагы кызматташтыгы талкууланып күн тартибине терроризм, ядролук куралды жайылтпоо, аткезчилик, энергия жана экологиялык коопсуздук маселеси киргизилген. “Азаттыктын” түз маегинде саясат таануучу Орозбек Молдалиев форумда каралган маселелер Борбор Азия чөлкөмү үчүн канчалык деңгээлде курч экендиги тууралуу сөз куруп берди.

- Орозбек мырза, Чындыгында Борбор Азия чөлкөмүндө өзөктүк куралдын жайылып кетүү коркунучуу барбы?

- Кооптонууга негиз бар, биздин мамлекеттердин ядролук куралы жок болгону менен, чийки зат базасы бизде, Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда бар. Биздин Кара-Балтанын метоллургиялык комбинаты ошонун баарын мурда Союз убагында кайра иштетип турган. Алардын (чийки зат – авт.) бардыгы тең көзөмөл менен алынат, көзөмөл менен иштетилет, көпчүлүгү Батыш мамлекеттерине, Америка сатып алып кетет, Кытай алганга аракет кылып жүрөт.

Бул жерде маселенин башка жагы - ошолордун ичинен контрабандалык жол менен уурдалып кеткен фактылар бар. Ошол коркунуч жөнүндө сөз болуп атат. Ал эми ядролук курал уурдалат экен деген жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Анткени, алардын кайтаруусу өтө күчтүү болот, бул өнөй аркылуу уурадала турган нерсе эмес, сөз ошол жөнүндө болуп атат. Экинчи жакгынан, Казакстандын Борбордук Азияны ядролук эмес зонага айлантабыз деген инициативасы бар. Аны региондогу мамлекеттер колдоого алган. Бирок башка кээ бир мамлекеттер тарабынан колдоого алынбай ошол келишим күчүнө кирбей турат. Ошол маселе жөнүндө дагы болуп атат бул жерде сөз.

- Борбор Азия форумунда Ооганстандан баңги заттар КМШга мүчө мамлекеттер аркылуу алынып өтүп жатканы, маң заттар бул аймакка коркунуч алып келээри да айтылыптыр. Ал эми АКШ жана Европа өлкөлөрү Ооганстанда апийим өндүрүүнү токтотууга каршы кандай аракеттерди көрүп жатат?

- Бул жерде Ооганстандагы опийимдин өндүрүшүн токтотуу боюнча бир топ сунуштар иштелип чыккан. Анын ичинде ООНдун программасы - химиялык жол менен айдоолорду жоготуу боюнча бар болчу. Муну адистер изилдеп көргөндө, бул экологияга зыяны чоң келет дагы, аны азыр токтотуп коюшкан. Экинчи жагынан, маселенин экономикалык жагы бар. Ооганстандагы элдин 40 пайыздан ашыгы өтө жарды, жумушсуз. Баңгизат менен эптеп оокат кылган калктын бөлүктөрү бар. Бул азыр болуп көрбөгөндөй күчөп кетти.

Дүйнөлүк өндүрүштүн 93 пайызын Ооганстан берип калды, мурда 2003-жылы 75 эле пайыз болчу. Ушуга байланыштуу мунун күчөп кеткен себеби коалициялык күчтөрдүн дагы жардамы тийип атат деген сөздөр бар. Пиар акциялары болгону менен мындай фактылар болушу дагы мүмкүн. Бирок кармалган фактылар жөнүндө биз маалымат алган жокпуз.

- Форумда исламчыл террорчулук маселеси да көтөрүлүптүр, экстремисттик уюмдардын Борбор Азия чөлкөмүнө кенен жайылып кетүү коркунучу барбы?

- Мындай коркунуч бар. Бизде экстремисттик уюмдар эмес террористтик уюмдардын деле региондун өзүнөн пайда болгон шарттары бар болуп атпайбы. Экономикалык кыйынчылыктарга, жумушсуздуктарга байланыштуу, адамдардын укугун кысымга алган фактылары боюнча мындай мүмкүнчүлүктөр бар. Ошон үчүн мунун алдын алып, чара көрүп иштебесе, бул чындыгында эле регионго коркунучтуу нерсе.

Анын үстүнө бул идеологияны таратканга мүмкүнчүлүктөрдү каржылаган уюмдар дагы бар. Ошонун ичинде эле Пакистанда дагы, Ооганстандын өзүндө дагы жана башка чыгыш мамлекеттеринде муну каржылап турган уюмдар бар.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG