Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

16:58 Алма-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин энергетика министрлеринин сүйлөшүүсү өтүүдө


Бул тууралуу Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков бүгүн “Азаттыкка” билдирдин. Анын айтымында, бүгүн сүйлөшүүлөр кечке улантылат. Ошондуктан натыйжа тууралуу маалымат ишемби күнү болушу күтүлүүдө. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан министрлери Алма-Ата шаарына чогулуп, кыш мезгилинде региондун энергетикалык системасын биргелешип пайдалануу маселесин талкуулашууда. Өткөн жумада болгон жолугушууда Өзбекстандын Нарын-Сыр-Дарыяга улуттар аралык дарыя статусун берүү талабына байланыштуу протоколго кол коюлбай калган. Кыргызстан Нарын-Сыр-Дарыяга андай статус берүү тышкы иштер министрлиги аркылуу талкууланыш керектигин билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG