Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

18:35 Өзбекстанда кыргызстандык эки жарандан курал-жарактар табылган


Алар Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын тартип сакчылары бирге жүргүзгөн иш-чарада кармалган. Учурда Анжияндагы абакта жаткан бул адамдардан автомат менен граната табылган. Бири мурда төрт жолу соттолгон, Орусиянын спорт чебери. Эми аларга Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык жооп берүүгө туура келет. Ички иштер башкармасынан алынган маалыматтар боюнча Кочкор-Ата шаарында болгон массалык мушташка катышкан бул кишилер Өзбекстанга качып өтүп, жашырынган. Коскор-Атада мурда кармалган алардын сегиз шериги Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоо жайларында жатышат. Буларга беш окуя боюнча кылмыш иши козголгон. 12-сентябрда түн ортосунда эки тарап мушташканда бир адам октон жеңил жараат алган. Коомчулук алтымышка учкул адамдар шаарга бир улуттун үстөмдүгүн көрсөтүү максатында бир нече ирээт жаңжал чыгарганын белгилөөдө. (YA)

XS
SM
MD
LG