Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:56

18:45 Баткен: шаар базарын көчүрүүдө сатуучулар менен жергиликтүү жетекчилер келише алган жок


Баткен шаарындагы борбордук базарды шаардан тышкары орун алган Туураташ аймагына көчүрүүдө сатуучулар менен жергилитүү бийлик өкүлдөрү ортосунда пикир келишпестик келип чыкты. Бүгүн Баткен борбордук базарында соода кылган жүздөн ашуун сатуучулар, базарды көчүрүү боюнча коммиссиясынын ишине тоскоолдук кылышып, башка базарга көчпөй тургандыктарын билдиришти. Сатуучулардын пикиринде, жаңы базар шаардан алыс орун алып, шарты да жок. Ал эми нараазы болгондор менен жолугушууга келген Баткен районунун акими Дастан Ходжаев борбордук базар болгону бир айга оңдоп түзөөгө жабылганын айтып, жаңы базарда шарттарды түзүү боюнча учурда Баткен шаар башкармалыгы иштеп жатканын ачыктады. (SA)

XS
SM
MD
LG