Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

АКШ бийлиги каржы рыногун тынчытуу аракеттери көрүлүп жатат деп ишендирди


Бүгүн Азиянын фондулук биржаларындагы индекстер өскөнү кабарланууда. Мунайдын бир баррели эртең менен 98 долларга бааланды, доллардын наркы да көтөрүлдү.
Кечээ кечинде АКШнын каржы министри Генри Полсон карызга баткан банктарды куткаруу жолдорун мыйзам түрүндө бекитүүнүн үстүнөн иштеп жатканын билдирген. Мыйзамды иштеп чыгууга Конгресстин лидерлери да тартылган. Алардын сунуштары мыйзам чыгаруучулар тарабынан жакында карала башташы мүмкүн.
Өкмөттүн чукул чаралары жөнүндө белгилүү болгондон кийин АКШнын негизги биржалык көрсөткүчү – Доу Джонс индекси 4 пайызга өстү.

XS
SM
MD
LG