Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:02

Орусия менен Борбордук Азиянын Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген төрт өлкөсүндө уюмдун алкагында аскердик бирикме түзүп, аларды аймакта жайгаштыруу планы бар. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкатчысы Николай Бордюжа жакында мына ушундай маанидеги жарыя жасаган эле. Байкоочулардын көбү мындай аракетти НАТОнун ыктымал кеңейүүсүнө жана АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Борбордук Европада жайгаштыруу чечимине Орусиянын жообу ирээтинде карашууда.

Жамааттык Коопсуздук келишими уюмунун Башкатчысы Николай Бордюжанын айтымында, уюм биргелешкен аскердик топ түзүүнү көбүнесе Ооганстандагы кырдаал курчуп бара жатканынан улам пландоодо.

Ошондой эле Бордюжа биргелешкен бул аскердик топ, уюмга мүчө өлкөлөрдүн "эгемендигине (суверенитетине) карата кандай коркунучтар жаралбасын", аларга жооп берүүгө даяр турушу керек деп да белгиледи.

Маалыматтарга караганда, биргелешкен бирикмедеги жоокерлердин саны план боюнча 11 миң кишиге чейин жетиши керек.

Жамааттык Коопсуздук келишими уюмунун маалымат катчысы Виталий Стругавец болсо Орусия менен Борбор Азиянын уюмга мүчө төрт өлкөсү (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан) бул маселени макулдашып койгонун ырастады:


- Борбордук Азия чөлкөмүнүн бирдиктүү аскердик бирикмесин түзүү пландаштырылууда. Бул топ Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Чыгыш Европа чөлкөмүндө буга чейин эле түзүлгөн Орусия менен Беларустун биргелешкен күчтөрү, Кавказ чөлкөмүндөгү Орусия – Армения күчтөрү сыяктуу болот.

Көпчүлүк байкоочулар Жамааттык Коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн түштүк чек арасына канатташ жаткан Ооганстанда коопсуздук кырдаалы начарлап кетти деген ырастоолорго кошулат.

Бирок уюмдун башкатчысы Николай Бордюжанын жарыясынан соң ушул аптада "Азаттык жана Эркин Европа" үналгысы менен ой бөлүшкөн адистер Москванын Борбордук Азияда биргелешкен аскердик бирикме түзүүгө аракеттенүүсүн анын батыш чек араларындагы окуяларга, Грузия менен Украинанын НАТОго кирүү ниети боюнча талкуулар күчөгөнүнө, АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдуулары Польша менен Чехияда жайгаштырыларына карата жасаган мамилеси ирээтинде баалашты.

Казакстандык саясат таануучу Андрей Чеботырев мындай дейт:

- Ооганстанда бейстабилдүүлүк фактору сакталып жатканын жана кокус АКШ менен Ирандын ортосунда согуш чыгып кетсе, Борбордук Азиянын чек арасында туруксуздук коркунучу бар экенин эске алганда, ЖККУнун алкагында аскердик блок түзүү боюнча мурда эле сунуш кылынган идея актуалдуу. Бирок азыр бул - Орусия менен Грузиянын жакындагы жаңжалынан улам коньюктуралуу көрүнүп жатканы башка маселе. Орусия Грузия менен жаңжал жана ЖККУнун алкагындагы демилге эки башка жагдайлар экенин далилдөөгө умтулуп жатканына карабай, Орусия бул жараянды Грузия менен жаңжалдын контекстинде активдештиргенин көрүүгө болот.

Москванын Тбилиси менен жакындагы аскердик жаңжалынан улам Батыш Грузия менен Украинанын НАТОго ыктымал мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырганы белгилүү.

Орусия болсо НАТОнун өз чек арасын көздөй жакындоосуна ар убак каршы болуп келет.

Орусия – Грузия кризиси ортолоп калган кезде, АКШ өткөн айда Польша, ага чейин Чех республикасы менен алардын аймагына ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын жайгаштыруу боюнча макулдашууга кол койгон эле.

Москва Вашингтондун мындай аракеттерин сынга алган.

Биргелешкен аскердик бирикме түзүлөрү жөнүндө жарыялап жатып, ЖККУнун башкатчысы Николай Бордюжа ушул маселеге да токтолгон.

Ал белгилегендей, Жамааттык Коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн баары аскердик жабдуулар, "абадан коргонуу системасы өңдүү олуттуу структуралар алардын айланасында курулуусунан" улам тынчсызданат.

Борбордук Азия өлкөлөрүнөн биргелешкен аскердик бирикме түзүүгө макулдук болгон шартта деле, аны каржылоо жоопкерчилигинин көбүн Орусия өзүнө алчудай.

Анткени Казакстан менен Өзбекстанды мындай койгон күндө да, Кыргызстан менен Тажикстанда өлкөлөр аралык түгүл, өздүк армияны каржылоо жагынан олуттуу көйгөйлөр бар экени жашыруун эмес.

Британиядагы «Жейнс» маалымат борборунун Евразия боюнча редактору Метью Клеменцтин көз карашында, биргелешкен армияга кошулууда Борбор Азия өлкөлөрү, тескерисинче, кандайдыр бир стимулдарды күтсө керек:

- Бул Орусия тарабынан башкарылат, биринчи кезек орусиялык аскердик бөлүктөр, орусиялык жабдуулар болот. Бирок ага катар ошол өлкөлөрдүн чегинде Орусияга аскер күчтөр машыктыруу жана жабдуу боюнча иштерди алга жылдырууга мүмкүндүк бермек. Бул, айрыкча аскер күчтөрүнө инвестиция көбөйүүсү, - аймактагы өлкөлөр кубаттоочу нерселер,.

Эгер Борбордук Азия менен биргелешкен аскердик топ иш жүзүндө түзүлүп калса, анда чыгымдын көбүн Орусия өзү көтөрүүгө аргасыз экенин казакстандык саясат таануучу Андрей Чеботырев да айтат:

- Себеби Орусия Борбордук Азия өлкөлөрү салыштырмалуу андан көп каражат бере албасын түшүнөт. Менимче, чыгымдардын көбүн Орусия өзүнө алат.

Жакынкы эле тарых көрсөткөндөй, бир бөлүгү Ооганстандагы НАТО күчтөрүнөн бир нече чакырым гана түндүк жакта жайгаштырылуучу чөлкөмдүк аскердик бирикме түзүү жаатындагы Орусиянын аракеттери жүзөгө ашырылбай калуусу да мүмкүн.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысы Николай Бордюжа Орусия жана Борбордук Азиянын төрт өлкөсү катышкан аскердик бирикме түзүлөөрү жөнүндө 2005-жылы да жарыялаган. Бирок андагы долбоор кагаз жүзүндө кала берген.

Дегеле, аскердик чөйрөдө кызматташтык жаатында АКШ жана Батыш менен тыгыз алакасы бар Борбордук Азия өлкөлөрү Орусия менен болочокто бул тармакта кандай деңгээлде кызматташаары азырынча анык эмес.

(Сүрөттө - ЖККУ Башкатчысы Николай Бордюжа).
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG