Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Өтүп бараткан аптада оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылынын коомдук парламенти кезектеги жыйынына чогулуп, азыркы мамлекеттик системаны алмаштыруу үчүн Бириккен атуулдук кыймыл түзүү максатын алдыга койду. Оппозиция өз пландарын ноябрда өтүүчү курултайда бышыктоону макулдашты. Ошол эле мезгилде коомдук-саясий чөйрөдө оппозициянын бир күч катары чыгууга кудурети жок деп санап, ага өз негиздерин келтиргендер да бар.

“Акыйкат үчүн” кыймылы мурдагы аптада Социал-демократтар партиясы менен чогуу иш алып барарын, калган күчтөр менен кеңейтилген уюм түзүлүп жаткандыгын жарыялаган.

Өтүп бараткан аптадагы коомдук парламент отурумуна өздөрүн оппозицияда санап, өз алдынча аракеттенген СДП, “Бириккен Кыргызстан”, “Демократиялык бирдиктүү союз” өңдүү саясий күчтөрдүн бирден-экиден өкүлдөрү катышты.

Булардын катарында мурда президенттин саясатын ачык колдогон Топчубек Тургуналиев, бейтарап көз карашты тутунган Алманбет Матубраимов да “Акыйкат үчүн” кыймылына тилектеш катары жыйынга келишти.

Мындай көрүнүштү кийинчерээк оппозициялык лидерлер биригүү кадамдары катары баалашты.

Коомдук парламенттин отурумунда өлкөнүн саясий-социалдык абалына, сөз эркиндигине баа берилип, жети бөлүмдөн турган резолюция кабыл алынды.

Жыйындагы негизги чечимдердин бири – Бириккен атуулдук кыймыл түзүү болду.

Жыйын өзгөрүүнүн революциялык жолун колдобогон Коопсуздук кеңешинин кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов сунуштаган “Өнүгүү концепциясынын” долбоорун жактырды.


Оппозициячыл саясатчылар коомдук парламентте мамлекет азыр кургуйга түшүп, системалык кризиске кептелип калды жана андан чыгууга кудуретсиз дешти.

Азыркы бийлик үй-бүлөлүк, коррупциялык башкаруунун туткунунда калды, саясий куугунтук, басма сөзгө кысым күчөдү деп, мындан башкаруу системасын өзгөртүү аркылуу гана кутулууга болорун айтышты.

Бирок, системаны өзгөртүү кайсы жол аркылуу ишке ашары ачыкталган жок.

Конституциянын ыгынан чыкпай тургандыгын бир топ саясатчылар белгилешкени менен, акыркы чечимди ноябрга белгиленген элдик курултай чыгарчудай.

Коомдук парламентте талкууга чыккан оппозициялык лидерлердин бири, “Ата мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев жыйында “жеңген баарын алат” деген саясатты, парламенттеги монополияны жоготууну, анын ордуна ит жыгылыш теңата саясат орнотууну сунуш кылды:

- Оппозиция менен бийлик ортосунда баланс түзүшүбуз керек. Конституциялык кепилдик беришибиз керек. Мына парламенттик азчылыктын өкүлү Өмүркулов келди, булар эч нерсе чечпейт. Жоопкерчиликти моюнга алдык деп “Ак жол” БШКны да, Эсептөө комиссиясын дагы, өкмөттү дагы – баарын өздөрү дайындап атат. Өздөрүн өздөрү текшерет, пландарын бекитет, өздөрү аткарат.

Мындай системадан кутулуунун жолун биригүүдөн көргөндөрдүн бири - “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев. Ал саясий күчтөр эң биринчи кезекте элдин алдындагы жоопкерчиликти өзүнө алышы керек деди:

- Акыркы учурда бийлик элдин ички рухун түшүрүп, күч органдарын колдонуп, уруп-тоноп, коркутуп, камоо жолуна өтүп алды. Мен муну саясий тайкылык деп эсептейм жана мындай мамлекеттик саясаттын келечеги жок.

Мындай көз карашы менен Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрага орун басары Иса Өмүркулов да бөлүштү:

- Мындан ары ушинтип улана берсе, сиздер менен бизде келечек жок. Азыр бизди башкарып аткан өкмөт караманча алсыз. Сабатсыз жетекчилер чогулган. Министрликтерди карасаңар - кимдер башкарып атат? Ошондуктан, биз бир нерсе жасагыбыз келсе биздин мамлекетти башкаруу системасын алмаштыруу үчүн коомдогу бардык күчтөрдү бириктиришибиз керек.

“Эркиндик” партиясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси Топчубек Тургуналиев оппозицияны биригүүнүн санына эмес, сапатына көңүл бурууга чакырды:

- Оппозициянын эң мыктыларын, сатып кетпей тургандарын, соодалашпай тургандарын бириктирүү керек деп эсептейм. Бардык саясий күчтөрдү бириктирүү мүмкүн эмес. Кереги да жок. “Каражолчулар”- “ак жолчулардын”, “Сенин өлкөң” - “Менин өлкөм” дегендери келем десе да, жолотпош керек бул бирикмеге. Себеби алар сатып кетет. Иритет. Чиритет. Булгайт.

Кандай болгон учурда деле азырынча СДПдан башка тышкаркы саясий күчтөр жаңы кыймыл менен кызматташуу чечимин жарыялаша элек.

Өзүн конструктивдүү оппозицияда санаган Коммунисттер партиясына кызматташуу тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынан сунуш түшкөн жок. Бул тууралуу партия лидери Искак Масалиев билдирди.

Кыймыл болсо Коммунисттер, “Ар намыс” сыяктуу партияларды бийликке жан тарткан күчтөр катары эсептейт.

Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылы менен коалицияга барат деп болжолдонуп жаткан “Бириккен Кыргызстан” кыймылы коомдук парламенттин жыйынынан эки күндөн кийин уюштурган өз отурумунда бул маселеге өзгөчө маани берген жок.

Темир Сариев болсо кыймылдын жыйынында жаңычылдыкка умтулууга караганда, Акаев заманын эңсөө маанайы басымдуулук кылды деп билдирди.

Анткен менен оппозициянын мамлекеттик башкаруу системасын алмаштыруу урааны алдында биригүү демилгесин ишке ашыруу аракеттери уланып, сунуштардын аягы сууган жери жок.

“Акыйкат үчүн” кыймылына тилектеш болуп жаткан саясатчы Алманбет Матубраимов коомдук парламентке мындай сунуш берди:

- Коомду өзгөртүү үчүн уюштуруу маселелерин тез арада чечишибиз керек. Аз эле адам менен туугандар. Күйүп-бышпайлы, иштеп чыгып сунуштайлы. Биз айтып аткан идеяны коомчулуктун аң-сезимине киргизиш керек. Аң-сезимди өзгөртпөсөк, ашканада, көчөдө айтылган сөз бойдон, ыйлаган бойдон кала беребиз. Көрпендечиликти таштап, кызыкчылыкты таштап, принципиалдуу негизде чечип алгандан кийин эч кайда кете албайбыз.

Ошол эле мезгилде оппозициялык кыймыл үчүн лидерликти аныктоо талуулуу маселелердин бири болуп эсептелет.

Коомдук парламентте бир лидерди аныктоо сунуштары жоопсуз калды.

Лидерликке талаптанышы ыктымал болгон Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов, Абдыганы Эркебаев өңдүү саясатчылардын биринин да атын атоого даагандар болгон жок.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун көз карашында апрель, ноябрь митингдеринин башында турган оппозициядан айырмаланып, азыркы оппозициянын максаты лидерликке жетүүдө эмес, жалпылап, системаны алмаштырууда:

- Азыр айтып атабыз: амбицияны тыйып, системаны өзгөртүү керек, мамлекеттик система таптакыр жаңы болушу керек деп атабыз. Биз ушунун алдында биригели деп атабыз да.

Мунун чындыгына ишенгендер бийликчил жана оппозицияга караганда бийликке көбүрөөк ыктаган саясатчылар арасында сейрек учурайт.

Алардын бири - Коммунисттердин лидери Искак Масалиев:

- Ар бир саясатка аралашкан, бир жолу депутат болгон киши башка кишини тоготпойт. Мен бир саясатчы экинчисине сиздики туура, сиз менден ашык саясатчысыз деп айтканын уккан жокмун. Кыргыздын ушундай кемчилиги бар.

Бул аралыкта “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөлөрү коомдук парламентке катышкан бирин-экин саясатчылар менен ишкерлерге атайын кызматтар ормон опуза жасаганын билдиришти.

Негизинен оппозициянын коомдук парламенттеги, ага чейинки жана андан кийинки билдирүүлөрүнүн бардыгы расмий бийлик тарабынан мамлекеттин өнүгүшүнө кам көрбөй эле бийлик талашкан куру кыйкырыктардын катардагысы катары сыпатталууда.

Президент Курманбек Бакиев ишемби күнү Жалалабаддагы коомчулук менен жолугушууларынын биринде ушуга үндөш пикирин айтты:

-Конструктивдүү сындагыла. Өсүү жок, кризис, тиги-бу деп кыйкыргандардын канчасын чакырдым мен, келгиле өкмөткө, иштегиле деп. Атамбаевден башка эч кимиси келген жок. Кээ бири мына азыр иштеп атат, көпчүлүгү баш тартты, алар президент болгусу гана келет, министр болгусу келбейт же премьер министр министр болгусу келет.

Президент Бакиев ошондой эле мөөнөтү бүткөндөн кийин президенттик орунду бошотуп берүүгө даяр экенин эскертти. Бакиевдин ишендиргенине караганда, ал мурдагы президент Аскар Акаевдей бийликтен кетпей отуруп алуу ою жок.

Оппозиция болсо Курманбек Бакиевдин 2010-жылдан аркы мыйзамдуу экинчи мөөнөткө калбай эле бийликтен кетишине ынтызар маанайда турат.
Ага жараша ноябрда өтөрү күтүлүп жаткан Элдик курултай бийлик системасын алмаштыруу максатында элди көчөгө алып чыгуу чечимин чыгарат деген божомол коомчулукта күч болууда. Оппозиция өзү бул тууралуу өтүп бараткан аптада конкреттүү сөз кылган жок.

Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев элдин азыркы оппозициянын артынан ээрчип чыгарына ишеними аз деген пикирде:

- Элдин көчөгө чыгышы азыркы оппозициянын колунда эмес. Анткени, оппозициядагылардын көпчүлүгү мурда бийликте болушкан. Алар мүмкүнчүлүгүн пайдалана алышкан жок. Эл ишенбей калды. Ошондуктан, алар элди көтөрүп чыга албайт.

Бул талдоочунун пикиринде элди оппозиция эмес, оор экономикалык абал, катуу кыш, кымбат тамак-аш көчөгө чыгарышы ыктымал жана оппозиция ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдаланышы мүмкүн.

Иш жүзүндө оппозиция бийлик системасын алмаштыруунун конкреттүү механизмин сунуш кылуунун ордуна чакырыктар менен алектенип жатат дейт Бөрүбашев.

Дагы бир серепчи Кубан Абдымен азыркы оппозиция ичинде өтө айырмалуу көз караштары бар саясатчылар арбын жана бул жагдайды жеңип, биригүү үчүн өтө чоң күч, бир идея жана жалпы максат керек дейт:

- Ноябрда курултай өткөрөбуз деп атышпайбы. Менин көз карашымда булар чечкиндүү кадам жасап, жыйналышта чечебиз десе, анда булар бардык дымактарын, пикирлердеги айырмачылыктарды унутушуп, кимди болсо дагы, мейли ал ашынган улутчулбу же башкабы, шайлап туруп, анын айтканын уккудай деңгээлге чыгарыш керек. Ошондо гана азыркы оппозиция бийликти сестенте тургандай күчкө ээ болот.

Оппозицияга жан тарткандардын кыйласы атуулдук кыймыл түзүү менен чектелип, азырынча лидерди тандоону коё туруу жөндүү деп жатышат.

Мындай сунуш коомдук парламенттин өзүндө да Жогорку Кенештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев тарабынан айтылды:

- Улуттук кеңештин төрагалыгына эртең мен премьер министр да болбойм, эртең мен президент да болбойм. Конституциялык реформаны аягына чыгарып берейин дагы андан кийин бийликтен баш тартам деген кишилерди коёлу. Биздин лидерлерибиз реформаны жүргузгөндөн кийин бийлик деп ат салышсын.

Ошентип, оппозициялык лидерлер азыркы мамлекеттик башкарууну жаңыга алмаштыруу үчүн биригүү демилгесин жапырт көтөрүп чыкканы менен, жалпы лидерликти аныктоого шашкан жери жок.

Ошол эле мезгилде мурдагы президент Аскар Акаев менен азыркы президент Курманбек Бакиевдин бийликке келишине олуттуу салым кошуп, учурда экөөнөн тең көңүлү кайт болгон таанымал саясатчы жана укук коргоочу Топчубек Тургуналиев болсо келерки бийликтин пайдубалын азыртан түптөөнү, көмүскө өкмөт, башкача айтканда мамлекеттин келерки башкаруу командасын 2010-жылдагы президенттик шайлоону күтүп отурбай, эмитен түзүүнү сунуштап жатат.


(Сүрөттө - Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов).
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG