Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

10:40 БШК үгүт маалында И.Кадырбековду абакта кармоого макулдук берүү сунушун четке какты


БШК кечээ кечиндеги отурумунда каржы полициясынын шаардык кеңешке талапкер Ишенбай Кадырбековду үгүт маалында абакта кармоого макулдук берүү сунушун карап, аны четке каккан чечим чыгарды. Мындай чечим Шайлоо кодексинин 1-беренесинин 1-бөлүмчөсүнө, 28-беренесинин 5инчи жана 1-бөлүмчөлөрүнө ылайык кабыл алынганын БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Каржы полициясы тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылып, убактылуу тергөө абагында отурган курулуш жана архитектура боюнча мамагенттиктин мурдагы башчысы, коомдук-саясий ишмер Ишенбай Кадырбеков №6 Асанбай шайлоо округунан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгы үчүн талапкерликке катталган. Кечээ шаардык шайлоо комиссиясы аны менен бир округдан ат салышып жаткан эки талапкердин Ишенбай Каыдрбековдун талапкердикке катталуусун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, канааттандырган эмес.(SM)

XS
SM
MD
LG