Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Талкууну уюштурган Аманбек Жапаров, Бишкек Жума аягында АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Эркиндик -2008” деген аталыштагы жыл сайын чыгуучу басылмасында диний ишенимдердин эркиндиги кайсы өлкөлөрдө канчалык деңгээлде экендиги иликтенип, кеңири маалымдама берилген. “Азаттыктын” таңкы түз маегиндеги талкуунун катышуучулары Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Мурзахаилов, Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын басма сөз катчысы Асан ажы, машаякчы Жаныбек Жанызак Кыргызстандагы диний эркиндиктин абалы тууралуу аңгеме-дүкөн курушту.

Асан мырза, Кыргызстанда диний ишенимдер эркиндигине кандай маани берилүүдө?

Асан ажы: - Бүгүнкү күндө сиздерди улуу рамазан айы менен чын дилимден куттуктап кетмекчимин. Алла таала өзүнүн ата кылган соопторун барыңыздарга берген болсун. Биз, урматтуу калайык калк дин ишеним эркиндиги Кыргызстанда бүгүнкү күндө бир кыйла өзүнүн ордун таап калды десек болот. Себеби, дин ишеним эркиндиги бизде бар.

Ар түрдүү диний агымдар болсун, ислам дини болсун, бүгүнкү күндө кыргыз элинде өзүнүн ордун таап, дин өзүнүн өнүгүүсүнүн жолуна багыт алды десек болот. Бирок ар түрдүү чет элдик, көбүнчө Америка тараптан агылып келген диний секталардын кыргыз элине бүгүнкү күндө кереги бар беле деген суроо да туулушу мүмкүн. Себеби, бүгүнкү диний секталар же агымдар биздин кыргыз элине пайдасынан да зыяны өтө чоң болду десек жаңылышпайбыз.

Себеби, акыркы учурдагы Нарын облусунун Куланак айылында болуп өткөн окуя, ага чейинки биздин Кыргызстандын көптөгөн облустарындагы окуялардын бардыгы бул нерселерге негиз жана күбө десек чындыкка жараша болот.

- Асан ажы, сиз диний иштер боюнча АКШга барып келген экенсиз, ал жакта диний ишенимдердин эркиндиги кандай?

Асан ажы: - Чындыгында Америкада динге болгон ишеним менин жеке көз карашымда ачык, жакшы өнүгө алды десек болот. Себеби, ислам дининде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтылып аткан нерсе чындыгында өтө жакшы, бир калыпка салынган. Ислам дини аз болосо да, ал жерде өзүнүн мечити эмес, Ислам борбору деген ат менен бүгүнкү күндө өзүнүн жашоо маңызын өткөрүп, жакшы эркиндиктери бар экен десек болот.

- Ал эми АКШнын диний агымдарынын кандайдыр бир таасирлери бизге тиет бекен?

Асан ажы: - Өтө чоң таасирлери бар. Себеби, Америка калкы кудайга ишенгендигине байланыштуу чиркөөлөргө өздөрүнүн чоң-чоң жардамдарын берип турушат экен. Ошол чоң-чоң жардамдары аркылуу биздин Кыргызстанга агылып келген динди таратуучулар, миссионерлер десек болот Кыргызстанга келишип, өздөрүнүн динин аябай жеткирип, бүгүнкү күндө өзүбүздүн кыргыздардан дагы пасторлор чыгып, динди жайылтып, кыргыз элинин бир кыйла бөлүнүп калуусуна себепчи болуп атат.

Мен ушул жерде бир окуяны айта кетейин, Калифорния штатынын Сан-Франциско шаарында бир чоң конференция болуп калды, ошол конференцияга диний агымдардын жүргүзгөн иши боюнча мен катышып калдым. Ошол жерге кирсек жаш эле немис жигит өзүнүн докладында ушуларды баса айтып өттү, биз Орто Азиянын ичинде Кыргызстан жана Казакстанды 2010-жылга чейин толук христиандаштырууга мүмкүнчүлүк алдык деди.

Cебеби, булар мурда бир гана орустарды христиан, капыр деп келген болсо, бүгүнкү күндө биз силердин өзүңөрдүн улуттук киймиңер, улуттук нарк дөөлөттөрүңөр менен туруп эле христиан боло аласыңар деген ишенимди киргиздик дейт. Мына ошол нерсе айтылгандан кийин кыргыздардын ичинде динге, биздин сектага болгон агым күчөдү деп айтып атат. Эми 2010-жылга чейин толук христиандаштырууну - сиз ойлоп коюңуз, алардын максаты, каалоосунда эмне бар экенин.

- Канатбек мырза, Кыргызстанда диний ишенимдерге эркиндик кандай бааланууда?

К.Мурзахаилов: - Өзүңүзгө белгилүү болгондой, эгемендикти биринчи жылдарында эле 1991-жылы 16-декабрда дин ишеним жана диний уюмдар жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анан 1996-жылы дин жаатын тескөө багытында президенттин указы кабыл алынып, ошол эле жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик орган түзүлгөн. Азыркы кезде демократиянын шарданы дейбизби, Кыргызстандын ачык, өнүккөн өлкө дейбизби, Союз мезгилинде Кыргызстанда салттуу болгон ислам жана провослав диндери расмий түрдө иш жүргүзүп, булардын 39 мечити, 25 храмы жана чиркөөсү катталган.

Ал эми баптистердин, жетинчи күн адвентистеринин, католиктердин жана жахабен күбөлөрүнүн аз гана бөлүгү иш кылса, бүгүнкү күндө эки миңден ашык ар түрдүү диний уюмдардын объектилери катталган, отуздан ашык ар түрдүү диний багыттагы агымдар өз ишин расмий жүргүзүүдө. Ал эми расмий иш жүргүзгөн экстремисттик, тоталитардык, деструктивдүү багыттагы дагы өз ишин жашыруун жүргүзгөн ар түрдүү топтордун иш аракеттери кездешүүдө.

- Азыр бизде телефон аркылуу байланышта журналист Жаныбек Жанызак турат. Угармандарыбыздын бардыгы эле биле бербесе керек, сиз азыр кайсы динди кармайсыз?

Ж.Жанызак: - Мен Иса теңир багытындагы машаякчылар тобундамын.

- Кыргызстанда ушул диний ишенимдерге эркиндик кандай?

Ж.Жанызак: - Кыргызстандагы диний ишенимдерге буга чейин дурус болуп келсе, урматтуу Осмоналиев келгенден бери бир багыттуу исламдаштыруу аракети аябай көзгө көрүнүп атат. Себеби “Азаттыктын” бүт материалдарына чыккан, кээде күлкүнү келтирген интервьюларын окуганда, мен биз алтынчы кылымга кете турганга окшоп калдык деп ойлойм. Бирок Советтер Союзу учурунда дагы баптистер өздөрүнүн Библияга болгон ишенимин жоготкон эмес. Советтер Союзу канчалык катуу болгонун биз билебиз. Ал эми азыр Ислам катуулугу канчалык күчөтсө ошончолук каршылык алат.

- Жаныбек мырза, машаяктарга, баптисттерге өкмөттүк уюмдар, мекемелер тарабынан кысымдар, куугунтук болуп атабы?

Ж.Жанызак: - Азыр куугунтук болуп атат деп айта албайм. Бирок жаңы мыйзамды кабыл алабыз, анан 200 киши болуш керек, анан тиги-буу деген коркутуулар, бөлүнүп-жарылуулар согушка, урушка алып келет деген сөздөр, баарынан кызыгы урушту ким баштайт? Мына азыр Куланак деген сөз чыгып кетти. Куланакта урушту ким баштады? Жанагы имамдын калп сөздөрү, Куран сүрөөлөрүндө жазылган бирге көмүлбөш керек деген сөзү негиз болгон, бир дагы Курандын сүрөөсүндө андай сөз жок.

- Жаныбек мырза, сиз Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Осмоналиев исламды жайылтып атат дедиңиз. Ошого жооп кылып, анын орунбасары Канатбек Мырзахалиловго сөз берсек?

К.Мурзахаилов: - Балким өзүнүн пикири бар, мен Жаныбек байкенин ой-пикирин өтө сыйлайм. Бирок караманча каршымын. Себеби таяктын эки учу бар. Азыр ислам конфециясы айтып атат, силер тескерисинче бизди кысып иш кылып атасыңар деп. Дин иштери боюнча агенттиктин эң негизги иши бул Конституция, мыйзамды, Кыргызстан ратификациялаган эл аралык нормаларын, ОБСЕнин стандарттарын, адам укугун, анын ичинде дин эркиндигин, дин уюмдары жөнүндө мыйзамды сыйлап, мыйзам чегинде гана иш жүргүзүлөт.

Ал эми жаңы мыйзам бул бүгүнкү күндүн талабы, 17 жыл өттү, бул мыйзамдын көпчүлүк нормалары бүгүнкү күндүн талабына, анын күнүмдүк шарттарына жооп бербегендиктен, жаңы мыйзам иштеп чыгып, кабыл алуу бул бүгүнкү күндүн талабы деп эсептейбиз.

Ал эми Жаныбек мырзанын ой-пикирине такыр кошула албайм. Биздин негизги иш аракетибиз бул биздин Конституциябыз, мыйзамдарыбыз, бул жерде бардык адамдардын укугу теңделет, тең укуктуу мамиледе гана биз иш жүргүзүүдөбүз.

- Жалал-Абад шаарындагы мектептерде жоолук салынып барган кыздарды мектепке киргизбей, мугалимдер кысымга алган учурлар айтылууда. Ушул ислам динин туткан жаш кыздардын мектепке жоолук салынып баруусу тууралуу арызданган, же болбосо алардын укуктары тебеленип жатканы тууралуу муфтиатта кандай кабарлар бар? Асан ажы ушуга токтолсоңуз

Асан ажы: - Бул маселе азыр эле козголуп жаткан жери жок. Себеби, Жалал-Абад облусунда болгон окуя өткөн жылдан баштап эле эл арасында толук туура эмес түшүнүктөр менен калыптанып келе жатат. Бул жерде дагы бир карала турган маселе, мусулмандардын укугу тебеленип жатканы түздөн-түз көрүлүүдө. Себеби, биздин мамлекет мыйзамдык, Конституциялык мамлекет болуп эсептелгенине байланыштуу мектеп жашындагы кыздар жоолук салынууга же болбосо бир динди тутунушуна каршы мамлекеттик мыйзамды сыйлабаганы менен бааланууда.

Бирок чындыгында ислам дининин негизинде кыз балдар 9 жашынан, эркек балдар 12 жашынан Алла тааланын мусулмандарга көрсөткөн жолу боюнча аял кишилер, кыздар жүзүн ачып, жоолук салынып, абарат жерлерин толук жаап жүрүүсү зарыл. Ошого байланыштуу бул жерде мен чындыгында, мусулмандардын укугу тебеленип жатат деп ойлойт элем. Бирок муну мыйзам ченеминде карап көрсө болот.

Көбүнчө айтып жатышат, бул “Хизб-ут Тахрир” партиясынын күбөлөрүнүн үй бүлөлөрү деген таризде каралып жатат бул нерсе деп. Ошондуктан бул жерде териштире турган дагы көптөгөн маселелер бар.

- Жаныбек мырза, мына машаякчылар, баптисттер дагы окуу жайларда же болбосо коомдук жайларда кысымга дуушар болгон учурлар кездешип атабы?

Ж.Жанызак: - Баарынан кызык нерсе, машаякчыларда эч кандай шарттуулук жок. Шапкесин тескери же оң кийип алып, жоолугун салынып же салынбоо деген сөздөр жок. Машаякчылар кыргыз мамлекеттик мыйзамын, конституциясын толук карманат. Бир дагы чекилик кетирбөөгө аракеттенет. 20 жылдын ичинде бир жолу уктуңузбу машаякчылар аянтка чыкты же кол топтоо уюштурду деген. Эч кандай жок. Библияда эмне жазылса, ошону гана окушат, сыйынышат, мамлекеттик мыйзамга баш ийишет.

- Демек машаякчылардын диний ишенимдери эркин экен да бизде?

Ж.Жанызак: - Максималдуу эркин. Алар бир кудайга, анын өзүнүн кыргыз тилинде ишенет.

- Канатбек мырза, Жалал-Абаддагы жана башка жерлердеги мусулман кыздарынын жолук салынып баруусуна тыюу салынып атканына кандай чараларды көрүп атасыздар?

К.Мурзахаилов: - Бул жерде хиджаб, жоолук маселеси, мусулмандардын укугун тепсөө деген сөз такыр жок. Бул маселе айрыкча саясатташып кеткен маселе. Мен ошондой деп ойлойм. Эч кандай бул жерде мусулмандардын укугун тебелөө деген сөз жок. Бул нерсе боюнча мен толук ишенимдүү айта алам, себеби хиджаб маселеси демократиянын чордону деп аталган Францияда канча талаш-тартыштарды жаратты, жакында эле Түркияда талаш-тартыштарды жаратты. Кыргызстанда мектепке жолук салынып баруу бул жеке адамдын өзүнүн эрки.

Мектептердин өзүнүн ички Уставы бар, ошонун негизинде көпчүлүккө да баш ийиш керек. Муну айрыкча саясатташтыра турган маселе эмес. Бул балдардын, кыздардын өз эрки. Эң негизгиси, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга баш ийиш керек, андан кийин мектептердин ички Уставдарына баш ийиш керек. Бул өтө чордондуу да маселе эмес.

Кээ бир инсандар жоолук, хиджаб маселесин да саясатташтырып, ийненин көзүндөй проблеманы да өтө чоң кылып көрсөтүүгө аракет жасашат. Бул проблема азыр мамлекеттик органдардын алдында такыр жок десем мен жаңылышпайм.

- Азыр Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун басма сөз катчысы Аюпхан Машраповдун аудиосун угуп туруп анан кебибизди уласак.

А.Машрапов: (аудио) - Диний ишенимдерге Кыргызстан өзүнүн принцибинен саясат кылууда. Бул дүйнөлүк саясаттан келип чыгып атат. Улуу державалар өздөрүнүн койгон принцибинде Кыргызстанга басым кылып атат. Кошуна Өзбекстан басым кылып жатат. Кыргызстандын демократиялык принциптерине таянып, бул Кыргызстандын өзүндө чечиле турган проблема эмес. Кыргызстан эли да, бийлиги да динге басым коюп жатат, бирок бул көбүрөөк эл аралык мамилелерге барып такалат.

- Аюпхан мырзанын пикиринде, диний ишенимдердин эркиндиги бул эл аралык деңгээлде чечиле турган, бөлөк бир күчтүү мамлекеттердин таасири болушу мүмкүн деген ойду жаратат. Канат мырза, ушуга сиздин көз карашыныз кандай?

К.Мурзахаилов: - Кыргызстан бул глобалдуу дүйнөнүн бир бөлүгү болгондон кийин биз эл аралык нормаларга, адам укугу, анын ичинде дин эркиндиги боюнча ар түрдүү декларацияларга, пактыларга, БУУнун, ОБСЕнин мүчөсү болгондуктан адам укугу, анын ичинде дин эркиндиги сакталыш керек.

Ал эми мен айта алам, глобалдуу дүйнөнүн бүтүн бөлүгү болгондон кийин эл аралык укуктардын нормалары сакталышы керек. Андан кийин азыр Кыргызстандын өзүнүн дин жаатында да өзүнүн саясаты, мыйзамдары, ички нормативдик актылары бар. Ошонун негизинде биздин агенттиктин өзүнүн жобосу бар.

Азыр Жаныбек байке айткандай, мыйзам долбоорлору иштелип жатат. Кыргызстан өзүнүн дин жаатындагы саясатын тикелеп, ошол саясатынын негизинде башка өлкөлөрдүн моделдерин көчүрбөй, өзүнчө иш аракетке өткөндүгү бул айкын жана далил деп айта алам.

- Аюпхан мырзанын пикирине сиздин көз карашыңыз кандай, Асан ажы?

Асан ажы: - Чындагында Айыпхандын айткан пикиринде бул эл аралык нормаларга барып такалат дегени чын. Анткени бардык өлкөлөр бүгүнкү күндө ааламадашуу системасы менен кээ бир өлкөлөр өздөрүнүн ортосунда болгон ишеним эркиндиктерин сактаганга аракет кылууда. Бирок бул жерде ошол эл аралык фактылар биздин Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойбу. Кызык жери ушул жерде болуп атат.

Бизге мисалы, бүгүнкү күндө төрт жарым миллионго жетпеген кыргыз калкынын ичине ар түрдүү диндердин келиши дагы келечекте биздин урпактарыбыздын ынтымагын, биримдигин жоготот деген маселе бар бул жерде. Мисалы, бир эле Кыргызстан эмес, жалпы Орто Азия мамлекеттери бүгүнкү күндө өздөрүнүн коопсуздугун толук түрдө сактай элек. Мисалы, чоң таасирлердин астында Орусия, Кытай, Америка өлкөлөрүнүн алдында биздин коопсуздугубуз кандай сакталды. Алар биздин эркиндигибиздин кандай жашап кетишине көз салып турушат.

Ошондуктан Нурсултан Назарбаев айткандай, биз өзүбүздүн коопсуздугубузду сактоо максатында Орто Азия мамлекеттинин биримдиги керек. Ошонун ичинде, биздин динибиз дагы өзүнүн укугун алат, укугун жоготпой, элдин биримдиги-бүтүмдүгү сакталат. Ар түрдүү диний секталар, агымдар бүгүнкү күндө исламды, биздин эле Кыргызстанды бөлүп-жара берсе, анда бизде келечекте жашоонун бүтүмдүгү, эркиндиги жок болот.

- Рахмат, урматтуу талкуунун катышуучулары.
XS
SM
MD
LG