Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

15:17 Президенттин Жалал-Абаттагы иш сапары уланууда


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев бүгүн Базар-Коргон, Ноокен райондорунда, Кочкор-Ата шаарында болду. Базар-Коргондогу жолугушууда өлкө башчысы экономикалык жалпы өсүштөргө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук, айыл чарба азыктарына болгон бааларды турукташтырууга байланыштуу маселелерде өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Ошондой эле жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоого токтолгон мамлекет башчысы, шайлоонун жүрүшүн ашыкча саясатташтырбоого чакыруу менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, эгер алар кээ бир талапкерлер үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө аралаша турган болсо каттуу чаралар колдонула тургандыгын эскертти. “Бийлик шайлоонун жүрушүнө аралашпашы керек. Анын милдети – шайлоочулар өздөрү каалаган талапкерге добуш берүү үчүн бардык шарттарды түзүп берүү”, - деди президент. Өлкө башчысынын Жалал-Абат облусундагы иш сапары бүгүн соңуна чыгат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жергиликтүү кабарчыбыз болсо Базаркоргон районунда акимге нааразы болгон адамдардын тобун мамлекеттик күзөтчүлөр президенттин жанына жакындатышпаганын билдирди.(SM)

XS
SM
MD
LG