Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

ДАН-АЗЫКТАРЫНА КЕРЕКТӨӨ 75-80 ПАЙЫЗ КАНААТТАНДЫРЫЛДЫ


Айгүл Жунушалиева, Бишкек Айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөр жай министрлиги маалымдагандай, Кыргызстанда дан-азыктарга болгон керектөө 75-80 пайыз канааттандырылды. Аталган министрликтин өкүлү бүгүн маалымат-жыйынын өткөрүп, быйыл калктын курсагын тойгуза тургандай өлчөмдөгү дан жыйналаарын, андыктан ундун баасы көтөрүлбөй турганын айтты.

Былтыркы жылдын күз айларында азык-түлүк, өзгөчө дан азыктарына болгон баанын кескин өсүшү карапайым калкты дагы, бийликти дагы бир топ бейпайга салган. Мындай кырдаалдын түзүлүшүнө негизинен азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын жогорулашы жана өлкөдө эгиндин аз айдалышы таасир берген эле. Сүткө оозу күйгөн өкмөт быйыл эгинди былтыркыдан бир кыйла көп себүүнү, дыйкандардан буудайды жакшы баа менен сатып алууну чечкен.

Бийликтегилердин ырсташынча, эми калктын курсагын тойгуза тургандай өлчөмдөгү дан жыйналып, ун баасынын көтөрүлүшү болбойт. Айыл жана суу чарба министринин орун басары Дыйканбай Кенжебаевдин айтымында, өлкөдө дан-азыктарга болгон керектөө 75-80 пайыз канааттандырылды:

- Жалпы өлкө боюнча 392 миң гектар аянтка буудай себилген. Ушул тапта жетимиш үч пайызы жыйналып бүттү. Орточо түшүмдүүлүк бир гектарга 20,7 центнерди түзүүдө. Быйыл күзгү буудай 280 миң гектар аянтка себилет, бул былтыркыга караганда элүү беш миңге көп. Үрөн болсо он миң тоннага жакын дефицит болуп жатат, учурда бул маселе боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

Калктын керектөөсүн камсыздоо үчүн бир миллион тоннадан ашык буудай зарыл. Быйыл өлкө боюнча 800 миң тонна эгин жыйноо максат кылынган. Учурда анын дээрлик токсон пайызы жыйналды.

Д.Кенжебаевдин айтымында, дандын калганы Казакстандан сатылып алынат, ошону менен элге жеткидей дан топтолуп, тартыштык орун албайт.

Дегени менен, абал мынчалык деле мыкты эмес дегендер да четтен табылууда. Мисалы айыл чарба жаатындагы белгилүү адис Жамин Акималиевдин айтымында, жер-жерлерде жыйналып жаткан дандын түшүмү ашыра айтылып жатат:

- Айтып жатышпайбы, түшүм гектарына 20 центнер болуп жатат деп. Мен адис катары айтайын, бул туура эмес маалымат. Элди алдап эмне кереги бар? Былтыр араң 700 миң тонна дан жыйналган. Быйыл болсо өткөн жылга караганда аба-ырайы бир топ начар болду, кургакчылык жүрүп, жазында эгинди үшүк алды.Мунун баарын эске алганда түшүмдүүлүк жакшы деп айтса болобу?? Менимче түшүмдүүлүк гектарына 15-16 центнер болуш керек.

Түшүмдүүлүк тууралуу отчеттордун чындыкка дал келбеши тууралуу маселени депутаттар да көтөрүп чыгып, жакында өкмөт жыйналган түшүм тууралуу маалыматты текшерүү үчүн комиссия түздү. Комиссия жыйналган дандын түшүмү тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү берген маалыматтын чындыкка дал келишин иликтеп чыгат.

Ал эми баалар тууралуу айтсак, өкмөт дандын кымбатташы болбойт деп ырастоодо. Сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Пайзуллабек Рахмановдун айтымында, быйыл мамлекеттик кампада былтыркыга салыштырмалуу дан эки эсе көп топтолгон:

- Ооба, былтыркыга караганда эки эсе көп дан кампада турат. Канча тонна экенин мыйзам боюнча айтууга укугум жок. Бирок Казакстан бизге буудай сатпай койгон учурда деле калкты дан менен камсыз кылууга кудурет жетет.

П.Рахманов учурда буудайдын баасы килине 12 сомго чейин түшкөнүн айтып, ун баасы көтөрүлбөсүнө толугу менен ишендирди. Дегени менен экономист Жумакадыр Акенеев энергетика, газ, сууга баалар өсүп атканда азык-түлүк, дан баалары жогорулашы мүмкүн деген пикирде:

- Менимче баалар көп болбосо да он пайызга өсөт. Кышка жакын көтөрүлөт болушу керек

XS
SM
MD
LG