Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Маектешкен Кожогелди Култегин, Бишкек Дин багытындагы “Азаттыктын”кезектеги тегерек үстөл талкуусу Исламдагы эки маанилүү майрамды - айт күндөрүн туура майрамдоо маселесине арналды. “Азаттык” үналгысы уюштурган талкууга Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаева, “Акыл-эс, рух жана ыйман” коомунун президенти Дүйшөнбек-ажы Абдылдаев катышты.

- Исламдын бир жыл ичинде эки гана улуу майрамы бар экен – орозо айт жана курман айт. Мына орозо айт жакындап келатат. Ошол эки майрамды кыргыздар, жалпы кыргызстандык мусулмандар майрамдабай эле, маркумдардын кыркылык, жылдык, айттыктарын өткөрүп-аза күнүнө айландырып алышты. Ушул туурабы өзү? Дүйшөнбек-ажы, сиз баштасаңыз сөздү?

Дүйшөнбек-ажы: - Бизде дин менен салтты алмаштырып же аралаштырып алган да. Дин менен салттын айырмасын биле албай - үчүлүк, жетилик, кыркылык, жылдык дегендерди ушул эки майрамда – эки айтта өткөрүп жатышат. Булардын баарысы өзү шариятта жок нерселер.

Айт күндөрүн андай аза күнү кылыш – шарият өкүмү боюнча макүрүк болуп саналат. Ошол аза күнгө айлантпастан, андан көрө көңүл көтөргөн, шаттанган, жарык маанайдагы майрам катары өткөрүү кажет.

Абдышүкүр-ажы: - Үрп-адат динге баш ийет, бирок дин үрп-адатка баш ийбейт. Пайгамбар айтат - адам өлгөндө ага бара турган сооптор негизинен токтойт, бирок үч нерсе бара берет, жетип турат деп. Алар кайсылар?

Биринчиси, садага-жарыя. Маселен, маркумдун арбагына соопчулугун багыштап балдары, жакындары жол оңдоп койсо, аялдама салса, көпүрө курса, таза суу чыгарса, көчөт тиксе ж.б. Ошолордун сообу жетет. Эгер биз динибизди терең түшүнүп, шариятта жок үчүлүк, кыркылык, жылдыктарды өткөрбөй, чыгым болбой, мен жогоруда айткандай иштерди жасасак сообу маркумдарга тийсин деп, анда Кыргызстанда кыйла маселелер чечилип да калмак.

Арбакка жете турган экинчи сооп – балдарынын, жакындарынын окуган кураны. Үчүнчүсү, эгерде өзү тирүү кезде элди биримдикке, ыймандуулукка, адеп-ахлакка чакырган иштерди жасаган болсо, элге пайдалуу китеп жазган болсо, шакирттерди өстүргөн болсо ошол жактардан сооп барып турат.

-Ал эми азыркылардын жасаганы кандай болуп атат?



Абдышүкүр-ажы: - Адам өлсө, артында калган жетимдердин малын, тамак-ашын жанагындай үчүлүк, жетилик, кыркылык, жылдык деп жыргап жеп атышат. Куранда ал тууралу: жетимдин малын жегендер тамак-аш эмес, тозоктун отун жешет дейт.

- Катуу айтылган экен. Ал эми азыркы сиз айткан үчүлүк, жетилик, кыркылык, жылдыктардын баарысында төрдө молдокелер отурат да.

Л.Үкүбаева: - Молдолорду куран окуткан кишилер мечиттерден атайы аттап-тондоп апкелип атышпайбы. Азыр молдо тандамай күчөдү. Эми ошо мечитте молдокелер эмне үчүн айтышпайт бул туура эмес деп, эмне үчүн барбай коюшпайт? Экинчиден, сөзсүз эле молдолорду чакырыш зарылбы? Өздөрү, ошо балдары эле окуса болбойбу?

- Суроо сизге багышталды, Абдышүкүр-ажы?

Абдышүкүр-ажы: - Эгер эжеке, ата-энеңизге сиз куран окуй турган болсоңуз, албетте, мага караганда сиз чын дилден окуйсуз. Ал өзгөчө сооп. Кеп, көп жерлерде куран окуган кишиси да жок болуп атпайбы.

Атасы өткөндөн кийин үч текстти жаттап алганга жарашпайт балдары. Же куран окуй тургандай таза, пакиза, кусул даарат менен жүрүшпөйт. Өздөрү окушса – нур үстүнө нур. Мыкты болмок.

- Лайли айым, сиз бала кезде айт майрамдары кандай өтчү эле? Менимче, айт майрамдарын кийинки мезгилдерде эле аза күнүнө айландырып алдык го дейм.



Л.Үкүбаева: - Ата-энелерибиз ошо айт күндөрүнө арнап жаңы кийимдерди даярдап коюшчу. Ошо күнү сандыктан алып чыгып кийгизишчү. Ушундай бир шатыра-шатман болуп, ата-энелерибизди ээрчип, үйдөн-үй кыдырып айттаар элек. Айылдын башынан этегине чейин кыдырылчу. Өзүнчө шаңдуу майрам болгон. Азыр ошонун да мааниси жоголбодубу.

- Айт майрамдарын, маселен, ислам өлкөлөрү кандай өткөрүшөт?



Дүйшөнбек-ажы: - Мусулман өлкөлөрүндө илгертен бери эле салтанаттуу өтөт. Бул эртең менен жуунуудан – кусул куюнуудан башталат. Эң жаңы кийимдерди кийинип, жыпар жыттуу нерселерди себинип, анан көчөгө чыгып майрамдашат.

Жетимдерге, жакырларга садагаларды айт намаз болгонго чейин берип, таратып бүтүшөт. Анткени, алар да ошол күнү толук майрамдагыдай болсун дешкени.

Абдышүкүр-ажы: - Мен Египетте 7 жыл окудум. Андан кийин Саудия, Кувейт, бүт-бардыгында болдум. Биз азыр жаңы жылды кандай даярданып тоссок, ошондой тосушат. Албетте, ал майрамда атың өчкүр арак жок. Тост жок. Калгандары ошого окшош.

Кыябы келгенде айта кетейин, 1-январдын биз үчүн мааниси деле жок, тиешеси деле жок. Ошону тимеле укмуш кылып тосуп атпайбызбы биз азыр. Тигил өлкөлөрдө ошондой туугандарын өзүнчө, досторун өзүнчө кыдырып куттукташат.

- Абдышүкүр-ажы, айт майрамдарында азага байланышкан иш-чараларды өткөзүү шариятка туура келбейт деп жалпы кыргызстандыктарга сиз өңдүү дин билермандары кайрылуу менен чыксаңыздар болбойбу?

Абдышүкүр-ажы: - Көзүң алысты көргөн менен колуң жетпейт экен.

Л.Үкүбаева: - Бул маселе мамлекеттик деңгээлде дагы каралыш керек. Айт майрамдарга көптөгөн өлкөлөрдө үч күн дем алыш берилет. Жанагындай, 1-январь сыяктуу азыр биз үчүн маанисин жоготкон майрамдарды жоюп, айт күндөрүнө кошуп койсо неге болбосун. Азыр биз жаңы жыл катары Ноорузду майрамдап жатпайбызбы.

- Ошондо жыйынтык сөзүбүз кандай болмокчу, Абдышүкүр-ажы?



Абдышүкүр-ажы: - Бүгүнкү күндө элим көрсүн деп жасалган каадалар көп болуп атат. Ошо айт күндөрүндөгү кыркылык, жылдык, айттыктар да элге даңазалануу максатында балуп жатат. Шарияттан оолак калган мындай нерселерге сооп жок дейт, Куранда. Ошондуктан айт майрамдарын аза каадаларына аралаштырбай, салтанаттуу, шаңдуу өткөрүшүбүз керек.

Биз эле майрамдабай, арбактар да ыраазы болсун деп, өткөндөргө алакан жайып куран окуп коюу ошол күнү, албетте, ашыкча болбойт. Бирок. Ый-муң аралаштырбаш керек. Исламда эки күн – орозо айт менен курман айт гана майрам.
XS
SM
MD
LG