Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:21

Кечээ (жума күнү) АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү диний ишеним эркиндигинин сакталышынын жагдайына арналган жылдык баяндамасын жарыялады. Баяндамада Борбордук Азиядагы соңку кырдаал да таразаланат. Жалпысынан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу секулярдык мамлекеттерде диний ишеним эркиндигине карата салттык урматтоо бардыгына карабастан, айрым жаңы мыйзамдык долбоорлор же өзгөртүүлөр диний ишеним укуктарын чектөөгө багытталгандыгы санааркоо менен белгиленген. Өзбекстанда болсо көптөгөн диний жамааттардын расмий макам алышына мыйзамдык чектөөлөр аркылуу орчун тоскоол түзүлүп келгендиги айтылган.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс өз мекемеси жарыялаган жылдык баяндамага байланыштуу жума күнү кеп кылып, өз өлкөсү диний ишеним эркиндигин бардык эркиндиктердин өзөккү бөлүгүнүн бири катары караарын баса белгиледи:

- Диний ишеним эркиндиги азыр да жана ар дайым биздин улутубуздун өзөгүн түзөт. Биздин өлкөбүз төмөнкүдөй ишенимге негизделген: бардык эркектер жана аялдар тең жаралган, бул болсо биз ыракаттанып пайдаланган жалпы жана ажыратылгыс укуктарга тең эгедер болуу. Бул укуктардын арасында өкүмзордукка кабылбай эркин жашоо, өз каалаганыңдай сыйынуу, эч кандай жазага кабылбастан ой жүгүртүү, сүйлөө жана жыйын өткөрүү укуктары бар.

АКШ Мамдепартаментинин жылдык баяндамасы мамлекеттерди диний ишеним эркиндигин сактоо деңгээлине карата беш баскычка бөлөт. Бир жагында, диний ишенимдерди зомбулук менен тебелеп-тепсеген тоталитардык, авторитардык түзүлүштөрдүн чидеринде калган өлкөлөр турса, экинчи жагында – диний ишенимдер толук камсыз кылынган өлкөлөр, алардын ортосунда – айрым диний топторду басмырлаган мыйзамдары бар өлкөлөр турат.

Баяндамада дүйнө өлкөлөрүндө дин ишеними эркиндигине байланыштуу былтыркы жылдын 1-июлунан үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна чейин орун алган окуялар катталып, таразаланган.

Жылдык баяндамада Иран менен Өзбекстан “өзгөчө тынчсыздануу туударган” өлкөлөрдүн тизмесине кирген. Бул өлкөлөрдө айрым диний топторго каршы зулумдук аракеттер бийлик тарабынан атайын жүргүзүлгөн же көз кырында калтырылган.

Ошентип, Иран катары менен он жыл бою дал ушул топко киргизилди.

Өлкөдө шийи мусулмандарына жатпаган башка диний жамааттар менен топтор өтө оор кырдаалда жашап жатканы баса белгиленет. Алардын арасында бахайилер, суннийлер, айрым христиан топтору жана иудей динин туткандар бар.

Диний басмырлоолор өзгөчө орун алган өлкөлөрдүн бул тобуна Бирма, Кытай, Түндүк Корея, Судан, Эритрея, Сауд Арабстан жана Өзбекстан да кирген.

Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан 2006-жылы алгачкы жолу ушул топко киргизилген.

Жылдык жаңы баяндамада Өзбекстан режими тээ 1998-жылы кабыл алынган чектегич мыйзамга таянып алып, чакан диний топторду андан ары кысмакка алганы, кээ бир диний жамаат башчыларынын камакка алынганы чагылдырылган.

Өзбекстанда айрым такыба мусулмандар жок жерден эле “экстремисттик диний топко мүчө болду” деген жалган жалаа менен камалган учурлар да айрыкча белгиленет.

Түркмөнстанда болсо сыйынуу эркиндиги чектелген бойдон калууда. Айрым расмий каттала элек диний жамааттарга кысым дагы эле байкалууда, делет баяндамада.

Казакстанда диний ишеним тууралуу мыйзамга жаңы толуктоолор киргизилип, анын негизинде диний жамааттарды расмий каттоо катаалдашканы, диний жамааттын сыйынуу жайын куруу үчүн жергиликтүү бийликтин атайын уруксаты талап кылынып жаткандыгы сынга алынган.

Кыргызстанда болсо диний ишеним тууралуу мыйзамдык толуктоолордун жаңы долбоору даярдалууда, анда диний жамаатты расмий каттоо үчүн мурда талап кылынган он кишинин ордуна 200 кишинин тизмесин талап кылуу сунушталууда.

Андан тышкары, өлкө секулярдык болгонуна карабастан, бир динден экинчи динге өтүүгө үгүт жасоого тыйуу салуу, кишилердин башка диний агымга өтүшүнө мыйзамдык бөгөт коюу далаалаттары да мыйзамдык долбоордо камтылган, делет жылдык баяндамада.

Тажикстанга келсек, мында да диний ишеним тууралуу мыйзам долбоору даярдалууда, анда диний ишенимин эркин билдирүү укуктары кыйла чектелиши күтүлөт.

Орусияда болсо жалпысынан диний ишенимге өкмөт кадырлоо менен маимиле кылууда, бирок өкмөт бийлигинин диний топторго бирдей мамилеси дайыма эле сактала бербейт, кээде христиандык бир гана агымга өзгөчө урмат-сый көрсөтүлгөн учурлар байкалат жана айрым башка чакан диний топтордун ишмердүүлүгү чектөөгө дуушарланууда, делет АКШ Мамлекеттик департаменти 19-сентябрда жарыялаган баяндамада.
XS
SM
MD
LG