Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:14

Ырысбай Абдраимов, Жалал-Абад Президент Курманбек Бакиевдин бүгүнкү (20-сентябрь) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна барган сапарында жергиликтүү акимге нааразы болгон адамдардын тобун мамлекеттик күзөтчүлөр президенттин жанына жакындатышкан жок. Өлкө жетекчиси кечээ шаардагы Барпы театрында облустук актив менен жолугушуп, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, ички жана тышкы саясат тууралуу сөз сүйлөдү. К.Бакиев өз сөзүндө оппозицияга карата мамилесин билдирип, президенттикке талапкерлерди шайлоо мөөнөтү келгенде даярданууну сунуш кылды. Оппозициядагы саясатчыларды мамлекеттик кызматка чакырса дагы иштешүүгө келбей жаткандыгын, алардын көбү президенттик жана премьерлик кызматты көздөөрүн айтты. Ошондой эле азык-түлүк жана энергетикалык кризиске негиз жок экендигин билдирди. Оппозиция өкүлдөрүнүн пикири боюнча мамлекет башчысы болууну каалаган саясатчы ага өмүр бою даярданат, К.Бакиевдин сөзү менен иши айкашпаганы үчүн алар кызматташуудан баш тартышкан.

Президент К.Бакиев бүгүн Сузак районундагы мектепти жана тигүүчүлөр фабрикасын ачып, Базар-Коргондо кол өнөрчүлөрдүн буюм-жасалгаларын көрдү. Аталган райондун акимине нааразы болгон адамдарды өлкө башчысы менен жолугушууга күзөтчүлөр өткөрүшкөн жок.

Ноокен районунда К.Бакиев менен учкай баарлашкан пахтакерлер “ак алтын” өзүн-өзү актабай калгандыктан анын баасын кымбаттатуу жөнүндө суроо беришти.

Мамлекет жетекчиси Кочкор-Ата шаарында жип ийрүү ишканасынын иши менен таанышты. Ал барган жерлердин айлана-тегереги курчоого алынып, атайын чакырылган адамдардан башкаларга президент менен жүздөшүүгө мүмкүн болгон жок. Президент облустун активи менен кездешкенде азык-түлүк жана энергетикалык кризиске негиз жок экендигин түшүндүрдү.

Маяналар айрым тармактарда элүү-жүз пайыз, эки-үч эсеге дейре көтөрүлгөнүн, ыңкылаптан бери бир эле билим берүү чөйрөсүндө эки жүздөн ашык мектеп курулганын айтты. Жергиликтүү аткаминерлерге өлкөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу элге туура маалымат берүүнү тапшырып, президентти ашкере мактабоого, ошондой эле бийликти жүйөөсү менен сындоого чакырды.

Курманбек Бакие мамлекеттик гимн аткарылып жатканда адамдар оң колду көкүрөккө коюп ырдоо тууралуу жалал-абаддыктардын демилгесин колдой турганын билдирип, буларга токтолду:

- Экономика өнүкпөй отуруп калган болсо эмненин эсебинен мектептер курулуп атат, жолдор салынып атат, жаңы дорожный техникалар алынып атат, эмгек акыларды көтөрүп атабыз? Бүгүн өкмөт эң төмөн алган айлык тогуз жарым миң сом алат, он миңге жакын.

Президенттин айтымында, оппозициялык саясатчылар кызматташууга чакырылган, бирок анын сунушун экс-премьер А.Атамбаев гана кабыл алган. Президенттик шайлоого токтолгон К.Бакиев сөз менен иштин айырмасы чоң экенин айтты:

- Өсүү жок, кризис, тиги-бу деп кыйкыргандардын канчасын чакырдым мен, келгиле өкмөткө, иштегиле деп. Атамбаевден башка эч кимиси келген жок. Кээ бири мына азыр иштеп атат, көпчүлүгү баш тартты, алар президент болгусу гана келет, министр болгусу келбейт же премьер министр министр болгусу келет.

Мен айттым, шашпагыла, мөөнөтүм бүтсүн, анан келгиле, мен түбөлүккө калайын деген оюм жок. Булар ойлоп атат окшойт, Бакиев дагы Акаевдей мөөнөтү бүткөндөн кийин деле, мен мынча иштерди баштадым эле, ушунун аягына чыгып коеюн дейт деп. Суранбайм мен, коркпой эле койсун алар, президенттикке даярданып аткандар даярдана берсин.


Өлкө башчысынын мындай сөзүнө «Ата Мекен» партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаев ынанган жок. Анын көз карашында, саясатчы бир күндө калыптанбайт. Президенттикке талапкер шайлоодон шайлоого чейин камданат. Саясий күрөштө убакыт ченелбейт:

- Президенттикке адамдар өмүр бою даярданышат. Президенттикке шайлоодон шайлоого чейин даярданышат. Ага чычалабашы керек азыркы президент, президенттикке шайлоо башталды деп алты ай калганда айтканда, даярданганга да, командасын түзгөнгө да үлгүрбөйт.

Оппозициядагылардын көпчүлүгү президенттин мүмкүнчүлүгүн, бул президенттин элдин арасындагы аброюнун канчалык даражада экенин жакшы билишет. Бүгүнкү күндөгү болуп жаткан кризистерге дагы президенттин тиешеси бар экенин билгенден кийин, ал жерге барган адамдар дагы өзүлөрүнүн оюндагы иштерин иш жүзүнө баары бир ашыра албайт.

Себеби, бизде бүгүнкү күндө бир гана адам бийлик жүргүзүп жатат. Ал адамдар президенттин сөзүнө да ишенбейт.


Жолугушууларда мурда даярдалган адамдар сүйлөп, айрымдарына кезек тийбей калып жатты. Базар-коргондук карыя Төрөкул Сатиев суу, көпүрө жана курулуш материалдар маселесин козгосо, Терек-Сай кен комбинатынын деректири Ашым Кимсанов алтын ылгоо иштерине жергиликтүү жумушчуларды тартуу, чет элдик фирмаларга лицензия берүүнү чектөө жагын сунуш кылды:

- Өндүрүлүп аткан алтынга мамлекеттин көзөмөл болуш керек.

Президент айткандай айыл өкмөттөрдүн айлыгы он беш миң сомго жеткени менен карапайым жарандардын тапканы күндөлүк тамагына жетпейт. Ушундай көз карашын билдирген Токтосун Калматовдун оюнда, негизинен күндөлүк жашоо Орусияда иштеген эмгек көчкүндөрү жиберген каражат менен өтүүдө:

- Пенсионерлерге он-он беш пайыз кошсо дагы, пенсия, айлык баары бир жетпейт, баалар кымбат, жашоо кыйын. Айылдагыларга өтө кыйын болуп атат азыр.

Ал эми Базар-Коргон районунун тургуну Санжарбек Камбаровдун пикиринде, өлкөнүн экономикасынын өскөнүнө ишенүү кыйын:

- Бүгүн президент Жалал-Абад облусуна келди, бары-жогу даярдалды, шыпырылды. Ага чейин деле шыпырып койсо эмне болот эле. Эл үчүн эмес бир адам үчүн кызмат кандай болуп көрүнүп атат, карапайым элге дагы бийликтегилер ушундай чуркашпайбы...
XS
SM
MD
LG