Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

ТУҢГУЧ КАРДИОХИРУРГ ИСА АХУНБАЕВДИН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ


Фатима Абдалова, Бишкек ш. Алдыдагы аптада кыргыз илиминин көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз Улуттук Академиясынын пайдубалын чыңдаган ири коомдук ишмер, Борбордук Азияда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган кардиохирург Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Ири илимпоздун көзү өтсө да, илимий мектеби Кыргызстан менен Казакстанда алигиче өз үзүрүн берүүдө.

Жыйырманчы кылымдагы кыргыз илиминин бараандуу өкүлү, Улуттук Илимдер академиясын, кыргыз улуттук медицина илимин азыркы деңгээлге чыгарууга бараандуу салым кошкон окумуштуу, коомдук ишмер жана хирург Иса Коноевич Ахунбаев тууралуу жамы журт кабардар.

Борбордук Азияда (анын ичинде Кыргызстанда жана Казакстанда) биринчи болуп жүрөккө операция жасаган академик Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесин белгилөө боюнча үстүбүздөгү жылдын башында Кыргыз өкмөтү атайын токтом кабыл алган.

Таланттуу хирургдун 25-сентябрдагы туулган күнүн утурлап, келаткан аптанын башынан Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өтө баштайт.

22-сентябрда Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борборунда Орусиянын жүрөк кан тамыр хирургиясы боюнча илим изилдөө борборунун Башкы директору, академик Лео Бокерия катышкан илимий жыйын өтөт.

23-сентябрда кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгына арналган илимий жыйын болот. Жыйынга Орусиядан, Түркиядан жана шериктеш мамлекеттерден коноктор катышмакчы.


Кыргызстанда жүрөк хирургиясы 2004-жылга чейин Улуттук кардиологиялык борбордун курамындагы бөлүм болчу.

Көптөгөн дарыгерлердин айтымында, өлкөдө атайын жүрөк хирургиясынын институтун ачуу Иса Ахунбаевдин көптөн күткөн тилеги болгон экен.

Аталган бөлүм жумурияттык кардиологиялык борбордон 2004-жылы гана өз алдынча бөлүнүп чыгып, Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борбору болуп түзүлдү. Аны уюштурууда Ахунбаевдин таланттуу окуучуларынын жана шакирттеринин бири, профессор Сейтхан Жошубаевдин салымы зор болду.

Мына ушул борбордун жамааты көрүнүктүү окумуштуунун 100 жылдыгына арналган иш-чараларды эки жыл мурда эле башташкандыгын жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо Улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Калдарбек Абдраманов "Азаттык үналгысына” маалымдады:

- Бул улуу инсандын урматына арналган иш-чараларды апталап, айлап эмес, жылдап да өткөрүүгө татыктуу.Эки жыл мурун Кыргызстанда кардиохирургиянын түзүлүшү боюнча Эл аралык конференция өткөргөнбүз. Былтыр болсо Борбордук Азиянын кардиохирургдарынын биринчи курултайын өткөрдүк. Орто Азиянын кардиохирургдарын бириктирүү Иса Ахунбаевдин аруу тилеги болгон экен. Бул биздин мааракеге кошкон салымыбыз деп ойлойм.

Академик Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгына карата өткөнү жаткан Эл аралык симпозиумга катышканы Орусиянын академик Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы институнун директору профессор Лео Бокерия жана Түркиянын жүрөк хирургиясы институтунун баштыгы Эртан Үжел мырзалар келатышат.

Профессор Калдарбек Абдрамановдун айтымында, Лео Бокерия борбордун 22-сентябрдагы таңкы жыйналышына катышып, бир жума бою борбордогу оорулууларга көрсөтмөлүү операция жасамакчы.

Бул иш-чара академик Бокериянын Иса Ахунбаевдин жаркын элесине жасаган таазими болмокчу:

- Ахунбаевдин улуулугун тастыктаган бир фактыны айтсам, дүйнөлүк атагы бар орус хирургу Лео Бокерия, Түркиянын биринчи хирургу Эртан Үжел мырзалардын ушул мааракеге келгени жатышканы чоң сыймык. Алар биздин борбордо алдыдагы дүйшөмбүдөн(22-сентябрдан) баштап көрсөтмөлүү операцияларды жасай башташат.


Иса Ахунбаевдин өмүр жолуна кыскача токтолсок, улуу хирург 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айлында туулган.

1935-жылы Орто Азия медицина институтун аяктагандан кийин Кыргыз саламаттык сактоо комиссариатынын башчысы болуп дайындалат.

1946-жылы кандидаттык, ал эми 1948-жылы докторлук диссертациясын жактайт.

Докторлугун жактагандан кийин Иса Ахунбаев кыргыз медицина институтунун ректору болуп, ал эми 1954-жылы Кыргызстандын Илимдер Академиясынын алгачкы президенти болуп дайындалат.

Иса Ахунбаев кыргыз хирургиясынын негиздөөчүсү катары Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азияда биринчи жолу жүрөккө жана магистралдык кан тамырларга операция жасоону ишке ашырып, чөлкөмдөгү илимде таптакыр жаңы багыт ачкан жана көптөгон адамдардын өмүрүн сактап калган.

Ахунбаев 300дөн ашуун илимий эмгектерди жазган.

Эндемиялык богок менен эхинококкозду дарылоонун жаңы ыкмасын иштеп чыккан.

Улуу дарыгерге медицина тармагындагы эмгеги үчүн 1970-жылы Кыргызстандын Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылат.

Иса Ахунбаев 1975-жылы 5-январда автокырсыктан улам күтүлбөгөн жерден каза болгон.

Хирургдук кесип Ахунбаевдердин династиясында (сулалесинде) үч муун бою уланып келатат. Таланттуу хирургдун беш баласы, он бир небереси, он беш чебереси жана кыбыралары бар.

Иса Ахунбаевдин кызы профессор Неля Ахунбаева учурда Кыргыз-славян университетинде болочок дарыгерлерге билим берип, андан тышкары Улуттук госпиталдын кан-тамыр хирургия бөлүмүндө эмгектенүүдө.

Неля Ахунбаева “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди. Неля Ахунбаеванын пикиринде хирург болуу, анан калса аял кишинин хирургдук кесипти аркалашы оңой эмес:

- Айрыкча аялдар үчүн хирург болуш оңой эмес. Үй-бүлө, бала-бакыра дегендей... Бирок мен балдарыма деле татыктуу тарбия бердим деп ойлойм. Хирургдук кесипти болсо жанымдай сүйөм. Ансыз жашоомду дегеле элестете албайм.

Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмү көп жылдардан бери оңдоп-түзөлбөй келген.

Быйыл мына улуу дарыгердин мааракелик жылында кан-тамыр хирургиясы бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, Ахунбаевдин шакирттеринин бири Мамбет Намазбековдун айтымында, бөлүм толук оңдоп-түзөлүүдөн өттү.

Учурда Иса Ахунбаевдин дарыгерлик өмүр жолун чагылдырган даректүү (документалдуу) эки китеп жарыкка чыкты.

Ошондой эле улуу хирург тууралу “Ахунбаевдин мурасы” аттуу даректүү тасма жаралды.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борборунун директорунун орунбасары Айдар Шералиев “Азаттык үналгысына” улуу инсандын мааракесине байланыштуу жасалып жаткан саамалыктарды маалымдады:

- Иса Ахунбаевдин мааракелик жылында Кыргызстандын кан-тамыр хирургдарынын коомун түздүк. “Кыргызстандын кан-тамыр хирургиясы кечээ, бүгун жана эртең” аттуу сүрөттүү эки альбом чыгардык. Ошондой эле бул улуу инсан тууралуу даректүү тасмалардын негизинде фильм тарттык.

Академик, профессор Иса Ахунбаевдин жаркын элеси эч унутта калбай турганын бүгүнкү кыргыз илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү байма-бай айтууда.

24-сентябрда болсо Иса Ахунбаевдин туулуп өскөн жери Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айлында академик Ахунбаевдин айкелинин салтанаттуу ачылышы болот.

25-сентябрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде Иса Ахунбаевдин туулган күнүнүн урматына арналган дагы бир илимий жыйын өтөт.

Конференциянын алкагында Ахунбаевдин өмүр жолун чагылдырган китеп жана сүрөт көргөзмөсү да уюштурулат.
XS
SM
MD
LG