Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:49

“АПТА”: ТҮРКМӨНСТАН СУНГАН ОТ ЖЕТЕБИ, БИЙЛИКТИН ЖУМШАРЫШЫНЫН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?


Өтүп бараткан жумада кыргыз бийлиги Түркмөнстандан газ, электр кубатын алууга аракеттенди, революциялык комитет бийликти конституциялык жол менен алмаштыруу баракчаларын таратты, шайлоо бийлиги оппозиционерлер Бабырбек Жээнбеков жана Ишенбай Кадырбековдун жергиликтүү шайлоого талапкер катары катышуу укугун камсыздоо багытында оң кадамдарды жасады.

Кремль насыя берээр бекен?



16-сентябрда Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов бир күндүк иш сапар менен Москвада болду. Орусиянын борборунда ал орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.

Орус өкмөт башчысы отун-кубат жаатынан башка металлургия, айыл чарба, унаа (транспорт) багытында кызматташууларды өнүктүрүү сунушун койду.

Албетте, Кыргызстан бардык багыттарда инвестицияга каршы эмес. Бирок Камбар-Ата ГЭСтери үчүн жеңилдетилген насыяга көбүрөөк муктаж болуп турат.

Андай насыя орус тараптан суралганын президент Курманбек Бакиев Ош, Жалал-Абад облустарына сапары учурунда элге ачык айтты.

Азыркы отун-кубат тармагындагы кризис андай өтүнүч коюуга негизги себеп болуп жатканы белгилүү.

Түркмөнстан сунган кол Ала-Тоого жетеби?



Токтогул суу сактагычындагы сууну 2006-2007-жылдары эсепсиз агызып, азыр ошонун капшабын тартып жаткан Кыргызстан Түркмөнстандан отун-кубат суроого мажбур болду.

Өлкөнүн өнөр жай, кубат жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков Түркмөнстанга барып, электр кубатын, газ сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

Түркмөнстандагы кыргыз элчисинин кеңешчиси Мелис Сыдыковдун бизге билдирүүсүнө караганда, түркмөн тарап Кыргызстанга 900 миллион куб метр газ, 1 миллиард 200 миллион килловат саат электр кубатын, суюлтулган газ экспорттоого макулдугун берди.

Бирок бул отун заттарын Түркмөнстан өзүнүн чек арасынан гана чыгарып бере алат. Аны Өзбекстан аркылуу алып өтүүнү Бишкек Ташкен менен чечиши керек.

Кыргызстандан Нарын дарыясына улуттар аралык дарыя макамын берүүсүн талап кылып жаткан Өзбекстан ага макулдук береби?

Бул маселе өтүп бараткан аптанын жума күнү Алматы шаарында болгон Борбордук Азия чөлкөмүнүн отун-кубат министрлеринин жыйынында талкууланышы керек эле.

Бирок ал жыйынга өзбек делегациясы келген эмес.

Ал эми Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан министрлери кыш мезгилинде отун-кубат тармагында кызматташуу боюнча протоколго Алматы шаарында кол коюшканын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков “Азаттык үналгысына” билдирди:

- Алма-Атада үч жак кол койду. Тажиктер, казактар жана кыргыздар. Ал эми өзбек делегациясы жыйынга келген жок.

Кыргыз министри Түркмөнстанда жетишилген келишим жана аны аткаруунун жолдору тууралуу дүйшөмбү күнү боло турган маалымат жыйынында толугураак айтаарын белгиледи.

Кыргызстан энергетиктер бирикмесинин башчысы Жамалбек Түлебердиев Түркмөнстанда жетишилген келишимдерди оң баалап, Эл аралык отун-кубат хартиясына ылайык Өзбекстандын транзитке уруксат бербей коюшка укугу жок экенин билдирди:

- "Өткөрбөй коюшка акысы жок. Себеби Энергетикалык хартия деген бар. Ага 54 мамлекет мүчө. Биз да ага киргенбиз. Анда транзит берилиш керектиги ачык жазылган. Алар транзит үчүн акы талап кылууга укуктуу. Ал эми өткөрбөй коюуга акысы жок", - деген Түлебердиев такыр болбогон шартта Кыргызстан газсыз эле кыштан чыгаарын, бирок келерки жай коңшу мамлекет үчүн оор болуп каларын эскертти:

- Бербесе бербей койсун. Анда аларга ачык айтыш керек, газ бербесеңер мейли, биз эптеп кыштан чыгарбыз, эмдиги жылы сууну биз да бербейбиз деп. Анан көрүшсүн. Суу деген бул жашоо. Суу менен түшүм алып жатышат.

Ал эми Өзбекстандын Нарын дарыясына улуттар аралык макам берүү талабы кескин түрдө четке кагылыш керектигин Түлебердиев баса белгиледи.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы бул маселе кандай чечилиш керектигин өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри, оппозициядагы саясатчы Аликбек Жекшенкуловдон сураганыбызда, анын жообу мындай болду:

- Эми биринчиден, Өзбекстан менен суу, отун-кубат эле эмес, жалпы саясий мамилени оңдош керек. Акыркы жылы өз ара саясий мамиле жакшы болбой калган. Экинчиден, биздин дипломаттар жана жетекчилер ал мамилени оңдой албаса, анда ортомчу катары башка мамлекеттерди тартыш керек. Белгилүү болгондой, биз Өзбекстан менен КМШда бирбиз, ШКУда бирбиз, ЖККУда бирбиз. Ошол жактардагы Өзбекстандын жетекчилигине таасир эте ала турган мамлекеттер менен сүйлөшүп, колдоо көрсөтүүнү сураш керек.

Жекшенкуловдун пикиринде, өзбек президенти Ислам Каримовдун Кыргызстан бийлиги менен мамилеси ар кандай болгон менен, кыргыз-өзбек элинин мамилесине көңүлү түз.

Ошондуктан кыш мезгилинде кыйынчылык болсо, биздин дипломаттар жана жетекчилик алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзсө, анда өзбек тарап газ жана электр кубатын алууга шарт түзүп берет.

Президент өз тарапкерлерин жергиликтүү шайлоону саясатташтырбоого чакырды



Бул аптада көңүлдү бурган дагы бир маселе - бул оппозициялык талапкерлердин жергиликтүү кеңештерге шайлоого жигердүү катышуусу жана Азимбек Бекназаров башында турган Революциялык комитеттин бийликти конституциялык жол менен алмаштыруу баракчаларынын жер-жерлерде таратылышы болду.

Президент Курманбек Бакиев болсо жергиликтүү кеңештерге шайлоону көп саясатташтырбоого чакырууда.

Мамлекет башчысынын чакырыгы таасир эттиби, же тийиштүү органдар мыйзамды так аткарууга өтүштүбү, айтор, дүйшөмбү күнү башкы прокуратура “Алиби” гезитинин мурунку башкы редактору Бабырбек Жээнбеков мыйзамсыз түрдө убактылуу камакка алынганын билдирип чыкты.

Ошону менен оппозициялык гезиттин редактору оппозициялык “Ата мекен” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер катышууга кеңири жол алды.

Кадырбеков шайлоо үгүтүн абакта жатып жүргүзүп, мыйзам бузулууда



Ушундай эле маанидеги чечим апрель айынан бери камакта жаткан мурдагы министр Ишенбай Кадырбековго байланыштуу да кабыл алынышы күтүлүүдө.

Кадырбеков да “Ата Мекен” партиясынан Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болуп катталган.

Анын катталуусун жокко чыгаруу арызы менен эки атаандашы Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына кайрылган эле, бирок шаардык шайлоо комиссиясы жума күнү болгон жыйында арызды канаттандыруудан баш тартты.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы Кадырбековду абакта кармоо тууралуу Каржы полициясынын сунушун четке какты.

Эми логикага ылайык Ишенбай Кадырбеков абактан бошотулуп, шайлоодо толук кандуу үгүт кампаниясын жүргүзүүгө укук алыш керек.

Бирок Ишенбай Кадырбековдун адвокаты Азимбек Бекназаровдун айтымында, Кадырбеков соттун чечими менен камалган.

Ошондуктан БШКнын чечими ага таасирин тийгизе албай турат.

Анын үстүнө БШК Кадырбеков бошотулсун деген чечим чыгарган жок деген анын коргоочусу Бекназаров буларга токтолду:

- Жогорку Кеңеш менин жазган өтүнүчүмдү канааттандырып, Кадырбеков чыгарылууга тийиш деп чечимин чыгарып берди. Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетинен төрагасы Зайнидин Курманов кол койгон түшүндүрмөдө: “Шайлоо” кодексинин 28-беренесинин 5-бөлүмү Кадырбековго карата колдонулат, ал жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары бошотулууга жатат” деп айтылган. Аны Каржы полициясына алып бардык эле, бүгүн иш күн эмес деген шылтоо менен карабай кетип калышты.


БШКнын оппозицияга карата туруму неге “жумшара” баштады?



Жогоруда айтылгандай, Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү депутаттыкка талапкер Кадырбековду абакта кармоого каршы чыкты.

Оппозициялык талапкерлерге карата мындай жумшартылган мамиленин себеби эмнеде?

Бийлик, бери дегенде шайлоо бийлиги мыйзамдуулукту карманууга өттүбү?

“Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов бул суроолорго мындайча жообун айтты:

- Мен ойлоймун, себеп башкада.Бийлик социалдык-экономикалык маселе улам курчуп бараткандан, кризис тереңдеп бараткандан, элдин арасында нааразылык күчөп бараткандан жок дегенде ушул жактан кичине жол берейли дегенсип жатат. Бирок Кадырбеков боюнча менде башка маалыматтар бар. Азыр айтууга болбойт... Бийлик аны бошотууга барбайт го. Алар маалымат каражаттарына башка сөз айтып, бирок саясий көшөгөнүн артында башка оюндар болуп жатат.

Революциялык комитет дагы эле бар экендигин билдире баштады



Бул жумада Азимбек Бекназаров башында турган Революциялык комитет бир топ активдүүлүктү көрсөтүп, бийликти конституциялык жол менен алмаштыруу боюнча чакырык камтылган баракчаларды таратты.

Баракчалар Нарын, Ош облустарында таратылды. Расмий бийлик аны “антиконституциялык”, “чагымчыл” аракет катары баалады.

Бирок Революциялык комитеттин лидерлерине карата кандайдыр-бир чара көрүүгө барган жок.

Анткени баракчаларда конституцияга, мыйзамга каршы келген эч чакырык жок дейт Революциялык комитеттин лидери Азимбек Бекназаров:

- Ал жерде эч нерсе деле жок. 2005-жылы 11-мартта ушундай эле чакырык менен чыкканбыз. Болгону мен Акаев дегенден кийин Бакиев дегенди кошуп койдум. Акаевден айырмаланып, бул эки нерсени кошуп алды деп жаздык. Бакиев кен байлыктарды жана шайлоочулардын шайлоо укугун менчиктештирип алды дедик. Калганы ошол эле 2005-жылдагы чакырык.

Дегиңкиси, мыйзам жолу менен бийликти алмаштыруу чакырыктары демократиялуу Батыш коомунда байма-бай таркатылат.

Саясий деңгээли тар, өз мыйзамын өзү окубаган аткаминерлери арбын авторитардык коомдордо «бийлик алмашуу» деген сөздүн өзү эле бийлик өкүлдөрү тарабынан «төңкөрүшчүл», «козголоңчул чакырыктай» кабыл алына берет.

Ал эми 2005-жылы ыңкылапты баштан кечирген өлкөдө мыйзам чегиндеги чакырык сабырдуу жана мыйзамга ылайык мамилеге туш болгондой.

Антейин десек, алыскы Нарын шаарында оппозициядагы «Ата Мекен» партиясынын кеңсеси дал ушундай мыйзам чегиндеги чакырыктар бар баракча табылганы үчүн жергиликтүү коопсуздук кызматтары тарабынан бир күнгө жабылууга дуушарланганы кандай?
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG