Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун ишембидеги Исламабад шаарындагы Марриот конок үйүнүн жанындагы террордук жардырууну кескин айыптады. Жардыруунун айынан бери дегенде 60 киши набыт болуп, 200дөй киши жаракат алды. Соңку апталарда өлкөнүн чек ара аймагындагы исламчыл козголоңчуларга каршы аскердик чаралар күч алган соң, террорчул аракеттер да жанданганы кабардалууда.

20-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 19:00 чендерде Пакистандын ордо шаарындагы Марриот конок үйүнө бомба катылган унаа жакындап келип, сакчылар унааны текшере баштаганда ири жардыруу болду.

Адистердин оюнча, оор жүктү оодарып түшүргүчү бар чоң унаада бери дегенде бир тоннадай жардыргыч зат болгон.

Жардыруунун айынан бери дегенде 60 киши набыт болуп, 200дөй киши жаракат алды. Мейманкананын салтанаттуу кире беришинин жана ири банкет залынын шыбынын бир бөлүгү урап түштү.

Бул окуядан саал мурдараак эле өлкөнүн жаңы президенти Асиф Али Зардари (ал мурдагы премьер-министр, террордук чабуулдан мерт кеткен маркум Беназир Бхуттонун күйөөсү) парламентте алгачкы жолу мамлекет башчы катары чыгып сүйлөгөн болчу. Зардари террорчулуктун тамырын кыркууга чакырган.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек, бирок аны талипчил козголоңчулар уюштурганы жоромол кылынууда.

Ордо шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шектүү делген унаалар тинтүүгө алынууда.

Жардыруудан көп узабай, президент Зардари сыналгы аркылуу элге кайрылып, террорчулук - өлкөнүн рак оорусуна айланганын, бирок бул сыяктуу чабуулдар террорчулукту түп-тамырынан бери жоюуга карата саясий эркти эч майтара албастыгын баса белгиледи.

Эл аралык коомчулук өкүлдөрү (анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун) жардыруу уюштургандарды терең айыптап чыкты. АКШ президенти Жорж Буш террорчулукка каршы күрөштө Вашингтон Исламабадга ар тараптуу жардам көрсөтөөрүн билдирди.

Соңку апталарда Пакистандын дүрбөлөңдүү чек ара аймагындагы исламчыл козголоңчуларга каршы аскердик чаралар күч алган соң, террорчул аракеттер да жанданды.

(Сүрөттө: жардырууга дуушар болгон Марриот конок үйү, http://www.nytimes.com/slideshow/2008/09/20/world/ булагынан алынды.)
XS
SM
MD
LG