Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Өткөн айдын ортосунда Эл аралык кризис тобу Кыргызстан саясий-экономикалык опуртал жагдайга капталганын, өлкө башынан кечирип жаткан энергетикалык кризис бийлик башындагылардын иш билбестигинен чыкканын ырастаган кезектеги бүтүмүн жарыя кылган. Эл аралык иликтөөчүлөрдүн алдагыдай бүтүмүн такай баам сыртында калтырып келаткан өкмөт ушу тапта калкка кышка отун-сууну арбын камдоону сунуш кылууда.

Эл аралык кризис тобунун бүтүмү боюнча энергетикалык таңкыстык жалаң экономикалык-социалдык чиеш маселелерди эле козгоп чыкпастан, азыркы бийликтин өлкөнү башкара алабы суроосун алдыга жайышы ыктымал.

Айылдагылар - тезек, калаалыктар көмүрдү көп алышы керектигин ырастаган бийлик башчыларынын байма-бай эскертүүлөрү отун сатуучулардын ишинин илгерилешине жакшы шарт түзүп берди.

Кыргызстандын айрым аймактарында бир тонна көмүрдүн баасы 7 миң сомду чапчып, ал дагы көтөрүлөрү болжолдонууда. Кысталыш кырдаалда колдоо-көмөк көрсөтүп калышы ыктымал Орусия бул ирет алдыга Грузия менен болгон чатагын, Түштүк Осетия менен Абхазия эгемендигин таануу маселесин коюуда.

Созулуп бараткан энергетикалык кризистин салакасы кандай болуп жатканын Кыргызстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров мындайча мүнөздөйт.

- Анан өзүбүздүн энергокризистер дагы экономикабыздын өсүш ыраатына таасирин берип жатат. Өзүңүздөр билесиздер, биздин министрлик январда үч сценарийди иштеп чыктык эле. Оптимисттик, пессимисттик жана негиздүү деп. Тилекке каршы, биз пессимисттик сценарийден да ылдый түшүп кеттик.

Жыл аягына чейин “ылдый түшүү” канчага жетерин болжош кыйын. Акылбек Жапаров энергокубаттуулуктардын жетишсиздигинен өндүрүш ишканаларынын ишке кирүүсү кечеңдеп, бул жагдай ишкердиктин өнүгүшүө терс тийгизип жатканын кошумчалады.

Айрым адистердин пикиринде, өкмөттүн кризистен кантип чыгуу, мындан аркы экономикалык багытты так аныктаган программасы жок. Экономика илим доктору, профессор Жусуп Пиримбаевдин ырасташынча, алдагыдай милдет азыркы өкмөттүн колунан келбей турат.

- Ушул убакка чейин оптимисттик, пессимисттик, анан орточо, нормалдуу экономика деген программаларын айтып алышып эми пессимисттик жакка өтүп жатышат. Өзү негизи бул өкмөттүн алсыздыгын көрсөтүп жатат. Көрө билбегендигин көрсөтүп жатат. Инфляцияны кандай башкарганды билбей жатышат.

Айрым адистердин ырасташынча, өкмөт Кыргызстанда бекем орун-очок алган бийлик вертикалы шартында президенттик администрациянын экономикалык бөлүмүнүн гана кызматын аткарып келатат. Ошон үчүн энергетикалык кризистин капшабы менен министрлер кабинети кайсы бир саясий кызыкчылыктардын садагасына чабылып кетиши оңой эле.

Эл аралык кризис тобу созулуп бараткан энергетикалык жетишпестик чыдамы түгөнгөн калктын нааразылыгын деле туудурушу ыктымал деп эсептейт. Анан да бийлик көпчүлүктүн каршылыгын күч менен басып коюуга деле даяр.

“Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын жетекчиси Амангелди Муралиев азыркы бийлик башчылары кысталыш кырдаалдан кантип чыгуунун жолун табалбай, бирок да аны такай ойлонуп отургандай түр көрсөтүшүүдө дейт.

- Глобалдык, негизги стратегиялык маселелерди чечүүгө кызыккан жан жок. Эч нерсе жасашпайт. Алар санаага батып, президенттин кеңешмелерди кантип өткөргөнүн көрсөтүшөт. Аны баарыңар көрүп жүрөсүңөр. Бирок да акыл-эстүү чечимдерди, ыкчам чечимдерди, анан да караңгылыктан жарыкты көрсөткөн туура чечимди кабыл алышканын мен көрө элекмин. Мүмкүн башка бирөөлөр көргөндүр. Эгер ыкчам иш-чаралар жасалбаса, чечкиндүү кадамдар жасалбаса бул толкундун кубаты бийик, баарын чайпап кетиши мүмкүн.

Эл аралык кризис тобунун бүтүмүндө К.Бакиевдин режими үчүн 2008-жылдын аягы өтө эле кыйынга турушу мүмкүн. Энергетикалык кризистин капшабы менен нааразы болгон калк 2005-жылдагыдай козголуп чыгышы деле ыктымал экенин оппозиция өкүлдөрү кыйладан бери айтып келатышат.
XS
SM
MD
LG