Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Эл аралык байкоочулар Беларуста боло турган парламенттик шайлоодо өксүктөр бар экенин айтышууда


Алардын билдиргенине караганда, бул шайлоолордо чыныгы атаандаштык жокко эсе. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму 28-сентябрда өтчү шайлоолорго даярдыктар катуу көзөмөл астында болуп жатканын белгиледи. Беларус президенти Александр Лукашенка бийликте 14 жылдан бери отурат. АКШ жана Евробиримдик аны шайлоо жыйынтыктарын бурмалап, саясий оппонентерин куугунтукка алып, эркин маалымат каражаттарын жапкандыгы үчүн кескин сындап келет. Айрым Батыш өлкөлөр бул шайлоо демократияны түптөйм деп убада кылган Лукашенка үчүн олттуу сыноо болоорун айтышууда.

XS
SM
MD
LG