Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

АКШнын каржы базарында туруктуулукту сактоо аракетине карабастан, дүйнөлүк баалуу кагаздар базары солкулдоодо


Мындай кырдаал АКШ өкмөтү карызга баткан банктарды куткаруу калуу жана дүйнөлүк каржы кризисинин кесепетин азайтуу үчүн экономикага жүздөгөн миллиард доллардык көмөк кыла тургандыгы тууралуу билдирүүдөн кийин ого бетер курчуду. Айрым адистердин баамдашынча, мындай көмөкчү иш аракет америкалык салык төлөөчүлөр үчүн 500 миллиард доллардан ашуун түйшүк болмокчу. АКШ президенти Жорж Буш өлкө кыйын кезеңге кептелип турганда мамлекет ара тараптуу аракеттерди көрүшү абзел экенин белгиледи. Жума күнү АКШдагы, Европадагы жага Орусиядагы баалуу кагаздар базарлары кыйла дүрбөлөңдү баштан кечирди. Орусиялык биржалар эки ирээт ачылып, баалуу кагаздардын наркынын кескин түшүүсүнөн улам чукул арада кайра жабылды.

XS
SM
MD
LG