Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

Кыргызстанда көмүр эң арзан баада сатылып жаткан аймак - Нарындын Жумгал району. Бул жерде “кара алтындын” 1 тоннасы 1600 сомдон сатылууда. Ал эми Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында, Нарындын башка райондорунда көмүрдүн тоннасы 2,5 миң сомдон кем эмес. “Азаттыктын” экономикалык “Адам жана базар” программасынын бул жолку чыгарылышында Кыргызстандын түндүк аймактарындагы көмүр баасын, кышка даярдык тууралуу кеп болмокчу.

Кыргыз өкмөтү өлкө көмүр менен жетимиш пайызга камсыз болгондугу тууралуу маалыматын берүүдө. Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаевдин шаршемби күнү билдиргени боюнча өлкөгө кыштан чыгуу үчүн 2 млн 200 миң тонна көмүр керек. Учурда өлкө көмүр менен жетимиш пайызга камсыздалган. Акылбек Түмөнбаев жетишпеген көмүр Казакстандан алынып келинээрин да кошумчалады.

Ошол эле учурда көмүрдүн баасы жер-жерлерде болуп көрбөгөндөй кымбаттап жатканына карапайым элдин нааразылыгы күчөдөө. Кыргызстандын алыскы аймактарынын бири болгон Баткен облусунда 1 тонна көмүр 7-7,5 миң сом турат. Аталган аймакта Сүлүктү шахтасы бар. Көмүр кенине бай, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Тегене ж.б. ондогон көмүр кендери орун алган Жалал-Абадда “кара алтындын” орточо баасы 4-4,5 миң сом турат. Ушундай эле кендерден уучу кур эмес Ош облусунда да көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдун айланасында.

Бишкекте акыркы маалыматтар боюнча Казакстандын Караганды, Шабыркүл, Кара-Жага кендеринен алынган көмүр тоннасына 3 миң сомдун айланасында, ал эми Кара-Кече көмүр кенинен казылып алып келинген “кара алтын” тоннасына 4,5 -5 миң сомдун тегерегинде сатылууда.

Көмүрдүн эң арзаны - Нарындын Жумгал районунда

Сапаттуу көмүр деп эсептелген Кара-Кече көмүр кени орун алган Нарында кара алтын баасы 2, 5 миң сомдон 3,5-4 миң сомго чейин сатылууда. Ал эми облустук бийлик баалар мындан кыйла төмөн деген маалыматтарды берип жатышат. Быйылкы кыш мезгили үчүн Теңир-Тоо жергесине жалпысы 44 миң 639 тонна көмүр керектелээри болжолдонгон. Алдын-ала эсептөө боюнча анын 18 миң 350 тоннасын облус тургундары пайдаланат. Жергиликтүү бийлик электр энергиясынын арабөк абалына карап калкка дагы кошумча 10 миң тоннадай көмүр таратууну мелжеп жатат.

Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Мирадил Бакашов учурда элге 6 миң тонна көмүр таратылып сатылгандыгын “Азаттыкка” билдирди. Коомдук укук коргоо уюмунун жергиликтүү кызматкери Урмат Акунов болсо Нарын районунун бир катар айылдарында көмүр али жеткириле электигин айтат:

-Четинди айыл өкмөтү чоң айыл өкмөт. Ал жерде, ошондой эле Дөбөлү айыл өкмөтүндө да көмүр апкелине элек, биз сурамжылоо жүргүздүк.

Губернатордун биринчи орун басары Мирадил Бакашев облус алкагында көмүр баалары аныкталгандыгы тууралуу буларды айтты:

-Кочкор районунда 2 500 сомго чейин, Ат-Башы районунда 3 100, Нарын шаарында 3 000 сомго чейин, ал эми Жумгал районунда 1 600-1 700 сомго чейин деп, көмүрдү сатуу бааларын койгонбуз. Бул тартылып алып келинүүчү баасы, жол чыгашасы ичинде.

Ал эми элеттиктердин көмүрдү канчадан сатып алып жаткандыгы тууралуу айткандары башка болуп чыкты. Нарын районундагы Таш-Башат айылынын тургуну Бекбосун Өскөнбаевдин айтуусунда, көмүр орто мектептерге алып келинип атканы менен карапайым тургундарга жете элек:

-Биз жашаган айылга көмүр жете элек али. Губернатор 3 миң сомдон ашырбайсыңар деген экен, бирок азыр чечиле элек го..

Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылынын мал доктуру Үмөтаалы Саалаев көмүр октябрь-ноябрь айларында сатылаарын, ага чейин баалар 3,5-4 миң сомдон ылдый болбой тургандыгын маалымдады. Анын белгилешинче жергиликтүү эл бир нече жылдардан бери көмүр ала албай негизинен отун менен малдын көңүн жагып кыштан чыгышууда.

Ал эми Нарын шаарынын тургуну Максат Мамбеталиев көмүрдүн наркы дагы кымбаттап кетеби деп шаардагы базардан ар бир тоннасын 3 миң 600 сомдон сатып алган:

-Биртике көмүр алымыш эттик. Дагы кымбаттап кетпесин деп жатабыз да. Бирок бул 2 тонна көмүр биздин шартта жетпейт.

Нарын шаарынын жашоочусу Нургүл үч жылдан бери шаар мэриясынын көмүрканасынын сатуучусу болуп эмгектенет. Анын айтуусунда, социалдык жардам катары атайын тизме менен элге көмүр берилип жатат:

-Жалпы 45 тоннадай көмүр түшүрүлдү. Бирок азырынча башкаларга сата элекпиз. 3 000 сомдон беребиз, биз көрсөтүлгөн баага кошо да, кемите да албайбыз.


Казактарга коңшу Таласта да көмүр каат

Талас аймагында да көмүрдүн баасы башка дубандардан кымбат болбосо, арзан эмес. Казакстанга жакын жайгашканы менен Таласта “кара алтын” баасы тоннасына 2,5-3 миң сомдун айланасында сатылып жатат. Талас шаарынын тургуну Асылбек Дүйшөналиев жаз айларында эле көмүрдү 2 миң сомдон алып койгон. Ал эми Талас районунун тургуну Болот Керималиев бир жума мурун көмүрдүн тоннасын 3 700 сомдон сатып алганын “Азаттыкка” маалымдады.

Облустук бийлик азыркы тапта өкмөт тарабынан Таласка Казакстандан тоннасы 2 600 сом турган көмүр Маймак темир жол бекети аркылуу ташылып жаткандыгын маалымдоодо. Аталган бекетке жакын турган район, айылдарга арзан көмүр жеткени менен алыскы айылдар көмүрдүн баасы 4 миң сомго чыгып кетип жаткандыгына нааразы. Талас районунун Көпүрө-Базар айлынын тургуну Ороз Курамаев бул айылга бир тоголок да көмүр келбегенин айтып, бийлик кышты катаал болот деп эскертип эле тим болбостон, элди кыштан аман алып чыгуунун камын көрсө болмок деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.


Көл кылаасында да ушул абал

Ысык-Көл дубанында быйылкы жылы кышында электр энергиясынын кубаттуулугу азайтылаары азыртан маалымдалып, элди көмүр менен камсыз болууга чакырууда. Бирок ошол учурда көлдүктөрдүн 30 пайызы гана көмүр менен жабдылышты. Быйылкы кыштан чыгуу үчүн жалпысы болуп облус калкына 105 миң тонна көмүр зарыл. Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 4,5 миң сомго, Жыргалаң шахтасынан чыккан көмүр 5 миң сомго көтөрүлдү. Балыкчы шаарындагы отун-көмүр базасы менен айыл өкмөт башчылары сүйлөшүүлөр жүргүзүп, Жыргалаң шахтасынын көмүрүн 3 500 сомдон сатып алууга макулдашууда.

Облус борбору Каракол жылуулук борбору керектөөчү 24 миң тонна көмүрдүн жарымын даярдап койгон. Ишкана жетекчиси Автандил Абдыкадыров облустук бийлик 1 млн сомдон ашуун, чегара кызматы 800 миң сомдук карызын төлөбөй келе жаткандыгын “Азаттыкка” кабарлады. “Чыгышэлектро” АК жетекчиси Рыскул Мухамеджанов быйылкы жылы электр энергиясы 450 млн кВт саатка азайгандыгын эскертти. Ысык-Көл облусу боюнча 194 мектептин 31и гана көмүр менен жылытылат. Булар да отун менен камсыз боло элек.


“Өз агасын агалай албаган, башка бирөөнүн эшигин сагаалайт..”

Айрым адистердин айтуусунда, Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө көмүр кендерине бай өлкө болуп эсептелет. Cоюздун тушунда Кыргызстанда жылына 4 млн тоннадан ашуун көмүр казылып алынып, СССРдин башка аймактарына да жиберилип турган. Ушул тапта жалпы өлкө муктаж болуп жаткан 2 млн 200 миң тонна көмүрдүн дээрлик жарымы коңшулаш Казакстандан алып келинет.

Кыргызстандагы “Тоо кенчилер” ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев: көмүр казып алуу тармагындагы коррупция жоюлмайынча акыбал оңолбойт.

-Орозбек мырза, көмүр казып алуу тармагында өзүнүн көп мүмкүнчүлүктөрү бар туруп, эмне себептен Кыргызстан Казакстанга көз каранды?

-Биз дайыма эле айтып келе жатабыз. Жогорку Кеңештин депутаты болуп жүргөндө ар бир пунктуна чейин чечмелеп, маселе кайда жаткандыгын көрсөтүп бергенбиз. Бирок биздин өкмөт элди ойлогон жери жок. Адистерди чыкырбайт, алардын пикирин угуп, бул маселени чечүүгө аракет кылса болмок. Биздин ассоциацияда эле төрт академик, жети илимдин доктору бар. Мына ушуларды чакырып, алардын акылын алса болот. Адистер менен сүйлөшкүсү келбейт, уккусу жок. Элди ойлосо муну жасаса болмок. Ушунун натыйжасында энергетика, жылуулук кризистери келип чыгып жатат.

-Союздун тушунда бул маселе кандай чечилчү? Билишимче, ошол убакта да коңшу Казакстандан, Орусиядан көмүр алынып келинчү.

-Кыргызстанда жылына 4,5 млн тоннага чейин көмүр казып алчубуз. 1990-жылы 3 млн 600 миң тонна көмүр казып алганбыз. Азыр анын бири жок, 3 млн го да жетпейт. Бүт талкалап салышты. Көмүр казуу тармагындагы коррупция тууралуу көп эле айтып, козгоп жүрөм. Бул маселе боюнча кайрылбаган жерибиз калган эмес, өкмөткө, ИИМге, УКМКга, ал тургай Коопсуздук кеңешине да кат жазганбыз. Бирок жооп, натыйжа жок.

Эгер коррупцияны, өзүм билемдик, мафияны жоюп, жакшылап иштете билсе, бул тармак биздин өлкөгө өтө чоң пайда алып келет. Нефть кымбаттайт, газ түгөнөт. Бизде болсо дагы 5-6 млрд тонна көмүрдүн запасы бар. Бул союздун тушунда эле изилденип, аныкталган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG