Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

АПТАНЫН МАДАНИЙ КАБАРЛАРЫ


17-сентябрда Улуттук китепкана улуу муундагы акындар менен жаш акындардын “Оту өчпөгөн талант ордосу” поэзия кечесин өткөрдү. Ага Анатай Өмүрканов баштаган белгилүү акындар жана жаш калемгерлер катышты. Мындай жолугушуулар айына эки мертебеден өтүп турмакчы.

18-сентябрда Кыргыз Илимдер улуттук академиясында Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөндүгүнүн жүз күндүгү белгиленди. Эскерүү кечесинде “Академик Чыңгыз Айтматов” аттуу кырк мүнөттүк кинотасма көрсөтүлүп, андан кийин “Манас таануу жана маданиятты жайылтуу” борборунун алдында чыгып жаткан “Адабият жана искусство маселелери” журналынын 3-4-5- Айтматовго арналган сандарынын жана залкар жазуучуга арналган ырлардан турган “Айкөлдүгү Манас баба өңдөнүп” аттуу жыйнактын бет ачары болду. Кеченин аягында Айтматовго арналган ырлар аткарылды.

Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуев да Чыңгыз Айтматовго көптөгөн поэзия саптарын арнаган. Сооронбай Жусуев Айтматовдун чыгармачылыгынын адамзат үчүн түбөлүктүүлүгүн белгиледи:

Кыргыз адабияты эле эмес, кыргыз эли чоң жоготууга учурады. Айтматов 80 жылдык өмүрүндө кыргыз эли үчүн чоң эмгек өтөп кетти. Айтматовдун аткарган эмгектери эрдикке татыктуу.

19-сентябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Чолпон жылдызы” эл аралык музыкалык сынагына тандоо туру өттү. Талапка ылайык катышуучулар кеминде эки жыл чоң сахнада ырдоосу керек. Сынактын финалдык туру 4-5-октябрда Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” этнографиялык комплексинде чыгарылмакчы.

Дарыгерлик менен кошо колуна калем алып ыр да жазып келаткан акын Токтаалы Жапаровдун отуз үч басма табак көлөмүндөгү “Өмүр жолу” аттуу экинчи ыр китеби чыкты. Акын чыгармаларында көбүнчө кыргыз табиятына, аны коргоп сактоого жана кыргыздын тарыхый инсандарынын өмүр жолуна кайрылып келатат.

Өткөн жуманын башынан ырчы Мирбек Атабеков Орусиядагы кыргыз мекендештерине жеке концертин тартуулап баштады. Ырчынын продюсери Канат Култаевдин билдиргенине караганда, алар дагы Орусиянын бир катар шаарларын кыдырышмакчы.

19-сентябрда Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик сүрөт музейинде Борбордук Азияда биринчи жолу ачылып жаткан сүрөтчүлөрдүн “Үч-Эмчек Арт” резиденциясынын долбоорунун көргөзмөсү ачылды.

Фотосүрөткер Шайлоо Жекшенбаевдин пикиринде, Кыргызстанда ачылганы жаткан “Үч-Эмчек Арт” сүрөтчүлөр резиденциясынын ачылышы дүйнө сүрөтчүлөрүнүн биргелешип иштөөсүнө, тажрыйба алмашуусуна шарт түзөт.

"Үч-Эмчек Арт" сүрөтчүлөр резиденциясынын ачылышы – бизге дүйнөлүк сүрөтчүлөр менен тыгыз байланышууга шарт түзөт. Алар бизге келип, биз аларга барып дегендей... Сүрөтчүлөрдүн чеберканалары, атайын чоң көргөзмөлөр өтчү залдар мына ушул резиденцияга салынмакчы.
XS
SM
MD
LG