Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Пакистандагы жардырууну коңшу өлкөлөр айыптап чыгышты


Коңшу Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх (Manmohan Singh) өзүнүн пакистандык кесиптеши, өкмөт башчы Йусуф Реза Гиланиге (Yousuf Raza Gilani) жазган катында ишембидеги жардыруу террорчулуктун ойрондоткуч жүзүн айгинелегенин билдирип, өмүрүнөн ажырагандар үчүн көңүл айткан. Кытай тышкы иштер министри Йаң Цзечи (Yang Jiechi) өз өлкөсү терроорчулуктун ар кандай түрүнө каршы экенин билдирди. Иран тышкы иштер министрлиги, Ооганстан президенти жана Исламдык Конференция Уюму бул террордук иш-чараны терең айыпташты.

XS
SM
MD
LG