Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

НЕМИС ЖЕРГЕСИН БАЙЫРЛАГАН МУСА ЖЭЭНБЕК КАРЫЯ 89 ЖАШЫНДА КӨЗ ЖУМДУ


Маектешкен Айнура Жекше кызы, Прага Экинчи дүйнөлүк согуштан бери бозгунда өмүр кечирип келген кыргыздардын бири, Германиянын тургуну Муса Жээнбек карыя 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын тар жол, тайгак кечүүгө бай өмүр жолу тууралуу “Азаттык үналгысында” (баш кеңсеси Мүнхенде жайгашкан кезде) иштеген ардагер кызматкерибиз, учурда ардактуу эс алууда Мүнхенде жашап жаткан Майра Жакып келини бизге телефон аркылуу азыноолак кеп куруп берди. Майра жеңе “Азаттык үналгысын” түптөгөндөрдүн бири жана алгачкы деректири, маркум Төлөмүш Жакып уулунун жубайы эле. Угармандарыбыз жеңебизди “Бактыгүл” аты менен дурус билет. Майра жеңе өз сөзүн ыраматылык Муса Жээнбектин төрөлгөн жылы тууралуу маалыматы менен баштады.

- Муса Жээнбек агай 1919-жылы январь айында төрөлгөн.

Мен бул жакка дем алышка келээрдин алдында сүйлөштүк, мени 90 жылдык туулган күнүнө чакырган эле. Бирок кайтыш болуп калды, мен да баралбадым.

Ал Экинчи Дүйнө согушунда немистерге туткунга түшүп, бул жакта калган эле. Өзү Кыргызстандын түштүк жагынан болсо керек, бирок так биле албайм.

- Германиянын кайсы шаарында турчу эле?

- Германиянын Нюрнбергге жакын Амберт деген кичинекей шаарында турчу. Андан кийин немис айымга үйлөнгөн, андан Анна-Лиза деген бир кызы бар. Кызы азыр 50 жашта болсо керек. Аялы кайтыш болду.

Кызы жакшы кыз. 1992-жылы менин ыраматылык жолдошум Төлөмүш Жакып уулу менен Жээнбек агай, кызы болуп бирге Кыргызстанга бардык.

Кайтканда кызы бардык нерселерин ошол жакка таштап келген, өзү эч нерсеси жок келген, чемоданың кайда десем: “Мен бардыгын (туугандарга) таштадым” дейт.

Ушундай жакшы кыз экен. Атасын акырына чейин карады. Эң жакшысы, ал мусулманчылыкты билчү.

Менин чоң кызым (сөөк коюуга) барды, мага телефонун айтышты, мен аларга дарегин бердим, чакыр деп.

- Кыргызстандагы жакындары , туугандары келдиби, алар менен катышып турчу беле?

- Бир ирээт Германияга карындашы келди, 1992-жылы биринчи жолу өзү Кыргызстанга барды.


- Андан кийин бардыбы?

- Андан кийин барган жок. Бир эле жолу барды. Андан кийин карындашын келтирсе керек. Ошондой деп уккан элем, бирок мен көрбөдүм.

Сөөк коюуга бир саат калганда «сенин жиберген молдолоруң келбей калды, эмне кылабыз эми» деп мага телефон чалышты.

Немистер бир саатка чейин молдо келбесе, аны немис каадасы боюнча көмөбүз дешиптир.

Анда менин кызым телефон чалып “Эне, анда биз экөөбүз сөөктү жууйлу” деди.

Мен "эркек кишини аялдар жуубайт" дедим. Анда сөөктү оролгон боюнча ачпай жууйбуз дешти.

Мен бул жакта телефон аркылуу байланышта турдум. Эки адам сөөктү жуушка кирди, кызы кепиндик алган экен.

Андан кийин молдолор келип кепиндеп, мусулманчылык боюнча көмүштү.

- Ошол эле шаарга көмүштүбү?

- Ошол эле шаарга.

- Ооруп жүрдү беле?

- Ооруган эмес, саламаттыгы өтө жакшы болчу. Мен бул жакка май айында келдим. Ар дайым телефон аркылуу сүйлөшчү элек.

Ошондо алдыдагы 90 жылдык мааракесине мени чакырды. Мен болсо Жээнбек агайга алдыдагы январда келем дедим эле. Бирок ага жетпеди.

Оорулуу деле эмес эле. Кызынан «атаңдын акыбалы кандай?» десем: “Атам азыр жакшы, мен ага машина, кулагына аппарат алдым, кулагы азыр жакшы угат, сага телефонду берем, сүйлөш. Мен жүрөгүмөн операция болдум, атам өтө жакшы”, - деп айткан эле кызы.

- Эмнеден каза болду?

- Ооруп калып, бир канча күн жаткан экен. Кызы болсо ооруканага алып барган экен.

- Германияда мурда эмне иште иштечү эле?

- Жөнөкөй жумушчу болчу.

- Билим алган эмеспи?

- Жок, билим албай калган. Жаш кезинде ошол жакта жүрүп бир немис кызына үйлөнүп, ошол жакта калган.

- Германиядагы кыргыздар менен байланышып турчу беле?

- Биз менен байланышы өтө жакшы эле. Башка кыргыздар жок эле бул жакта.

Албетте, согуштан кийин кыргыздар келгенде байланышы жакшы болгон, аларды ар дайым эстеп калчу.


(Сүрөттө: Муса Жээнбек өзү жашаган шаарчада. Сүрөт Анна-Лиза Мусанын үй бүлөлүк альбомунан алынды.)
XS
SM
MD
LG