Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

ФУТБОЛ: “ДОРДОЙ-ДИНАМО” КЛУБУ ФИНАЛДА ТАЖИКТЕРГЕ ЖЕҢИЛДИ


Бүгүн (21-сентябрда) Бишкектеги “Спартак” стадионунда Азиянын Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогунун финалында Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” клубунун оюнчулары менен Тажикстандын чемпиону “Регар-ТадАЗ” командалары беттешти. Кызуу жүргөн таймаштын негизги убактысында алар тең чыгып, акыры “Регар-ТадАз” командасынын жолу болуп, жекеме-жеке топ тебүүнүн жыйынтыгында тажик коноктор баш байгенин ээси болушту.

Бишкекте өткөн Азиянын Футбол боюнча континенталдык федерациясынын Президентинин кубогунун финалдык беттешүүсүндө Тажикстандын чемпиону “Регар-ТадАз” командасы менен Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы күч сынашты.

Мында “Дордойдун” чабуулчусу, африкалык легионер Давид Тетте айырмаланып, атаандаштардын дарбазасына топту таамай багыттап, эсепти ачты.

Ал эми экинчи таймда болсо Тажикстан өлкөсүнүн чемпиону “Регар-ТадАЗ” командасынын чабуулчусу Даврон Токтосунов айырмаланып, эсепти теңдөө менен командасын ишенимдүү алга сүрөдү.

Мында негизги убакытта же эки таймдын жыйынтыгында 1:1 эсеби менен эки өлкөнүн чемпиондору тең чыгышып, дагы 30 мүнөт кошумча убакытта мөрөй талашты.

Ошентип Азиянын Футбол боюнча континенталдык федерациясынын Президентинин кубогунун финалдык беттешүүсүнө Тажикстандын чемпиону “Регар-ТадАз” командасынын жолу болуп, жекеме-жеке топ тебүүнүн жыйынтыгында гана баш байгенин ээси болушту.

Футбол күйөрманы Чынарбек Бейшенбековдун айтымында, Тажикстандын командасынын катарында бир нече африкалык футболчулар да ойноп, чеберчилиги кыйла жогору экени байкалган.

Ошентип Кыргыз футболунун тарыхында төртүнчү жолу Азиянын Футболдук континенталдык федерациясынын Президентинин кубогунун финалына Нарындын “Дордой-Динамо” командасы чыгып, Бишкекте утулуп, эки жолу удаа уткан Азия Кубогун колдон алдырды.

Алар бүгүн футбол күйөрмандарынын ишенимин актай албады.

“Шоро” фирмасынын жетекчиси, футбол күйөрманы Табылды Эгембердиевдин пикиринде, Нарындын «Дордой-Динамо» командасынын финалдагы атаандашы - тажикстандык футболчулардын даярдыгы дурус экен, ал эми “дордойчулар” аларды теңсинбей жатып утулуп калышты.

- Бул өнүгүп келеаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы мелдеш. Азияда футболдун деңгээлин көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде финалда “дордойчулар” атаандаштарына алдырып коюп, бизди да капа кылды. Кыргызстандык жигиттердин тажиктерди утууга көп жолу ыңгайлуу жагдайы болгону менен ошол учурду пайдалана алышпады.

Ошентип Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун жеңүүчүсү болгон Тажикстан өлкөсүнүн чемпиону “Регар-ТадАЗ” командасына 50 миң америка доллары жана Чоң күмүш кубок ыйгарылды.

Ал эми экинчи орунду камсыз кылган «Дордой-Динамо» командасына күмүш медаль жана 25 миң доллар байге берилди.

Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү да Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгонун эскерте кетели.

Бул эл аралык турнир төртүнчү ирет өткөрүлдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG