Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Пакистандын ички иштер министрлиги Исламабаддагы ишемби күнкү ири террордук жардырууну талиптер уюштурду деп эсептейт


Пакистандын ички иштер министрлигинин өкүлү Рахман Малик буга чейинки бардык террордук чабуулдар да Пакистандын Ооганстан менен чектеш аймактарындагы уруулардын арасында бекинген “ал-Кайида” уюмунун колдоочусу болгон талиптер тарабынан уюштурулуп келгенин айтты. Пакистан президенти Зардари Исламабаддагы ишембидеги террордук жардыруудан кийин жалпы улутка кайрылып, террорчулуктун тамырын жок кылууга чакырды.
Марриотт мейманканасында 20-сентябрда кечинде жүзөгө ашырылган жардыруу, бери эле дегенде 50дөн ашуун, айрым булактарга караганда дээрлик 60ка жакын сандагы кишинин өмүрүн алганы маалымдалууда. Курман болгондордун арасында Чехиянын Исламабаддагы элчиси Иво Здарек (Ivo Zdarek) да болгону кабардалды.

XS
SM
MD
LG