Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Эл аралык Тынчтык күнүнө байланыштуу Ооганстанда 21-сентябрь бейкут болду. Бери эле дегенде жекшембиде өлкөдө куралдуу кагылыштар катталган жок. Андан бир күн мурда президент Карзай өкмөт армиясы эч кандай операцияларды өткөрбөй турганын айткан эле. Буга НАТОнун жана АКШнын контингенти да кошулду. Сыягы, талиптер да эл аралык Тынчтык күнүндө кыска танапис жарыялашкан шекилди.

Ооган армиясы менен коалициянын демилгесине талиптердин кошулар-кошулбасына кызыгып, алардын өкүлүнө “Азаттыктын” кабарчысы ишемби күнү телефон аркылуу кайрылган эле.

Өзүн Йусуф Ахамади (Yousef Ahamadi) деп тааныштырган адам так жооп бергенден тайсалдап, душмандар тынчтыкты каалашса, анда Ооганстандан кетишсин деп айткан жана 21-сентябрды Тынчтык күнү деп жарыялагандар ооган жерине танктар, согуш учактары менен келип, өлкөнү басып алышканын эске салган.


“Оккупациянын биринчи күнүнөн тартып коргонуп жатабыз. Тынчтыкка чакырып, аскерлерин чыгарып кеткиле десек, оккупанттар буга кулак какпай келатышат”, - деген эле “Талибандын” өкүлү.

Башка бир жаңылык агенттиктерине берген маалыматтарында Ахамади тынчтыкка жетүүдө “бир күн менен эчтеме чечилип кетпесин, бирок бул майрамды талиптер урматтай турганын” да кошумчалаган.

1981-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 21-сентябрды эл аралык Тынчтык күнү деп жарыялаган.

Бул датаны быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы өзгөчө чыдамсыздык менен күттү.

Майрамга туштап миссия үч күн ичинде жугуштуу илдеттерге каршы дээрлик эки миллионго чукул жаш балдарды эмдеп чыгууну пландаган эле. Мындай иштин өтөсүнө чыгуу үчүн Ооганстандын шартында бир күндүн да чоң мааниси бар экенин миссиянын өкүлү Адриан Эдвардс ырастады.

Ооган армиясы менен коалициялык күчтөр өз ара макулдашылган планга ылайык жекшемби күнү эч кандай аскери операцияларды өткөрүшкөн жок.

Жалпысынан жекшемби өлкөдө тынч өттү, бери эле дегенде кандайдыр бир кагылыштар тууралуу кабарлар болгон жок.

Буга караганда талиптер да бул күнү өздөрүнө танапис жарыялашкан өңдөнөт.
XS
SM
MD
LG