Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 17:13

11:50 “Хуэймин-дунгане” ассоциациясынын айрым мүчөлөрү Башкы прокуратурага чакыртылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган ассоциациянын лидери Рахим Халиков билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратуранын орун басары Насиза Сумар ассоциациянын бир нече өкүлүн прокуратурага чакыртып, Рахим Халиковду жамандап, каралап көрсөтмө берүүсүн талап кылган. Халиков Башкы прокурордун орун басарынын мындай иш аракетин саясий кысым катары эсептейт. Анткени ал 15-сентябрда Коомдук парламентте сөз сүйлөп, бийликти кескин сынга алган. Халиков өлкөдөгү экономикалык кризис, кымбатчылык, мыйзамдуулуктун сакталбашы, коррупциянын өсүшү жөнүндө Коомдук парламентте айткан пикиринен кайтпай тургандыгын кошумчалады. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG