Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

12:05 Москвалык такыр баштарга (скинхед) сот өкүмү угузулат


Бул тууралуу билдирген “Эхо Москвы” үн алгысынын маалыматына караганда, бүгүн Москва шаардык соту улуттук жиктөөнүн негизинде адам өлтүргөн делип айыпталып жаткан өспүрүмдөрдүн тобуна өкүмүн угузат. Соттолуп жатышкан 13 адамдын көпчүлүгү өспүрүмдөр. Алар акыркы сөзүндө эки адамды өлтүрүшүп, он чакты адамга кол салууга барышканын айтышып, жабыркагандардан кечирим сурашкан. Алардын колунан мерт болгондордун бири Москвада көчө шыпыргыч болуп иштеген Кыргызстандын жараны экен. Үстүбүздөгү жылы Орусияда улуттук жиктөөнүн негизинде кол салуудан Кыргызстандык он жаран каза болгон. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG