Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

13:17 Бир топ чиновниктер “мамлекеттик мүлктү уурдады” деп айыпталышууда


Транспорт жана коммуникация министрлигинин №1-Жол эксплуатациялык ишканасынын башчысы жана айрым кызматкерлери мамлекетке 323 999 сомдук зыян келтиришкен. Бул тууралуу бүгүн Баш прокуратуранын маалымат кызматынын кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган ишкананын башчысы 132 698 сомду эмнеге пайдаланганы тууралуу тийиштүү документтерди бере алган эмес. Андан сырткары, ишкананын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, “КрАЗ-экскаватор” машинесине кошумча тетиктерди алган деген жалган маалыматты бухгалтериянын документтерине киргизип, 191 301 сом акчаны өздөрүнө пайдаланып жиберишкен. Бул боюнча Чүй облустук прокуратурасы Кылмыш кодексинин “кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдаланган” жана “кызматтык абалынан пайдаланып, ишенип берилген акчаны сарптап жиберген” деген беренелери боюнча кылмыш иштерин козгоду. (TD)

XS
SM
MD
LG