Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Кыргызстандын түштүк аймактарында жашаган калктын көңүлүн өйүгөн маселе чегара талашы болууда. Андай жерлерди коңшу өлкө жарандарынын ээлеп алуусу токтой элек. Оор турмуштун айынан чегарага жакын айыл тургундарынын үйүн сатып башка аймактарга көчүп кетүүсү уланууда. Чегараны тактоо, аныктоо иштери созулгандан-созулуп баратат. Бул көйгөй маалымдоо каражаттарында аз чагылдырылууда. “Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусунун катышуучулары: парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын өкүлү Муратбек Жураев менен Кыргызстандын Медиа өкүлү Илим Карыпбеков мына ушул теманын айланасында ой бөлүштүрөт.

- Муратбек мырза, Кыргызстандын чегарасы жөнүндө көп эле маалыматыңыз бар. Бирок кийинки кезде анын анча козголбой жатышына эмне себеп болууда?

М.Жураев: - Бул маселеге мен депутат болгондон – 2005-жылдан бери кайрылып келатам. Быйыл 4 мыйзам долбоорун сунуш кылсам анын бирөө эле өттү. Ал эми чегара жанындагы жашоочулардын өзгөчө статусу жөнүндөгү мыйзам долбоорун комитеттен эле чыгарышпай, “буга көп чыгым кетет, жакшылап ойлонолу” деп кайтарып ийишти. Анткен менен кыйла турyп калган бул проблеманы өкмөт да түшүнүп, жакында ушу чегара боюндагы жашоочулардын өзгөчө статусу жөнүндө мыйзам долбоорун бизге алып келишти. Ал долбоордун деле көп кемчиликтери бар. Бирок да жакшы жактары деле бир топ.

- Илим мырза, мына ушул Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү, анын аймактык бүтүндүгү менен мамлекеттүүлүгүнө коркунуч келтирген проблема маалымдоо каражаттарында жетиштүү козголбой, чагылдырылбай жатат деген пикир айтылуда. Сиздин оюңуз кандай?

И.Карыпбеков: - Жалпыга маалымдоо каражаттарында бул маселе козголбой жатат дегенге мен макулмун. Ал аз чагылдырылып жатат. Анын себеби, мамлекеттик органдардын азыркы жүргүзүп жаткан саясатына байланыштуу. Алар жер-жерлерде болуп жаткан окуялар жөнүндөгү маалыматты айтышпайт. Дегинкиси чегара маселеси – жер маселеси го.

Чатактын баары мына ушундан чыгып келген. Ошол эле Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселесин алалы. Кыргызстандын түштүгүндөгү чегара проблемасы. Муну мамлекеттик органдар кабарлап, жерди картанын негизинде чийип, көрсөтүп турушса жакшы болмок. Андай маалымат болбогондон кийин анын ордун ушак басып кетет. Азыркыдай жагдайга мамлекеттик органдар күнөөлүү деп ойлойм.

- Муратбек мырза, маалымдоо каражаттарында чегара проблемасынын аз, анын үстүнө үстүрт чагылдырып жатышынын себеби журналисттердин аны жакшы билбегендигинен болуп жатабы же бул жерде мамлекеттик бийликтин тоскоолдугу да болуп жатабы?



М.Жураев: - Былтыр жаңы Конституция кабыл албадыкпы. Ага ылайык айыл өкмөттөрүн акимдер бекитип калышкан. Ошондон маалымат жабылып отурбайбы. Айыл өкмөтүн аким, акимди президент бекитет. Ошондон баары бир түзүм, айтыштан ошон үчүн коркушат.

- Илим мырза, быйыл жайында бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен “Колдон жылмышкан түштүк” деген аталышта иликтөө жүргүзүлүп, анда көп жерлер коңшулар, өзгөчө Тажикстан тарабынан ээленип калып жатканы тууралуу айтылган...

И.Карыпбеков: - Муратбек мырза туура айтат. Бийлик өкүлдөрү чынында эле коркуп отурушат. Анан Муратбек мырза парламент өкүлү болгондон кийин булар да активдүү иштеши керек. Мына мен жакында Тажикстанда болдум. Ал жерде деле маалымдоо каражаттарында “кыргыздар биздин жерибизди алып жатышат, кыргыздар биздин эски жерибизди кайтарып бербей жатышат” деп жазылып жүрөт.

Бул ишти аныктоого киришкен дипломатиялык иштер маалымдоо каражаттарында ачык-айкын чагылдырылышы керек. Болбосо жанагындай иликтөөлөр пайда боло берет. Азыр активдүү иштеген эч ким жок. Ошол эле парламент деле бул маселеде ыкшоо. Себеп дегенде, аткаминерлердин көбү ээлеп отурган кызматынан алынып каламбы деп коркот. Ошон үчүн эч кандай демилге көтөрбөй отура берет. Ушул коркунучтуу нерсе.

- Муратбек мырза, ушу тапта Сох анклавын айланып өтчү автожол толук бүтөлек экен. Шагыл жол алфальтталса элдин бир көйгөйү чечилип калмак. Баткен облусундагы экинчи бир анклав Ворух менен Чоркуда, талаштуу жерлерде, чарбалык иштерди жүргүзүүнү токтотyy тууралуу өкмөттөр ортолук макулдашууга кол коюлганына карабастан, курулуш, ээлөө дагыле токтолбоптур. Бийликтин бул маселени чечүүдөн жалтайлап жатышы кандай себепке байланыштуу болууда?

М.Жураев: - Ошол Ворух, Чорку анклавдарынын жанында азыркыга чейин Тажикстан тараптан үй куруулар болуп жатат. Мына Ворухтун үстүндө талаш жерде мектеп курабыз деп аракет кылышканын мага эки-үч күн мурда билдиришти. Суу тартканга куур жаткызып, өрүктөрдү отургузуп, эгин айдап коюшкан. Тажикстан менен чегараны Казакстанга окшоп оңой чечүү мүмкүн эмес. Бирок аны чечпей калтырып койсо алар жылып келе берет.

Анан караңыз, биздин Самаркандек айыл өкмөтүндө үч айылда 18 миңдей эл жашаса ошол эле Ворух менен Чоркуда 80 миң эл жашап жатат. Алар бош жерге келип жатат. Биздин эл болсо ал жактан качып жатат. Ал жерде жашоого шарт жок. Биринчиден, суу жок, экинчиден, электр энергиясын ал жерде Тажикстандан алабыз. Үчүнчүдөн, иш жок. Эки жылдан бери кургакчылык болуп элдин өзүн багуусу кыйынга туруп, көбү Бишкекке, көбү Орусияга көчүп кетишти.

Азыр деле ошол бош жерлерге көчүп жатышат. Ачык, жашырын, ал жердеги бир бечаранын жерин алып “түшүмдүн 30 пайызын сага берем” деп кирип жатышат. Мунун баары каржыга байланыштуу. Элдин Чүйгө көчүп жатканы да ошондон. Аны токтотуш керек. Ошону токтотуш үчүн мыйзам кабыл алганы жатабыз. Бирок ал иштебей турган мыйзам болуп калабы деп корком. Себеби көп жер бүдөмүк жазылып калган. Аны конкрет жазсак мыйзамдын өтүшү кыйын.

Себеп дегенде, Кыргызстандын төрт тарабы бүт эле чегара. Мына Нарын - Кытай менен, Көл, Чүй, Талас - Казакстан менен, Ош, Баткен, Жалал-Абад - Өзбекстан, Тажикстан, Кытай менен чектешет. Азыр оор эки участок -ошол Сох менен Чорку, анан Лейлектин Арка жагы. Анда 15 чакты айыл бар экен. Ошолорду өзгөчө статус кылып кармап калыш керек. Калгандары анчалык корукунучтуу эмес.

- Илим мырза, мына ушул оор маселе маcсалык маалымдоо каражаттарында тез-тез чагылдырылып турушу керекпи же алардын унчукпай турганы эле пайдалуубу?



И.Карыпбеков: - Маалымдоо каражаттары бул маселени чечүүдө эң негизги ролду ойнойт. Бул жерде мамлекеттик органдардын маалымдоо каражаттары менен колунда болгон маалыматты бөлүштүрүп турушу маанилүү. Анан ушуга кошумча, мамлекеттик органдар тез аранын ичинде маалымат стратегиясы боюнча концепция кабыл алып, аны ишке ашырышы абзел.

Түштүктөгү чек ара маселелерин тез, бирок кылдат чечиш үчүн болгон аракеттин баарын жасабасак, жалаң мыйзамды күтүп отурганда кеч болуп калат. Каржы жагын күтүп отура берсек анда бул чечилгис маселеге айланып, тарыхта калчу проблема болуп кетет.

- Муратбек мырза, ушул жагдайдан чыгуунун кандай жолу бар?

М.Жураев: - Биринчиден, ошол мыйзамды тезирээк алышыбыз керек. Өкмөт сунуш кылган мыйзамга менин долбоорумду кошуп, экөөнү иштеп чыгыш керек. Ага бир 15 – 17 айылды кошуш керек. Анан аларга жеңилдиктерди бериш зарыл. Өкмөттүк мыйзамда көбүнчө тыюу салуулар, “жерди сатпа, антпе-минтпе”! Андай тыюучул мыйзам иштебейт.

Өкмөт тарабынын жергиликтүү элге жеңилдиктер берилиши керек. Ал жерге суу чыгарып, оорукана куруп, мектептерди оңдоп бериш керек. Көп айылдарда окуганга мүмкүнчүлүк жок. Ал жерде иштеген мугалимдерге, дарыгерлерге, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине айлыкты эки эсе көтөрүп коюш керек.

Электр энергиясы менен салыктардан толук бошотуш керек. Ал айылдарга ссуда бериш зарыл. Ошондо алар жер иштетип, мал кылып жерди кармап калышы мүмкүн. Анан квота дейбиз. Медицина, педагогикалык жогорку окуу жайларга ал жерден келгендерде жок дегенде 50 бюджеттик орун бөлүп, алар окуусун бүткөндөн кийин айылына келип иштешине шарт түзүш абзел. Айыл өкмөтүн да ар тараптуу караш керек.

- Илим мырза, ушул жагдайдан чыгуунун кандай жолу бар?

И.Карыпбеков: - Мыйзам кабыл алган жакшы, бирок ал биринчи иш эмес. Биздин аймакка кирип кетүүлөр, жол проблемасы, талаштуу жерлерди тактоо сындуy толгон иштер турбайбы. Биздин аймакка торзым орнотуп, жерди ээлеп алышканы карапайым адамдардын каршылыгын пайда кылып жатпайбы. Ошолорду биринчи иретте чечиш керек. Иш топторун, комиссияларды түзүп, биринчи ошолорду аткарыш туyра болмок.

Андан кийин мектеп, оорукана, жаштарды алып калууну ойлонуш керек. Биз убакыттан уттуруп атпайбызбы. Айлыкты эки эсе көбөйтүү качан болот? Ал жакын арада ишке ашышы кыйын нерсе. Мына биз азыр сүйлөшүп отурганда ал жерде бир орчун маселе чыгып отурат. Андай маселелер каптап келатат. Бир күнү алар чечилгис болуп калат. Ушул кезде менин оюмча, маалымат кызматын толугу менен пайдаланышыбыз керек. Мен ушуну эч кимден укпадым.



- Муратбек мырза, сиздин оюңуз. Анан ушуну менен сөзүбүздү жыйынтыктасак.

М.Жураев: - Илим мырзанын айтканынa кошулбайм. Биринчи иретте, мыйзам иштеш керк. Чегараны аныктоо, тактоо бир жылдык жумуш эмес. Тажикстан менен чегара жок. Үч карта бар. Аны менен 2006-2007-жылдары жүргөм. 1925-жылкы, 1927-жылкы, 1952-жылкысы бар, 1989-жылкысы бар. Ошол карталарды карасак бири-бирине кирип кеткен. Чорку, Ворухту алсак. Ал жердин 90 пайызына Тажикстан эли кирип кеткен. Биз дагы кирип кеткен жерлерибиз бар. Мына азыр картага чийип коюп “бул сеники бул меники” дей албайбыз.

Себеби, биз 2006-жылы комиссия менен барганда биз менен чегарачылар, милиция бар болчу. Ошол жерде мушташ чыгып кетти. Жок “бул атамдын жери, 1925-жылы сатып алгам” деп. Ошондой жерлер көп болот. Чек ара аныкталгандан кийин мыйзам иштейт деген туура эмес. Азыр ошол жерге элдерди коюп, мыйзамды кабыл алыш керек. Себеби, азыркыга чейин жер кетип жатат. Мына бүгүн да бир үй сатылгандыр. Алар расмий документтештирбей жатат.

Чегара жанындагы үйүн 5 – 7 миң долларга сатып ийип бечара кыргыз Бишкектин жанынан жер алып ал жерде жашап жатат. Мына азыр Тажикстандын 5 үй бүлөсү кирип калса кошунасына электр жарыгын бербей, суу бербей бууп салып жатат. Ал дагы көчүп кетишке мажбур болот.

Азыркы шартта элди кармап калуу маанилүү. Акчаны аябаш керек. Азыр буга чейин берилип кеткендерди кайтарып калышыбыз кыйын. Кайтарышка менин көзүм жетпейт. Биз азыр кармап калсак деле шүгүр.

- Илим мырза, сизде кошумча жокпу?

И.Карыпбеков: - Мен айтып кетет элем. Жер маселеси өтө оор маселе. Ал ар бир кыргыз атуулуна катуу тиет. Бирок да аны узакка чойбой, бийликте отурган адамдардан сураныч, аны дипломатиялык жол менен тез арада кылдат чечип берсе жакшы болмок.

Маселе оор. Жеңил чечилди деген Казакстан менен эмне болдук. Каркыранын айынан кандай ызы-чуу болдук. Эл ичара чабышканга чейин барбадыкпы. Бул көйгөй маселе болгондон кийин мамлекеттик деңгээлде чегара маселеси эртерээк чечилиши керек. Анан калганы бүтө берет эле.

- Маегиңиздер үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG