Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Ч.ТУРСУНБЕКОВ: ДҮЙНӨДӨ НАНДЫН БААСЫ ОҢОЙ МЕНЕН АРЗАНБАДАЙТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Акыркы үч жумадан бери дүйнөлүк базарда буудайдын арзандаганы байкалып калды. Эл аралык маалымат булактары АКШ жана Европа базарларында буудайдын тоннасы 40-50 долларга ылдыйлаганын жазып чыгышты. “Азаттыктагы” түз обосунда “Акун” ун өндүрүү фирмасынын президенти Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын базарындагы буудай баасы тууралуу маек куруп берди.

-Буудайдын баасы дүйнөлүк базарда ылдыйлап атыптыр. Белгилүү болгондой биздин тегирменчилер негизинен Казакстандын буудайын сатып алышат. Айтсаңыз, бааларда өзгөрүү барбы?

Ч.Турсунбеков: - Негизи акыркы 15 күндүн ичинде казактар жаңы чабылган буудайдын баасын жеринде 250-260 доллар, чек арада 300 доллардын тегерегинде сунуш кылып атат. Бул демек мурдагы бааларга караганда 200 долларга чейин төмөндөгөндү билдирет

-Баалардын төмөндөшүнө эмне себеп болууда? Айрым адистер буга каржы системасынын тиешеси бардыгын айтып чыгышты эле?

Ч.Турсунбеков: - Буудай маселесинде биринчи кезекте биздин региондогу баанын түшүшү, жалпы эле дүйнөдө буудайдын быйылкы өндүрүлүшү, анын ичинде Орусия менен Украинада эбегейсиз көп өндүрүлгөнүно байланыштуу. Ал эми казактардын буудайынын баасынын түшүшү болсо түздөн-түз өздөрүндө баалардын азайышы себеп.

Жаны жылга чейин орустар менен украиндер өздөрүнүн буудайларын сатыш үчүн казактын буудай сатуучуларына портторунан орун бербей койгону үчүн болуп жатат. Ошондуктан казактар бүгүнкү күндө буудайды сыртка көп чыгаралбай, бир гана темир жол менен сатууга аргасыз болуп жатат.

Ал эми темир жолдун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, негизги сырткы рынок кыйла чектелип, бүгүнкү күндө Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан сыяктуу өлкөлөргө гана сатып, ошондуктан бааларынын түшүшү ушул деңгээлге жетти.

-Мына дүйнөлүк базарда, ички базарда, азыр эле сиз айтып өткөндөй буудай менен ундун баасы арзандап жатат. Бирок нан менен нан азыктарынын баалары баягы боюнча эле турат. Бул да элдин нааразылыгын туудуруп келе жатпайбы?

Ч.Турсунбеков: - Негизи рынокто ички мыйзамдар бар. Ошол мыйзамдарга ылайык, менин байкашымча дүйнөдө нандын баасы оңой менен кыймылдабайт. Кыймылдабайт дегеним, оңой менен жогору да көтөрүлбөйт, бир көтөрүлсө оңой түшпөйт. Бул өзү илгертен канча жылдан бери келаткан ички мыйзамы бар.

Анткени нандын баасына болгон реакция, элдин нааразылыгы өтө күчтүү болот. Арга жоктон нан өндүргөндөр бааларды көтөрүшөт, ал эми көтөрүп алгандан кийин кайра түшүрүш өтө эле кыйын. Чоң-чоң нан заводдор болсо, алар балким реакцияны өздөрүнүн алган унунун баасына жараша кылып коймок.

Майда ишканаларда чектелүү болгон үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрү, тапкан пайдалары ундун баасынын түшүшүнө жайыраак таасир кылат. Анын үстүнө элди көндүрүп алгандан кийин бааны түшүргөн кичине аларга кыйыныраак болот.

- Демек жакын арада нан жана нан азыктарынын баалары өзгөрбөйт турбайбы?

Ч.Турсунбеков: - Эгерде алардын ичиндеги чоңураак ишканалары түшүрө баштаса, балким башкалар дагы айла жок түшүрөт го деп ойлом. Ал реакция качан башталат, нан чыгаргандарга байланыштуу болот.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG