Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

ТАЛАПКЕР КАДЫРБЕКОВ КАМАКТАН КАЧАН БОШООРУ БЕЛГИСИЗ


Бишкек шаардык кеңешке талапкер Ишенбай Кадырбековдун камактан бошотулар-бошотулбастыгы бүгүн да ачыкталбай калды. Баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызды кароону Бишкек шаардык сот эртеңкиге жылдырды. Убакыттын создугуп жатышы Кадырбековдун тарапкерлеринде атайын уюштурулуп жатышы мүмкүн деген шек туудурууда. Ошол эле мезгилде БШКнын токтомун ишке ашырууну токтото турууну сурап бир нече талапкер Биринчи май райондук сотуна кайрылгандыгы маалымдалды.

Ишенбай Кадырбеков Бишкек шаардык кеңешине талапкер катары №6 Асанбай шайлоо округу боюнча 5-сентябрда каттоодон өткөн. Шайлоо кодексинде талапкер болуп катталган адам өзгөчө макамга ээ экендиги, камоо, кармоо чаралары БШКнын макулдугу менен ишке ашары айтылган.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандын каржы полициясы кызматынан аша чаап пайдаланды деген шек менен камакта отурган Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековду бошотууга каршы болууда.

Бирок Каржы полициясынын камакта кармоого макулдук берүүнү сураган катын Борбордук шайлоо комиссиясы канагаттандырган жок. Мындай чечимди ишемби күнү БШК Шайлоо кодексинин 28-беренесинин 5-пунктунун, 10-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасынын негизинде кабыл алган.

БШКнын бул чечими Кадырбековдун жактоочусу Азимбек Бекназаровду канагаттандырган жери жок. Анын айтымында, БШК талапкердин укугу бузулуп жаткандыгын каржы полициясына эскертип, сотко кайрылышы зарыл эле дейт. Ошондуктан, бул эки тарапты тең талапкердин жактоочулары сотко берип атышат:

- Талапкер Кадырбековдун шайлоого катышуу укугуна тоскоолдук кылып атат деп, каржы полициясынын тергөөчүлөрүн сотко берип атабыз. Экинчиси, БШКны сотко берип атабыз шайлоого жолтоо болуп атат, эл менен жолуктурбай атат деп.

Бекназаровдун айтымында, арыздардын негизинде үч күн ичинде иш козголуп, кароого алынышы керек. Буга чейин жактоочулар Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурап Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан болчу. Анын негизинде 22-сентябрга белгиленген сот судья ооруп калды деген себеп менен кийинки күнгө калтырылды.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев убакытты тиешелүү тараптар атайылап созуп жатышат деп эсептөөдө:

- 6-күнү Кадырбеков бошотулушу керек эле. Демалыш күн деген шылтоо менен бошотушкан жок. Бүгүн иш күндүн жарымы өттү. Каржы полициясы чыгармак тургай сотко өздөрү келбей коюшту. Бул каржы полициясынын артында, соттун аракеттеринин артында ушу саясий мандем бар деген ойду жаратат. Анткени, маселе чечилбей, ары-бери болуп атып эки жума убакыт өттү. Дагы ушинтип эки жума өтсө шайлоо бүтөт.

Каржы полициясынын тергөөчүсү Ислам Боров болсо “Азаттыктын” суроолоруна кеңири жооп берүүнү каалаган жок:

- Комментарий бере албайм. Бир гана айтарым, азырынча ал (И. Кадырбеков- авт.) камакта, иши тергелип жатат. Башка эч нерсе билбейм.

Кошумчалап койчу жагы, БШКнын токтому чыгардан мурда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары комитети Бишкек шаар кеңешине депутаттыкка талапкер Ишенбай Кадырбековдун пайдасына тыянак чыгарып берген.

Радиоматериал даярдалып жаткан кезде Биринчи май райондук сотунан алынган маалыматка караганда, сотко БШК токтомун ишке киргизүүнү убактылуу токтото турууну сураган бир нече арыз түштү. Мындай маалыматты арыздануучулардын бири, Бишкек шаардык кеңештин башка талапкери да тастыктады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG