Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

18:20 Кыргыз Акыйкатчысынын борбордук аппараты кыскартылат


Бул туурасында Акыйкатчы Турсунбек Акун Оштогу сапарында жарыя кылды. Анын айтымында, аймактардагы өкүлчүлүктөр кыскартууга учураганда көптөгөн дасыккан адистер башка кесиптерге өтүшкөн. Ошол себептүү мыкты жана тажрыйбалуу адистерди кармап калуу максатында облустардагы штаттарды көбөйтүү жагы чечилди. Ош облус губернаторунун орун басары Гүлайым Машрапова Акыйкатчы институтунун адистери кеңсесинде отурбастан, район-айылдарга дейре каттап, алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзмөйүнчө, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин корголушу начарлай берээрин эскертти. (ATo)

XS
SM
MD
LG