Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Пакистанда Ооганстандын башкы консулу уурдалып кетти


“Азаттыктын” кабарчысынын билдиргенине караганда, бүгүн Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарында башкы консул Абдул Халик Фарахи бара жаткан автоунааны алгач белгисиз куралчандар аткылаган. Андан айдоочу каза тапкан, ал эми дипломаттын өзүн уурдап кетишкен.
Абдул Халик Фарахи жакында Ооганстандын Пакистандагы элчиси кызматына көтөрүлгөн. Бирок кызматка кирише элек болчу. Дипломаттын уурдалышы үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Султан Ахмед Бахин ооган консулунун Пакистанда барымтага алынышы тууралуу бүгүн “Азаттыкка” мындай деп билдирди.
Биз Пакистандын иштери боюнча убактылуу өкүлүн Ооганстандын тышкы иштер министрлигине чакырдык. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары бул окуя тууралуу терең тынчсыздануусун билдирди жана Пакистан бийлик өкүлдөрүн Фарахи мырзаны аман-эсен бошотуп алуу үчүн бар аргасын жасоого чакырды.

XS
SM
MD
LG