Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Р.ЖОЛДОШАЛИЕВА: ПАКИСТАН ТЫНЧТАНБАСА БОРБОР АЗИЯГА ТААСИРИ ТИЙИШИ МҮМКҮН


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек 20-сентябрь күнү Пакистандын борбору Исламабадда беш жылдыздуу Марриотт конок үйү жардырууга дуушар болуп, алтымыштан ашуун кишинин өмүрүн алып кетти. Сентябрь айынын башында жаңы президентүү болгон Пакистандагы мындай ири террордук акты тууралуу Карачи шаарындагы Агахан университетинин ага окутуучусу Рахат Жолдошалиева менен “Азаттыктын” таңкы түз маегинде сөз кылып берди.

-Өткөн ишемби күнкү Марриот мейманканасындагы жардыруу же болбосо өлкөдөгү бир катар террордук аракеттердин күч алышы бийликке секулярдык, батышчыл киши -Асиф Али Зардаринин келгенине байланыштуу деген пикирлер айтылып атат? Буга карата сиздин оюңуз кандай болор эле?

Р.Жолдошалиева: - Менимче бул террордук жардыруу көп нерселердин себебинен келип чыгышы мүмкүн. Жардыруулардын көпчүлүгү эле эл көп жүргөн жерлерде болот. Алардын көбү мейманкана, ресторан, базарларда орун алып келет.

Пакистанда жардыруулар өтө эле көп болуп келе жатат. Алар Первез Мушарраф президент болгон учурда да көп болгон. Аны көбүнчө, Первез Мушаррафтын жүргүзүп жаткан ички жана сырткы саясий иштерине байланыштырышты эле. Пакистандын ички саясий абалы, айрыкча түндүк-батыш провинциясындагы талибандар Первез Мушарраф кетээрдин алдында өз эрежелерин орнотуп, ал жерде шарият бийлигин түзүүнү талап кылып жатышкан.

Албетте, бийликке жаңы келген Пакистан Эл партиясы аны колдобойт болчу. Менимче, бул Асиф Али Зардариге кандайдыр бир эскертүү катары жардыруу болду го деп эсептейм.

-Сиз кабардар болсоңуз керек, буга чейин жаңы мамлекет башчы жалаң уруулар жайгашкан чегара чөлкөмдөрүндөгү исламчыл козголоңчулардын тамырын кыркуу тууралуу өзүнүн максатын теле аркылуу элге билдирген. Ошону менен катар бул аймактарда аларга каршы аскердик чаралар күчөтүлгөн эле. Исламабаддагы жардыруу президенттин бул аракетине жооп болуусу ыктымалбы?

Р.Жолдошалиева: - Менимче, болушу мүмкүн. Себеби, Пакистандын түндүк-батыш провинциялары исламдык талибандар же террористик топтор өтө көп жайгашкан аймак. Азыркы учурда Ооганстанда болуп жаткан кандайдыр бир иш чара Пакистандын ички абалына өтө чоң таасир тийгизди десек болот.

Эмне дегенде, бийлик алмашып жатканда Первез Мушараф менен Пакистан Эл партиясын колдогон башкы мамлекеттик башкаруу өзүнчө бийликти чечип жатканда түндүк-батыш провинцияларында ички саясий абал күчөп кетти. Менин оюмча Асиф Али Зардариге бул түздөн-түз болгон иш аракет деп ойлойм.

-Пакистандагы мына ушундай кырдаал же исламчыл козголоңчулардын аракеттери Кыргызстанга да таасирин тийгизиши да ыктымалбы?

Р.Жолдошалиева: - Мен аны толук айтып бере албайм, анткени менин маалыматым өтө аз болушу мүмкүн бул жөнүндө. Бирок исламчылардын кандайдыр бир жүргүзүп жаткан саясаты албетте, Кыргызстандагы кээ бир Пакистанды колдогон мусулмандарга дагы катуу тийиши мүмкүн.

Бирок эгер Пакистан тынч өлкө болбосо, биздин Орто Азиядагы террорго каршы болгон саясаттагы иш аракетибизге кандайдыр бир таасир тийгизиши мүмкүн.

-Рахат айым, биздин угармандар үчүн куруп берген маегиңизге чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG