Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Бүгүн (22-сентябрда) “Хаят” мейманканасында өлкө башчысы Курманбек Бакиев “Бизнес жүргүзүү-2009” долбоорунун бет ачар аземине катышып, Европа менен Азиянын соода жолунун чордонунда турган Кыргызстанда ишкерчиликтин өнүгүшү үчүн шарт түзүлүп берилиши керектигин белгиледи. 10-сентябрда Дүйнөлүк Банк бизнес жүргүзүү боюнча жылдык докладын жарыялаган болчу. Бул жылы бизнес жүргүзүүнү нормативдик-укуктук жактан жөнгө салган өлкөлөрдүн катарына Батыш Европа жана Орто Азиядан төрт өлкө кошулду. Алар – Азербайжан, Албания, Кыргызстан жана Беларус. Бирок Дүйнөлүк Банктын аталган докладында үчүнчү орунду ээлеген Кыргызстан чет элдик инвестицияны буга чейинкиден жигердүүрөөк тарта алабы?

Дүйнөлүк Банктын “Бизнес жүргүзүү-2009” ("Doing Business 2009") аттуу баяндамасы Батыш Европа жана Борбордук Азиянын айрым өлкөлөрүндө фирма ачуу же бизнес жүргүзүүнү нормативдик-укуктук жактан жөнгө салууда алга жылыштар байкалганын көрсөтөт.

Бул бюрократияга баткан жана салык кодекстери жөнгө салынбаган пост-советтик өлкөлөрдөгү ишкерлер үчүн көптөн бери күттүргөн жакшы кабар болушу ыктымал. Дүйнөлүк Банк Азербайжан, Беларус, Албания жана Кыргызстанды мактоого татырлык өлкөлөрдүн катарына кошкон.

Бул төрт өлкө Батыш Европа жана Борбордук Азиядагы 28 өлкөнүн ичинен менчикти каттоодон өткөрүүдө, насыя берүүдө бюрократиялык тоскооолдукту азайтууга жетишкен деп белгиленет Дүйнөлүк Банктын баяндамасында.

Бирок мындай реформалар экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзгөн ири чет элдик инвестияларды өлкөгө ургаалдуу тарта алабы?

Дүйнөлүк Банк реформага кадам таштаган төрт өлкөнү куттуктап жаткан маалда, экономисттер бул баяндамада макроэкономикалык саясат, инвестицияга шарт түзүү, кылмыштуулуктун көрсөткүчү өңдүү бир катар орчун жагдайлар эске алынбаганын айтышат.

Лондондогу Экономиканы иликтөө борборунун Батыш Европа жана Борбордук Азия боюнча адиси Николас Редман (Nicolas Redman) буларды белгилейт:

- Жалпысынан, бул иликтөө инвестиция салуу тууралуу чечим кабыл алаарда ал үчүн жагымдуу маанайды түзө турган көрүнүш. Бул иликтөөдөн соң сырткаркы ишкерлер чөйрөсү бул тийешелүү өлкөгө олуттуураак мамиле кылып калат.

Бүгүн (22-сентябрда) “Хаят” мейманканасында “Бизнес жүргүзүү-2009” долбоорунун бет ачар аземине катышкан өлкө башчысы Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, “Кыска мөөнөт ичинде ушундай жакшы жыйынтыкка өкмөттүн, сүрөөнчү донорлордун жана адистердин зор эмгегинин натыйжасында жетише алдык. Бардыгыңыздарды ушул окуя менен куттуктап кетким келет, бул – жалпыбыздын ийгилигибиз!” деп белгиледи.

Экономика адиси Николас Редмандын оюнча, чет элдик инвесторлор үчүн экономикадагы туруктуулук жана инфляция менен коррупцияны ооздуктоонун деңгээли абдан маанилүү. Редман Дүйнөлүк Банктын иликтөөсүнүн оош-кыйыш жактары да бар экенин, бирок анын жыйынтыгына олуттуу мамиле жасоо зарылдыгын мындайча белгилейт:

-Дүйнөлүк Банк өз иликтөөсүндөгү чектелген жагдайлар тууралуу ачык, таасын турумда. Ошондуктан, анын иликтөөсүндө тигил же бул өлкө өтө жогорку көрсөткүчкө жетишкенине таянып эле мындай өлкөгө ишкерлер инвестицияны күргүштөтүп киргизип жатып калат деп ойлобос элем. Бирок бул – көптөгөн өлкөлөр үчүн пайдалуу. Бул жагымдуу белги. Бул белги болжолдуу инвесторлорду тийешелүү өлкөгө көбүрөөк көңүл бурууга шыктандырган өбөлгө.

Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарт түзүү мыкты жолго коюлган деп айтуу эртелик кылат деп эсептегендер да аз эмес.

Алардын бири - “Түштүк Корея” инвестициялык корунун жетекчиси, мурдагы министр Жумакадыр Акенеев. Анын айтымында, ишкерлердин көбү мурдагыдай эле бюрократиялык тоскоолдуктарга дуушар болуп жатат:

- Иш жүзүндө мурдагыдай эле аткаминерлер тараптан өтө чоң тоскоолдуктар болуп жатат. Мына биздин фонддун жумушун эле айтсам, бизге чет жактан келген инвесторлордун 90 пайыздайы кайра эле кетип жатышат. Албетте, кабыл алынган документтер жакшы, бирок алар аткарылбай жатпайбы.

Айрым маалыматтарга караганда, көмүскө кысымдардан тажаган кээ бир кыргызстандык жана чет өлкөлүк ишкерлер өз капиталын коңшу же ыраакы өлкөлөргө чыгарып кеткен учурлар да болду.

Ал эми Дүйнөлүк Банктын иликтөөсүнө байланыштуу уюштурулган дүйшөмбү күнкү аземде сөз сүйлөгөн президент Курманбек Бакиев жергиликтүү бир катар ишкерлер көмүскө бизнес жүргүзүп жатканын белгилеп, аларды ишкердикти ачык жүргүзүү аркылуу өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.
XS
SM
MD
LG