Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Түндүк Корея башкы өзөктүк жайынан МАГАТЭнин мөөрлөрүн алып салууну көздөөдө


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин баш директору Мохамед эл-Барадейинин билдиргенине караганда, Түндүк Корея агенттиктин инспекторлору Йонбон өзөктүк жайынан мөөрөлөрдү жана байкоо салуучу жабдууларды алып салуусун бүгүн суранган. Пхеньян өз өтүнүчүн ал жерде өзөктүк материалдар аралаштырылбаган эксперименттерди өткөрөрүнө байланыштырган.

Буга чейин Түндүк Корея АКШ, Кытай, Орусия, Жапония жана Түштүк Корея менен энергетикалык жардам жана дипломатиялык чөйрөдө айрым жеңилдиктерди алып, ордуна өзөктүк жайын тоңдурууну макулдашкан.

Бирок өзөктүк жайын кайра иштете баштарын өткөн аптада билдирген. Мында АКШ аны террорду колдогон мамлекеттердин кара тизмесинен чыгарбаганын жүйөө кылган эле.

XS
SM
MD
LG