Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Азия чемпионатында Кыргызстан 21 медаль алды


Армрестлинг – кол күрөш спорту Азияда жана дүйнө жүзүндө абдан таасирдүү болуп баратат. Буга Алматыда өткөн Азия чемпионаты күбө.

Азиянын 10 өлкөсүнүн эр азаматтары мөрөй талашып, 22 кыргызстандык 21 медаль жеңип алуу менен командалык эсепте байгелүү үчүнчү орунду камсыз кылышты. Баш байгени Казакстандык балбандар ээлеп, экинчи орун Өзбекстандын командасына ыйгарылды. Себеби алардан мөрөй талашууга жетимиштен жүзгө чейин спортчу бардык салмак, түр боюнча катышты. Кыргызстандык 22 спортчу Жапон, Иран, Монголия, Кытай, Индия сыяктуу ири мамлекеттерди артка калтырышты.

Алматыда Азия чемпиону аталып жеңиштин бийик сересине көтөрүлгөндөр өспүрүмдөр арасында Вячеслав Абросимов, жеке таймашта Ирина Вертинская , Жээнбек Мукамбетов, Ольга Ярославцева, Шаукат Мугалимов болду. Ольга менен Шаукат эки алтын медаль тагынды.

Мурда Азия, дүйнө биринчиликтеринде мөрөй алып жүрүшкөн Мирлан Байчериков, Рустам Жалилов, Максим Кочкаев сыяктуу билеги күчтүү жигиттер Азия чемпионатынын күмүш медалдарын тагынды. Ал эми Александр Ли, Евгений Лукьянов, Абдурашид Дуганов баштаган спорт чеберлери бул ирет коло байгелүү болушуп, үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Кол күрөш боюнча Азиянын үч жолку чемпиону, Армрестлинг федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетовдун айтымында бул спортко кызыккандар арбын болгону менен кыргыз кыз-келиндери уялып же маани бербей келүүдө.

-Кол күрөшү боюнча эле Бишкекте 5-6 спорт клубу иштеп, бул спорт менен машыгууну каалаган жаштардын таламдарын аткара албай, үлгүрбөй жатабыз. Бишкектин биринчилигин өткөрсөк эле 150-200 балбан келип, күн өткөн сайын каалоочулар арбып баратат. Дагы билеги күчтүү жигиттер мындай спорт түрүнөн спорт клубдары, федерация бар экенине маани бербей жүрүшөт. Айрыкча кыргыз кыздары бул спортко анча кызыкпай, уялып жүрүшөт. Болбосо жигиттерди ыйлата кармаган өтө кучтүү кыргыз кыздары арбын. Көп таланттуу кыздардын багы ачылат эле, - дейт Жээнбек Мукамбетов.

Алматыда Азия чемпионатын өткөргөн Казакстан өлкөсү бул спортко өзгөчө көңүл буруп, 2010- жылы дүйнө чемпионатын уюштуруу укугуна ээ болушту. Ал эми 2009- жылы сентябрда кол күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты Италиянын Милан шаарында өткөрүлөт.

Кендирди кескен каражаттын айынан быйыл декабрда Канаданын Ванкувер шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына Кыргызстандан Мирлан Байчериков менен Ольга Ярославцева гана барууга камылга көрүп жатышат.

Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия чемпиону Мирлан Байчериков дурус даярдык көрүп жатканын, дүйнөлүк таймашуудан куру кол келбей байгелүү орунга жетүүгө аракет кылаарын “Азаттыкка” билдирди.

-2011- жылы кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатын Бишкекте өткөрүү демилгесин көтөрүп, Эларалык Aрмрестлинг федерациясына сунуш менен кайрылдык, эмдиги жылы Италиядагы чемпионатта бул маселе чечилип калышы ыктымал, - дейт өлкөнүн кол күрөш федерациясынын жетекчиси Жээнбек Мукамбетов.

Оор атлетика боюнча Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Алексей Линин үйбүлөсүн спорт күйөрмандары жакшы билишет. Алардын бири дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Александр Ли кол күрөштө да таанылган. Эми ал чоң спорт менен кош айтышып, машыктыруучу катары жаштарга кеп-кеңешин бермек болду.
XS
SM
MD
LG