Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Москва сапарынын себеби эмнеге купуяланды?


Жума башында Орусиянын баш калаасы Москвага кетишкен оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Аликбек Жекшенкулов жана Иса Өмүркуловдор бүгүн эртең менен Бишкекке кайтып келишти.

Алардын эмне максат менен Москвага кетишкени тууралуу расмий маалымат таркатылган эмес эле. Андыктан алар БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова жана бир катар расмий өкүлдөр менен жолугары тууралуу божомолдор айтыла баштаган. Бүгүн да алар Москвага эмне максат менен баргандыктарын айтышкан жок. Адистердин баамында, оппозиция лидерлеринин бул сапары өлкөдөгү кырдаалга эч кандай таасирин тийгизбейт.

Кыргызстандын оппозициясынын Москвага кандай максаттар менен барып, кимдер менен жолугуп келишкени тууралуу маалымат болбогондуктан, ар кандай божомолдор айтылууда. Айрым серепчилер, оппозиция лидерлери Москвада кремлдеги айрым расмий өкүлдөр менен жолугуп, 2010-жылдагы президенттик шайлоого карата даярдык көргөнү кетишкенин айтышса, башкалары мурдагы БШК төрайымы Клара Кабилова менен да жолуп, андан президент Курманбек Бакиевге каршы компромат топтоо аракеттерин көрүшөрүн божомолдошкон. Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында, кандай болгон күндө да Кыргызстандагы саясат чет жерлерде чечилип, саясатчылар маанилүү учурларда таасирлүү өлкөлөргө чуркап барышканы туура эмес көрүнүш:

- Күрөштүн жаңы этабы башталган турат. Булар эми балким каржылык маселелер боюнча барышты, балким уюштуруу иштери менен же саясий иштерин чечүү үчүн барышты. Өздөрүнө кызматташтарды табуу үчүн деле баруулары мүмкүн, анткени азыр партиялык система күчтүү болуп атпайбы. Маселен, Орусияда “Единая Россия”, бизде “Ак жол”. Ушул сыяктуу иштерин бүтүрүш үчүн эле барышты. Эң негизгиси, саясий маселелердин көбү Кыргызстандын өзүндө чечилбей, башка жактарда чечилип атканы болуп атат да. Бул жакшы эмес. Туура эмес көрүнүш. Бирок, ошондой абал түзүлүп калгандыктан барып атышат деп ойлойм.

Ал эми Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун пикиринде, учурда расмий Москва менен Кыргызстандын бийлигинин алакалары дурус. Андыктан, оппозиция лидерлери Орусиянын төбөлдөрүнүн ачык кызматташуусу тууралуу азырынча сөз кылуу эрте. “Анын үстүнө бул оппозициянын эл арасында кадыр-баркы төмөндөгөнүн билдирип турат”,- дейт саясатчы:

- Биздин оппозициядагы азаматтардын Москвага барып келиши, АКШга барып келиши, алардан материалдык жана моралдык жардам алышы, булардын бардыгы 2010-жылдагы президенттик шайлоого даярдык деген нерселер суу кечпеген кептер. Анын үстүнө бул - оппозициянын эл арасындагы кадыр-баркы төмөндөп, эл турмуштун жагдайларына моюн сунуп, иштөө керектигин түшүнүп, Ош базарынан же Жаш Гвардиядан кишилерди алып келип митинг өткөрүү мезгили өткөнүн көрсөтүп турат.

Ошентсе да оппозиция өлкөдөгү абал оор экендигин, авторитардык, үй-бүлөлүк бийлик мурдагы президент Аскар Акаевдикинен да күчөгөнүн, башкаруу бутактарында демократиялык принциптерге каршы келген иштер жүрүп жатканын, эл турмушу начарлаганын айтып келишет. Бирок демократиялык мамлекет курабыз дешкен ошол эле оппозиция лидерлеринин авторитардык Орусия борборуна эмне максат менен барышканы, анын себептеринин сапар алдында да, Москвадан келгенден кийинки алгачкы күнү да купуя кармалышы көпчүлүктү ойго салды.

XS
SM
MD
LG