Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Евробиримдик Ташкентке карата жаңы саясат баштадыбы?


Көз карандысыз журналист жана өзбек өкмөтүн сынга алып келген Юсуф Жума 10 жылга эркинен ажыратылгандан үч күн өткөндөн кийин эле Евробиримдик Өзбекстанда адам укугу жаатында абал “оңоло” баштаганын белгилеп, өзбек аткаминерлеринин Биримдикке кирүүгө салынган тыюуну карап чыкты.

Массалык маалымат каражаттары жана адам укугун коргоочулар Брюсселдин мындай чечимин сынга алып, биримдик Өзбекстандагы ММК жана адам укугун чектөөлөрдү көңүл сыртында калтырбашы керектигин айтышты.

Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уотч эл аралык уюмунун Өзбекстанда эч бир өкүлү жок. Себеби быйыл июль айында уюмдун өкүлүнө өлкөгө кирүүгө тыюу салынды.

Жыл башында өзбек өкмөтүн сынга алып келген акын-журналист Юсуф Жума Ислам Каримовдун президенттиктен кетүүсүн талап кылгандан кийин камакка алынган. Юсуф Жуманын үй-бүлөсүнүн айтымында, абакта аны кыйнашкан.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Өзбек кызматынын кабарчысы Носир Зокир “бейбаштык кылган” деген кине менен камакка алынса, өзбек өкмөтүн сындап жүргөн башка бир көз карандысыз журналист Салижон Абдурахманов 10 жылга эркинен ажыратылды.

Бул окуялардын бардыгы ушул жылы болду. Бирок буга карабастан Евробиримдик Анжияндагы 2005-жылкы коогалаңдан кийин киргизген чектөөлөрдү жеңилдетүү чечимин кабыл алды. Ошентип, 13-октябрда Анжияндагы козголоңду күч менен басууга жооптуу делген сегиз өзбек аткаминерине Европа өлкөлөрүнө кайра кирүүгө мүмкүндүк берилди.

Евробиримдиктин Өзбекстандагы адам укугу жаатында абал “оңоло баштады” дегенине - өзбек диссиденттери, укук коргоочулар жана көз карандысыз журналисттер макул эмес.

Медиа уюмдардын жана укук коргоочулардын айтымында, адам укугунун абалы өзгөргөн жок, себеби бир катар укук коргоочулар дагы эле абактарда кала берүүдө. Ал эми түрмөдөн бошотулгандар болсо, өз иштери н уланта алышпай калууда.

Анжияндагы коогалаң тууралуу бир катар макалаларды жазгандан кийин бозгунга кетүүгө мажбур болгон өзбек журналисти Галима Бухарбаева “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына куруп берген маегинде, Евробиримдик чектөөлөрдү жеңилдетип, Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө “өтө коркунучтуу кабар” жиберди деп айтты. “Эми өзбек өкмөтү репрессияга негизделген саясат жүргүзсө дагы бул үчүн жазаланбайбыз деп түшүнөт” дейт Бухарбаева:

- Евробиримдик чектөөлөрдү жеңилдетүү менен Өзбекстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө дагы укук коргоо жаатында утулуп калды. Себеби биримдик муну менен карапайым калктын укуктарынын бузулуп жатса да дүйнөдөгү диктаторлор менен мунай, газ же аскер тармагында кызматташа берерин билдирген кабар жөнөттү.

Бул пикирге Хьюман Райтс Уотч уюмунун Өзбекстан боюнча изилдөөчүсү Игорь Воронцов дагы кошулат. Анын айтымында, Евробиримдиктин чечими абактагы укук коргоочулардын тагдырына, Өзбекстандагы сөз эркиндигине терс таасирин тийгизет:

- Менимче, Өзбекстан кырдаалды жакшыртуу үчүн кадам жасарына ишендирген эч бир негиз жок. Андыктан бизди Евробиримдиктин чечими нааразы кылды. Биздин оюбузча, азыр абакта отургандардын дагы, өкмөт тарабынан куугунтукталгандардын дагы абалы, тилекке каршы, эми оорлойт.

Июль айында өзбек бийлиги Воронцовдун Өзбекстанда иштөө үчүн каттоодон өтүүсүнө тыюу салган. Бийлик өз чечимин “Воронцов жергиликтүү элдин менталитети менен тааныш эмес” деп түшүндүргөн.

Өзбек бийлиги Хьюман Райтс Уотчтун кеңсесинен сырткары бир катар эл аралык бейөкмөт уюмдарды дагы жапкан. Тизмеде “Ачык коом” институту, “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын жана Би-Би-Синин Ташкенттеги кызматтары бар.

Брюссель чектөөлөрдү жеңилдетүү тууралуу чечими үчүн көпкө актанды. Биримдиктин тышкы иштер министрлери расмий Ташкент укук коргоочулардын айрымдарын абактан бошотуп, сөз эркиндиги боюнча Евробиримдик уюштурган конференцияга уруксат бергени үчүн мурда киргизилген чектөөлөр жеңилдетилгенин айтышууда.

Лондон университетинин Борбор Азия боюнча адиси Алишер Илхамовдун айтымында, Евробиримдик чектөөлөрдү жеңилдетүү менен Ташкентке карата жүргүзгөн саясатында жаңы баракты ачты. Батыш мындан ары дагы Анжияндагы коогалаңын жана адам укугун жакшыртуу маселесин Ташкенттин эсине салып турмакчы, дейт адис Илхамов.

XS
SM
MD
LG