Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

Борбор Азиянын беш мамлекети кыш жана сугат мезгилинде суу-энергетика ресурстарын пайдалануу боюнча бир пикирге келишти.

Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын тиешелүү жетекчилери 18-октябрда Алматыда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бардык тараптарды ынандырган беш тараптуу келишимге жетишти.

Энергетика Борбор Азияда Советтер доорунан калган кубаттуу экономикалык курал бойдон калууда. Беш мамлекет “боордош” республика болуп турган кезде суу, газ, электр кубаты жана мунай кайсы мамлекетке таандык деген суроо турган да эмес. Бирок бүгүнкү күндө көз карандысыз мамлекеттердин ортосунда энергетика жана сууну бөлүштүрүү маселелери боюнча бир катар пикир келишпестиктер пайда болуп отурат.

Суу маселеси курч турган Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда мунай жана газ бар. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан үчүн гидроэнергетиканы өнүктүрүү – экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн гана эмес, энергетикалык коопсуздук жагынан да эң негизги маселе болуп саналат. Анткени бул эки өлкөдө энергиянын башка булактары жокко эсе. Анын үстүнө газга келгенде Кыргызстан менен Тажикстан Өзбекстандан көз каранды.

Ар жыл сайын бул мамлекеттер ортосунда газдын баасы боюнча татаал сүйлөшүүлөр жүрүп, анан гана маселе чечилгени маалым. Ошого байланыштуу Кыргызстан мунай жана газ өңдүү эле сууну дагы товар катары кароону сунуш кылган. Бирок Өзбекстан бул сунушка караманча каршы болуп, Борбор Азияда сууну сатып алуу жана сатуу идеясын четке какты.

Бул кайым айтышууга эки өлкөнүн тең массалык маалымат каражаттары дагы катышты. Акыры Борбор Азиядагы беш өлкө мунасага жетишти. Мазмуну жагынан татаал, беш тараптуу макулдашууга ылайык мунайга бай өлкөлөр ага жарды келген коңшуларына көбүрөк суу ресурстарын берип турмакчы. Маселен, мунайга бай келген Түркмөнстан Кыргызстандан сууну алып, ордуна газ берүүгө даяр.

2006-жылга чейин Түркмөнстан суу-энергетикага байланыштуу сүйлөшүүлөргө катышпай келген. Бирок эки жыл мурда өлкө башчысы Сапармурат Ниязов дүйнө салып, анын ордуна президенттикке Гурбангулы Бердымухаммедовдун келиши менен Түркмөнстан Борбор Азия аймагында саясий активдүүлүгүн көрсөтө баштады. Казакстандын вице-премьер министри Өмүрзак Шукеев буларды айтат:

-Түркмөнстан кошумча электр энергиясын Өзбекстан менен Кыргызстанга сатуу боюнча өзүнө милдеттеме алды. Өзбекстан болсо электр энергиянын транзиттик жолун камсыздоо боюнча өзүнө милдеттемени алды.

Шукеевдин белгилешинче, сүйлөшүүлөрдө так белгиленгендей, Казакстандын Махтарал районундагы Достук каналындагы суунун агымы секундасына 700 куб.метрден аз болбошу керек. Мындай келишим 2008-2009-жылдарга гана түзүлүп жатканы менен адистер муну чатактуу маселелерди жөнгө салууда алдыга жасалган дагы бир кадам катары баалашууда.

Ал эми Кыргызстандын өнөр-жай, отун ресурстары жана энергетика министри Сапарбек Балкыбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Союз ыдырагандан тартып суу-энергетика боюнча алгачкы жолу беш тараптуу келишимге кол коюлду. Министрдин көз карашында, бул келишим бардык тараптарды тең ынандырган документ болду:

-Келишимге ылайык, Өзбекстан биринчи кварталда Кыргызстанга дагы кошумча 150 млн.куб метр газ берет. Ал эми Казакстандан келе жаткан кыш айларында Кыргызстанга 250 млн кВт саат электр энергиясы берилет. Түркмөнстан Тажикстанга 1 млрд 250 млн кВт. саат электр энергия берип жатат. Аны өзбек туугандарыбыз өткөрөбүз деп сөз беришти.

С.Балкыбековдун айтымында, келе жаткан кыш мезгилинде Өзбекстандан газды жеткирүү маселеси чечилгени менен, газ Кыргызстанга кандай баада сатылат деген суроо ачык бойдон турат:

- Газдын баасы азырынча аныктала элек. Аны ноябрь айында чечебиз. Бирок газдын келиши чечилгенинин өзү эле жакшы, анктени бул маселе да курч турган. Ал эми газдын баасы эки тартаптуу келишимде аныкталат.

Суу-энерегетика ресурстарын пайдалануу боюнча Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан макулдашууга жетишкени менен региондогу суу проблемасына чекит коюлду деп да айтуу азырынча эрте. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын суу проблемалары боюнча институтунун жетекчиси Дүйшөн Маматканов “Азаттыкка” берген маегинде мындай мунаса убактылуу деген көз карашын айтып, бул беш өлкөнүн жарашуусу эмес, болгону бири-бирин убактылуу жооткотуу деп эсептээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG