Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

А.Саиповдун киши колдуу болгонуна жыл айланууда


24-октябрда, жаш журналист, «Саясат» гезитинин башкы редактору Алишер Саиповдун Ош шаарында атып өлтүрүлгөнүнө бир жыл болот. Бул кайгылуу окуяны териштирүүнү президент Бакиев өз көзөмөлүнө алганы белгилүү. Бирок андан бери деле эч кандай натыйжа чыкканы байкалбайт.

Маркум кесиптешибиздин атасы Авас Саиповду Оштогу кабарчыбыз ушул кайгылуу окуянын тегерегинде кепке тартты.

- Авас аке, амансызбы? Маркум кесиптешибиз Алишердин жесири Назокат, кызы Зулайхо, жалпы эле тууган-уруктар сак-саламат турушабы?

-Бардыгы жакшы, үй-бүлөбүз менен тынчпыз, небере кызым чоңоюп калды, басып жүрөт.

- Уулуңуздан ажыраганыңызга эртен туптуура жыл айланат. Аны өлтүргүндөрдүн же буюртма кылгандардын учугу табылчудайбы?

-Президентибиз Курманбек Бакиевге кат жолдодум эле, Өзбекстандын президентине да кат жолдогом. Эми тиги жактан жооп болбойт. Айтат го, бир нерсе сураганда унчукпаса, демек ал макул болгон деп. Кудайга шүгүр, Өзбекстандын президенти мойнуна алды, болбосо жооп жазат эле.

- Президент Бакиев «Саиповдун өлүмүнүн бетин ачуу жеке көзөмөлүмдө турат» деп массалык маалымат каражаттарына жайылтпады беле. Андан деле үмүт калбадыбы?

-Дагы деле биздин президентибизден үмүт кылып турам. Анткени ал жеке көзөмөлүнө алган. Үмүт кылып турган себебим 24-июнь күнү президенттик адмнистрациядан мен жооп алдым, ал кат ички иштер минисрине жолдонгон. Ошондон бери эч кандай аракет жок, кат жүзүндө жооп да жок..

- Колуңуздагы айрым фактыларды ачыктаганга кимдер жолтоолук кылууда?

-Биздин үй-бүлө мыйзамды сыйлаган адамдарбыз. Дагы деле үмүт кылып турабыз президенттен. Бирок ачык чыгарсам болот эле, айтат го адам өзүнө урмат кылса, башка адамды да урмат кылыш керек деп. Атайын Бишкекке барып ИИМдин пресс-катчысы Бакытбек Сеитовдун алдында болгом, анча-мынча фактыларды алдына таштап келгем.

- Демек, өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө кесепети тийип калбасын деп коооптонуп атасызбы?

-Жок, мен андан коркпойм, үй-бүлөм да коркпойт. Айтат го, кудай берет, кудай алат деп. Мен жарыкка чыгарбай аткан себебим, кантсе дагы биз укуктук мамлекетте жашап атабыз.

- Ушул тапта шектенген кишилериңиз же тараптарыңыз бардыр?

-7-октябрь күнү аттуу-баштуу киши, Бабур атындагы драмтеатрдын директору менин үйүмө келип коркутуп-үркүтүп, эгерде Каримовдун режими жөнүндө жаман айтсаң сага жаман болот деп кеткен. Мына ошондон кийин 24дө атып кетишти. Качан өзбек өзбеке, же кыргыз кыргызга душман болгон?

- Айрым бейөкмөт уюмдар Алишер Саиповдун атын түбөлүккө калтыруу максатында сыйлык уюштурушту эле. Сиз ага башынан каршылыгыңызды билдирдиңиз. Себеби эмнеде?

-Мен айрым бей өкмөт уюмдарга каршы болгон эмесмин, аларга рахмат. Айтат го аккан суунун кадыры жок деп. Мен мындайга муктаж эмесмин. Алишер бул үчүн, мени кийин эстеп жүрүшсүн деп иштеген эмес.

- Маегиңизге рахмат, өзүңүзгө жана үй-бүлөңүзгө аманчылык тилейбиз.
XS
SM
MD
LG