Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:45

ЖАРАТЫЛЫШ БАЙЛЫГЫ ЧЕКСИЗ ЭМЕСТИГИН МУНАЙГА БАЙ ӨЛКӨЛӨРДҮН ЛИДЕРЛЕРИ БИЛЕБИ?


Мунайга жана жаратылыш газына болгон баанын күн санап өсүп жатышы аны өндүргөн өлкөлөр, алардын катарында КМШга кирген Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстан үчүн жакшы кабар болгону шексиз. Бирок жакындан бери мунай жана көгүлтүр отундун баасы кыйла төмөндөп, айрым байкоочулар мындан ары дагы баа ылдыйлай берерин болжолдошууда. Бул албетте керектөөчүлөр үчүн жакшы, бирок отунду экспорттоодон байып жаткан өлкөлөр үчүн жаман кабар. Табигый отун-кубатка бай өлкөлөрдүн экономикасына баалардын төмөндөшү качан таасир эте башташы мүмкүн?

Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстан мунай менен жаратылыш газынын ири запасына ээ болгон өлкөлөрдөн жана булар отун кубатты эң көп керектеген Евробиримдик менен Кытайдын ортосунда жайгашкан.

Ушул тапта алар отун кубатты сатуудан тапкан пайдага кубанып отурушат. Бирок бул өлкөлөрдүн жаратылыш байлыгы чексиз деп айтууга болобу?

Федерико Бордонаро (Federico Bordonaro) – жаңжалдарды иликтөөгө алган италиялык equilibre.net уюмунун башкы серепчиси жана Европа боюнча редактору, Эркин Европа/Азаттык үналгысына буларды айтат:

- Кепти мындан баштасак: биз Орусияны өзүнчө, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстанды өзүнчө бөлүп карай башташыбыз керек. Акыркы үч өлкөнүн экономикасы мунай жана жаратылыш газын экспорттоого көз каранды. Акыркы бир нече жылдан бери отун кубатты сатуудан бул өлкөлөр экономикалык абалын бир кыйла оңоп алышты.

Бордонаро мырзанын айтымында, Орусия жогорудагы үч өлкөдөн айырмаланып, курал-жарак сатуу сыяктуу башка товарларды экспорттоодон дагы бир кыйла көп киреше табат.

Бирок Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризистик топтун адиси Чарлз Эссердин (Charles Esser) айтымында, кандай болгон күндө дагы бул төрт өлкөнүн экономикалык абалы мунай жана жаратылыш газын экспорттоого көз каранды. Эссер мырза Орусиянын экономикасы тууралуу буларды айтат:

- Менин байкашымча, мунай жана газдан түшкөн киреше Орусиянын мамлекеттик бюджетинин бери дегенде эле үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Мына ушундан улам Орусия мунай менен газдан түшкөн кирешеге абдан көз каранды болгонун байкай аласыз. Өлкө башчысы Дмитрий Медведев ушул жылдын май айында Орусиянын газ монополисти Газпром компаниясы бюджеттин кирешесинин 20 пайыздайын камсыз кылып жатканын айткан болчу.

Эгерде жаратылыш байлыгы Орусиянын бюджетинин үчтөн бир бөлүгүн камсыз кылып жатса, Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстанда бул көрсөткүчтөр кыйла жогору. Азия өнүгүү банкынын изилдөөсүнө ылайык, 2005-жылы Азербайжандын ички дүң продуктусу 26.4 пайызга көбөйсө, ошол жылкы дүң продуктунун 42 пайызын мунайзат жана газ тармагы түзгөн. 2006-жылы Баку-Тбилиси-Жейхан газ кууру иштей баштап, күнүнө 1 миллион баррелге чейин мунай өндүрө баштаган.

Казакстандын экономикалык абалы дагы мунай сатуудан кыйла оңолгон. 2005-жылы Казакстандын мунай жана газ тармагы өлкө экспортунун 70 пайызын түзгөн.

Түркмөнстандын экономикалык көрсөткүчтөрүн көз карандысыз иликтөө мүмкүн эмес. Бирок акыркы бир нече жылдан бери Түркмөнстандын ички дүң продуктусунун көрсөткүчү эки эсеге өскөнүн өлкө бийлигинин маалыматынан байкоого болот жана чөлдө жайгашкан өлкөнүн бул экономикалык өсүшү негизинен мунайзат жана газ экспортунун өсүшү менен гана түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Серепчи Федерико Бордонаро үстүбүздөгү жылы мунайдын баасын алдын ала болжолдоп айтуу мүмкүн болбогонун белгилейт. Бордонаро мырзанын айтымында, 1998-1999-жылдары мунайдын бир баррели 9-10 доллар болгон. Он жылдан кийин мунайдын баасы бир кыйла жогорулаган.

Серепчилер Бордонаро жана Эссердин айтымында, мунай жана газдын баасы жакынкы арада кескин ылдыйлабашы ыктымал. Бирок эгерде мунайга болгон баа түшө берсе, бул жагдай Орусиянын экономикасы үчүн бир кыйла түйшүк жаратаар эле, дейт Бордонаро мырза. Анын белгилешинче, Орусия-Грузия жаңжалынан кийин түзүлгөн саясий кырдаал жана мунайга баанын түшө башташы орусиялык каржы базарларына кесепетин тийгизди.

Бордонаро мырзанын айтымында, отун-кубатты экспорттогон өлкөлөр бул жаратылыш байлыгы таптакыр азая элегинде башка да чарба тармактарын чыңдап алууга үлгүрүшү керек.

Азырынча КМШга кирген бул өлкөлөрдө мунай жана газды өндүрүү жана сатуу өзүнүн туу чокусуна жете элек. Алдыдагы беш жылда Батыш жана Чыгышка отун-кубат жеткире ала турган улам жаңы газ куурлары ишке киргизилиши күтүлүүдө.

Демек, “башы оорубагандын кудай менен иши жок” дегендей, бул өлкөлөрдүн азыркы лидерлери алыскы келечекте экономиканын бир тараптуу өнүгүшү эл чарбасына оор кесепет алып келээрин азыр алдын-алып ойлоп да коюшкан жок, дешет Бордонаро сыяктуу Батыш серепчилери.
XS
SM
MD
LG