Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:52

Дүйнөлүк банктын жылдык баяндамасында ишкердикке шарт түзүү боюнча Кыргызстан өткөн жылкы 99-орундан 68-орунга көтөрүлгөнү жарыя кылынды. 181 өлкөнүн тизмесинин башында Сингапур, аны улай Жаңы Зеландия, АКШ, Кытайдын Гонконгу турат. “Doing business” – ишкердикке шарт түзүү боюнча кечээ, 22-сентябрда Бишкекте чоң жыйын өттү.

Дүйнөлүк банктын жылдык баяндамасынын Бишкекте өткөн бетачарында Кыргызстанда ишкердикке шарт түзүү боюнча 10 көрсөткүчтүн үчөөнөн алдыга чыкканы белгиленди. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, товарлардын бажы аркылуу өтүшүн жеңилдетүү жана салык саясатын өзгөртүү аркылуу ишкердикке мындан да жакшы шарт түзүүгө жол ачылганы турат. Анын аркасында банк көрсөткүчтөрү дагы жакшырмакчы. Анткен менен калыптанып калган системаны өзгөртүү кыйла убакыт-саатты талап кылчу жумуш:

- Бул коррупциянын элементи. Ишкердин чиновник алдына келиши, бюрократиялык тоскоолдон өтүшү чоң кыйынчылыктарды жаратып, бизнестин мүмкүндүгүн чектеп турган. Мындан эч ким өз каалоосу менен баш тарткысы келген эмес, - дейт Акылбек Жапаров.

Ишкерлер менен чиновниктер ортосундагы алыш-беришке чек койгон алгачкы аракет оболу курулуш тармагында ишке ашып, анын натыйжасында бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан Дүйнөлүк банк тизмесиндеги эң алдыңкылардын катарына кирүүгө жетишти. “Инвестициялык тегерек үстөл” долбоорунун жетекчиси Равкат Хасановдун пикиринде, Дүйнөлүк банк иликтөөгө алчу 10 көрсөткүчтүн ичинен Кыргызстан үчүн өзгөчө оорго турчу сектор дүйнөлүк соода болгону турат.

- Эмгек мигранттарынан келчү акчанын, чет элдик инвестициянын эсебинен өлкөдө азыр акча арбын. Ошон үчүн жалпысынан экономика өсүп жатат. Албетте, электр энeргия проблемасы ал өсүштү кыйла басаңдатат. Бирок да ал шарт түзүүгө көбүрөөк байланган ишкердик көрсөткүчтөрүнө таасир көрсөтпөйт.

“Кыргыз Концепт” компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев ишкердикке шарт түзүү утурумдук өнөктүккө айланбай, туруктуу иштеши керек, деген пикирде:

- Анткени бүгүн жарыялап коюп, эртең жарым жылдан кийин “жок, биздин каалообуз башкача, биздин кызыкчылыгыбыз башкада экен”, деп паракор чиновниктер бурмалап жибербесе экен деген ой.

Антип чиновниктерден эмитен эле чочулагандар деле биртоп. USAID программасынын жетекчиси Улан Рыскелдиевдин пикиринде, аткаминерлердин жеке кызыкчылыгы аракеттин баарын жокко чыгарып коюшу толук ыктымал. Антишке мыйзамдардын өзү да жол берет.

- Мыйзамдардын кээ бири экинчисине каршы келип, ошондон да проблема чыгып жатат. Мисалы, Салык кодексинен, башка мыйзамдардан проблема чыгат. Бир мыйзам боюнча текшерүүлөр токтолот, экинчиси болсо уруксат берет.

Көпчүлүк мыйзамдарда аткаминердин кызыкчылыгын эсепке алган жагдайлар толтура экенине Америка Кошмо Штаттарынын Соода палатасынын Кыргызстандагы өкүлү Айнура Чолпонкулова да токтолду:

- Салык кодексин алгыла. Анда башка нормативдик документтерге шилтеме берген жерлер көп. Шилтеме берүүчүлүктү башка мыйзамдардан да учуратабыз. Бул чет элдик ишкерге түшүнүксүз. Ал үчүн маанилүүсү - жалгыз эле мыйзам. Башка нормативдик актыларга шылтоону алар түшүнүшпөйт.

“Бизнес жүргүзүү – 2009” бетачары Кыргызстан энергетикалык кризистен кантип чыгуунун алапайын таппай турган кезде шардана болду. Ошондон ал азыркы өкмөттүн мактоого татырлык аракети катары сыпатталууда. Анткен менен, энергетикалык кризис ишкердиктин кендирин кесип, шаабайын суутуп турган кези. Бул жагдай канчага созуларын мартабалуу иш-чарада мамлекет менен өкмөт башчы негедир кеп кылышпады.
XS
SM
MD
LG